АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28- чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин кезектеги 19- сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 19-7
Ак-Коргон айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын АКИА АКнын төрагасы Ш.Стамбеков “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча кеңири маалыматын, сунуш катын угуп жана талкуулап, Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “CASA-1000 Жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында өткөрүлгөн 2-циклдын фокус-топторунун жыйынтыгы менен “Социалдык-экономикалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрүн чыңдоо” подкомпонентинин алкагында Падек айылында №11 Чолпон бакчасын капиталдык оңдоодон өткөрүү жана кошумча имарат куруу” көйгөйү артыкчылыктуу көйгөй деп табылсын жана айыл аймагынын 2022-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин.
2. Токтомго тиешелүү документтерди тактап берүү жана аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго тапшырылсын.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Хамракулов |