Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 19-5

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы №9 “Т.Жоробаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратынын 2-этабын оңдоо жөнүндө

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы №9 “Т.Жоробаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоо үчүн Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы №9 “Т.Жоробаев” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин эски имаратын капиталдык оңдоо үчүн туртку берүүчү грантка өздүк салым катары 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 986 958 (тогуз жүз сексен алты миң тогуз жүз элүү сегиз) сом акча каражатын берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүүнүайыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

  

Төрага

Т.Хамракулов