Редакцияот 17.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 2021-жылдын 17-апрели № 110

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо тийиштүү аймактарда аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруусунун жол-жоболорун жөнгө салуу жана тактоо максатында "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 31-октябрындагы № 183 токтому менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 5.11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Шайлоо мыйзамдарын бузуу аныкталгандыгынын натыйжасында добуш берүү күнүнөн кийин саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттоо жокко чыгарылган учурда, ошол саясий партия үчүн добуш берилген шайлоо бюллетендери анык эмес деп таанылат. Депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүнү эсептөө үчүн шайлоонун натыйжаларын аныктоодо каттоосу жокко чыгарылган саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси үчүн берилген шайлоочулардын добуштары добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын санынан эсебинен чыгарылат.".

2. Ушул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова