Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлуну №38
“Чаткал-Ала-Бука токой чарбаларына караган 126 га жер аянтын башка багытка которуу (трансформациялоо) жөнүндө.”
Чаткал –Ала-Бука токой чарбаларына караган 126га жер аянтын Терек-Сай айыл аймагында турак-жай салууга кезекке турган тургундардын кескин жогорулап бара жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, турак-жай салуу үчүн трасформациядан чыгаруу зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Чаткал –Ала-Бука токой чарбаларына караган 126га жер аянтын Терек-Сай айыл аймагында турак-жай салууга кезекке турган тургундардын кескин жогорулап бара жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак-жай салуу үчүн трансформациядан чыгарылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |