АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 19-2
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-кварталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-кварталынын жергиликтүү бюджетинин сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, Ак-Коргон айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 4-кварталынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө айылдык кеңештин бюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Ак-Коргон айылдык кеңешинин финансы экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |