Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №37
“Шекафтар айылындагы 50 га жер аянтын башка багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы 50 га жер аянтын турак-жай салуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак-жай салуу үчүн трансформациядан чыгаруу жана Сумсар, Шекафтар айылдарынын башкы планын даярдатуу зарылдыгына байланыштуу Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап,Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шекафтар айылындагы 50 га жер аянты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак-жай салуу үчүн трансформациядан чыгарылсын жана Сумсар, Шекафтар айылдарынын башкы пландары даярдалсын.
2. Чаткал райондук өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин 2023-жылдын 19-декабрындагы №6 протоколу менен бөлүнгөн 3000000 (үч миллион) финансы каражатынын ичинен 600 000 (алты жүз миң) сом Шекафтар айылындагы 50 га жерди трансформациялоо боюнча башкы планын даярдоого жумшалсын жана калган 2 400 000 (эки миллион төрт жүз мин) сом Терек-Сай айыл аймагына караштуу Сумсар жана Шекафтар айылдарынын башкы планын жасатууга жумшалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |