Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 19-3
Ак-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгына караштуу №21 “А.Д Балтагулова” атындагы кесиптик лицейдин диретору Кулбаева Зулайка Эшматовнага Ак-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында көп жылдар боюу эмгектенип, татыктуу кесип ээлерин тарбиялап жана жетиштирип, мамлекетибиздин келечеги үчүн татыктуу көрсөткөн кызматтары үчүн № 21 “А.Д.Балтагулова” атындагы кесиптик лицейдин директору Кулбаева Зулайка Эшматовнага Ак-Коргон айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
4. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Туманбаевга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |