Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №36
“Сумсар бала бакчасына жаңы аталыш берүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар айылындагы Сумсар бала бакчасына жаңы аталыш берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар айылындагы Сумсар бала бакчасына “Ай-балам” мектепке чейинки билим берүү уюму деп атоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы боюнча керектүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |