ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXIV- сессиясы
2023-жылдын 17-ноябры № 7
Чаткал айыл Өкмөтүнү 2021-2025-жылга бекитилген «Социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин планына» толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чаткал айыл паймагынын АКИАнын аткаруу комиттетинин төрайымы Г.Таированын “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” кошумча каржылоо долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматын, сунушун угуп, талкуулап Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XХIV- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” кошумча каржылоо долбоорунун алкагында өткөрүлгөн 2-циклдын фокс топторунун жыйынтыгы менен “Социалдык-экономикалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүнү чындоо” подкомпонентинин алкагында “Дан эгиндерин оруп жыйноо” көйгөйү артыкчылыктуу көйгөй деп табылгандыгына байланыштуу “Дан-эгиндери багытындадан жыйноочу комбайн жана айыл чарба шаймандарын сатып алуу долбоору” айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга “Социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин планына” толуктоо катары №1 тиркемеге ылайык киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Токтогуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык Чаткал райондук райондук мамлекеттик расмий WWW: сhatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Чаткал айылдык Кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оморовго жүктөлсүн.
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.С. Оморов. |
Чаткал айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга “Социалдык-экономикалык өнүгүү аракеттеринин планына” толуктоо киргизүү боюнча Чаткал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын 17-ноябрь 2023-жылдагы кезектеги XХIV- сессиясы №7 токтомуна тиркеме.
Тиркеме №1
№ | Жергиликтүү долбоордун аталышы | Күтүлүүчү натыйжалар | Ишке ашырылуучу айыл/конуш | Аткаруу мөөнөтү (план) | Жалпы сумма | |
Башталышы (ай, жыл) | Аякташы (ай, жыл) | |||||
1 | “Дан эгиндерин жыйноочу комбайн жана айыл чарба шаймандарын сатып алуу долбоору” | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө шарттар түзүлөт, тамак-аш коопсуздугун алдын алууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, жыңы жумуш орундар түзүлөт. | Жаны-Базар айылы | Сентябрь 2023-жыл | Май 2024-жыл | 88500 АКШ доллары |
Жалпысы: | 88500 АКШ доллары | |||||
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: | К.С.Оморов. |