Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №43
““Сумсар” балдар бакчасындагы эскирген шейшептерди жаңылоо жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Сумсар мектепке чейинки билим берүү уюуму ” мекемесинде балдар уктоочу бөлмөдөгү шейшептердин эскилиги жеткендигине байланыштуу, жаңылоо зарылдыгы боюнча аталган бала бакчанын жетекчиси Н.Баимбетованын билдирүүсүнө ылайык, шейшептерди жанылоо зарылдыгына байланыштуу акча каржатын карап берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу “Сумсар мектепке чейинки билим берүү уюуму ” мекемесинде балдар уктоочу бөлмөдөгү шейшептердин эскилиги жеткендигине байланыштуу жаңылоо үчүн 280 000 ( эки жүз сексен миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин..
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |