Редакцияот 27.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

 

Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28- чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы

 

2023-жылдын 27-ноябры № 19-10

 

Ала-Бука райондук жергиликтүү кеңешинин депутаттары арасында өткөрүлүүчү мелдешке акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Айылдык кеңештин депутаттары арасында ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо образын кеңири жайылтуу, спорттун түрлөрүнө кызыгууну артыруу жана кесиптик пикир, тажрыйба алмашуу максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 19- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Коргон айыл аймагында 2023-жылдын декабрь айында райондук жергиликтүү кеңештин депутаттары арасында спорттук мелдешти өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомго тиешелүү документтерды тактап берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Кадировго жүктөлсүн.

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

  

Төрага

Т.Хамракулов