Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №34
“Шекафтар айылына спорт зал куруу куруу үчүн АПУ, изилдөө (изыскание), топосьемка жумуштарына акча каражатын карап берүү жөнүндө”.
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылына жаштардын бош болгон убактыларын туура пайдалануу менен спортко болгон кызыгууларын өнүктүрүү максатында, жаңы спорт зал куруу зарылдыгы келип чыккандыгын жана АПУ, изилдөө (изыскание), топосьемка жумуштарын жасоого акча каражатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Шекафтар айылына жаштардын бош болгон убактыларын туура пайдалануу менен спортко болгон кызыгууларын өнүктүрүү максатында, жаңы спорт зал куруу зарылдыгы келип чыккандыгын жана АПУ, изилдөө (изыскание), топосьемка жумуштарын жасоого 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен пландан ашыкча аткарылган каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |