Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №44
““Чаткал райондук элге билим берүү башкармалыгынын кайрылуусуна ылайык “Бүчүр мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин жетекчиси Г.Камчыбекованын кызмат ордун кароо жөнүндө”.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин жетекчиси,айылдык кеңештин депутаты Г.Камчыбекованы көп жылдан бери бир эле мекемеде жетекчи болуп иштеп келе жаткандыгына байланыштуу, Чаткал райондук элге билим берүү башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын 28-май 273-токтомунун, Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин 21-июлундагы 944/1 буйругуна негиздеп , кызмат ордунан бошотуу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемесинин жетекчиси, айылдык кеңештин депутаты Г.Камчыбекованы көп жылдан бери өзү түптөгөн мекемеде жетекчи болуп иштеп, элге эмгеги сингендиги жөнүндөгү эмгек жамаатынын, ата-энелердин кайрылууларын эске алуу менен, айылда жаңы ачылып жаткан “Учур мектепке чейинки билим берүү уюуму” мекемесине директордун убактылуу милдетин аткаруучу кызматына дайындоо жагын Чаткал райондук элге билим берүү башкармалыгына сунуштайт.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |