Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28- чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 19-9

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Балапан” балдар бакчасынын имаратын капиталдык оңдоо үчүн Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө

 

Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Балапан” МЧББУнун имаратын капиталдык оңдоо үчүн Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоого макулдук берүү максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Балапан” балдар бакчасынын имараты капиталдык оңдоо үчүн Ала-Бука райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.

2. Токтомго тиешелүү документтерды тактап берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Т.Хамракулов