Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №40
“Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектептин жанындагы эски курулуштун имаратын бузуу жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектептин жанында бүтпөгөн курулуштун имаратында арматуралар оркоюп чыгып, окуучулар үчүн кооптуу болуп тургандыктан, окуучулардын коопсуздугу үчүн бүтпөгөн имаратты бузуп таштоо зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар жалпы орто билим берүүчү мектептин жанында бүтпөгөн курулуштун имаратында арматуралар оркоюп чыгып, окуучулар үчүн кооптуу болуп тургандыктан, окуучулардын коопсуздугунун алдын алуу максатында бүтпөгөн имаратты бузуп салуу Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |