КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 35/4
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн муниципалдык жолдорго ылдамдыкты азайтуучу дөңчө орнотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Тоо айылындагы Шарыпбек Абдылдаев атындагы орто мектептин тушундагы мунципалдык жолго жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмөк (зебра)жана ылдамдыкты азайтуучу дөңчө орнотууга макулдук берилсин.
2. Кара-Тоо айылындагы “Жакшылык”дүкөнүнүн тушундагы мунципалдык жолго ылдамдыкты азайтуучу дөңчө орнотууга макулдук берилсин.
3. Бугучу айылындагы М.Байсабаев көчөсүндөгү мунципалдык жолго ылдамдыкты азайтуучу үч (дөңчө) орнотууга макулдук берилсин.
4. Тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.
Төрага | М. Чолпонкулов |