Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №42
“Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебин капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мекемесинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгы боюнча аталган мектептин директору Г.Шералиеванын билдирүүүнө ылайык, акча каражат карап берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мекемесинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү зарылдыгына байланыштуу атайын долбоор даярдап, мүмкүнчүлүккө жараша жумуштун аткарылышынан түшкөн каражаттардын эсебинен каражат карап берүү жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер, маданият, спорт, жаштар иштери жана коомдук уюмдар менен иш алып баруу боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |