Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №41
“Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинен чыккан токтомдорду мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн Ааймактык территориалдык реформага байланыштуу “Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши “болуп кайрадан жаңы уюшулгандыктан, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинен чыккан токтомдорду мамлекеттик тилде кабыл алуу боюнча токтом кабыл алып берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Анарбаеванын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 бөлүмү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин №370 Жарлыгына ылайык Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинен чыккан токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Анарбаевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |