Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №35
““АРИС КАSА--1000” агенствосу менен биргеликте түзүлгөн келишимге ылайык, Сумсар айылындагы Сумсар бала бакчасына жаңы эмерек алуу үчүн Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү менен “АРИС КАSА-100 жергиликтүү коомчулукту колдоо, кошумча каржылоо” агенствосунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Сумсар айылындагы Сумсар балдар бакчасы капиталдык ремонттон өтүп жаткандыгына байланыштуу, бала бакчага жаңы керектүү эмеректерди алуу максатында Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтү менен “АРИС КАSА-100 жергиликтүү коомчулукту колдоо, кошумча каржылоо” агенствосунун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, Сумсар айылындагы Сумсар балдар бакчасы капиталдык ремонттон өтүп жаткандыгына байланыштуу, бала бакчага жаңы керектүү эмеректерди алуу максатында долбоор даярдап, Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |