Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 13-сентябры № 558
Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы инфекциялык оорулар менен ооруп калуунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жана профилактикалык эмдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмегин бекитүү жөнүндө
"Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы инфекциялык оорулар менен ооруп калуунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жана профилактикалык эмдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) Милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрдүн тизмегин бекитсин;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагында аткарылышы инфекциялык оорулар менен ооруп калуунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жана профилактикалык эмдөөлөрдү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылган иштердин ТИЗМЕГИ
1. Адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз аймактарда топуракты казуу жана жылдыруу боюнча айыл чарба, гидромелиорациялык, курулуш жана башка иштер, даярдоо, өнөр жайлык, геологиялык, изилдөө, экспедициялык, дератизациялык жана дезинсекциялык иштер.
2. Адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз аймактарда жыгач даярдоо, токойду тазалоо жана абаттоо, калктын ден соолугун чыңдоо жана эс алуу зоналары боюнча иштер.
3. Адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз чарбалардан алынган мал чарбасынын чийки заттарын жана продуктуларын даярдоо, сактоо, кайра иштетүү боюнча уюмдардагы иштер.
4. Адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар менен ооруган малды союу, андан алынган этти жана эт азыктарын даярдоо жана кайра иштетүү боюнча иштер.
5. Адам жана жаныбарлар үчүн жалпы инфекциялык оорулар боюнча жагымсыз мал чарбаларында жаныбарларды багуу жана мал чарба объекттерин тейлөө менен байланышкан иштер.
6. Кароосуз калган жаныбарларды кармоо жана багуу боюнча иштер.
7. Канализация курулмаларын, жабдууларды жана тармактарды тейлөө боюнча иштер.
8. Инфекциялык оорулар менен ооругандарды тейлөө боюнча иштер.
9. Инфекциялык оорулардын тирүү козгогучтары менен иштер.
10. Адамдын каны жана биологиялык суюктуктары менен иштер.
11. Билим берүү мекемелеринин бардык типтериндеги жана түрлөрүндөгү иштер.