Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28- чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
2023-жылдын 27-ноябры № 19-8
Ак-Коргон айыл аймагындагы Касан-Ак-Коргон авто жолун баланстан баланска өткөрүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Касан-Ак-Коргон автоунаа жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана комуникация министрлигинин балансына өткөрүп берүү максатында Ак-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 28- чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Касан-Ак-Коргон багытындагы жалпы 10 км узундуктагы автоунаа жолун Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн балансынан Кыргыз Республикасынын Трнспорт жана комуникация министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ак-Коргон айылдык кеңешинин 10.10.2023-жыл кезектен тышкары 18-сессиясында кабыл алынган №18-3 токтомужокко чыгарылсын.
3. Токтомго тиешелүү документтерды тактап берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.
4. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Хамракулов |