Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 558 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 26-октябры № 231
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пандемиясына байланыштуу калктын ден соолугун сактоону камсыз кылуу, эпидемияга каршы жана профилактикалык иш-чараларды уюштуруу максатында, "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-декабрындагы № 800 "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу ооруларга чалдыгуу коркунучу бар аткарылышына байланышкан жана алдын алуу эмдөөлөрдү сөзсүз өткөрүүнү талап кылган иштердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Маданият, эс алуу жана спорт чөйрөсүндөгү уюмдарда иштөө (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдар аянтчалары, балдар лагерлери, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекстер, фитнес-клубдар).".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 2-ноябрындагы № 113-114 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |