Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №39
“Эмгек ардагерлерин эс алдырып келүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы эли -жерине эмгеги сиңген, айылыбыздын кадырлуу ардагерлерин Ташкент, Самарканд шаарларына кыдыртуу менен эс алдырып келүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы эли -жерине эмгеги сиңген, айылыбыздын кадырлуу ардагерлерин Ташкент, Самарканд шаарларына кыдыртуу менен эс алдырып келүү максатында 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттен пландан ашыкча аткарылган каражаттын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |