Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 35/1
Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кээ бир беренелердеги каражаттарды кайра бөлүштүрүү жөнүндө.
Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Р.Султанова, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчиси Б.Тажиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесин жетекчилике алып, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин бош калган калган каражатынын, Шамшы бала-бакча раздельинин 3111 статьясындагы 3 302 401 миң сом акча каражатынан учурдагы зарылчылыкка байланыштуу:
-700 000 (жети жүз миң)сомун Шамшы айылындагы Таза-Суу оңдоо ишине 3112статьясына которулсун.
-2 602 401сомду Шамшы Балдар ойноочу аянтчасына 3111 статьясына которулсун.
2. 2024-жыл аягындагы бош калган каражаттын баардыгы Кум-Дөбө айылында салына турган Кулубка жумшалсын.
3. Акча каражаттарын эсептеп беренелерге которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы – башкы эсепчиси Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жана өз максатында жумшоо жагы Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго тапшырылсын.
Төрага | М. Чолпонкулов |