АК-БЕШИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Бешим айылдык кеңешинин кезексиз IV отуруму
2023-жылынын 5-сентябры №23-т
Муниципалдык ишкана ачуу боюнча макулдук берүү жана кээ бир жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жөнүндө
Муниципалдык ишкана ачуу боюнча Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдырасуловдун сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65 беренесине, “Мамлекеттик мүлк жана муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 16 беренесине ылайык Ак-Бешим айылдык Кенешинин депутаттары төмөндөгүдөй
Токтом кылат:
1.Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Ак-Бешим айыл аймагында муниципалдык ишкана ачуу боюнча макулдук берилсин.
- калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
-турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жыйноону утилдештирүүнү уюштуруу;
-жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандарууну жалпы пайдаланууну уюштуруу;
-каада салттык кызмат көрсөтүүлөрдү жана көрүстөндүн иштешин камсыз кылуу;
-коомдук пайдалануу жерлерди көрктөндүрүу жана жашылдандыруу;
-иче турган таза суу менен жергиликтүү калкты камсыздоо;
-парк, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайынын иштешин камсыздоо, эс алуу үчүн шарттарды түзүү;
-калктуу конуштарда канализациянын жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
2.Ак-Бешим айыл өкмөтү:
-муниципалдык ишкананын уюштуруучусу катары чыгууга ;
- муниципалдык ишкананын уставын иштеп чыгуу жана бекитүү;
-юстиция органынан белгиленген тартипте каттоодон өткөрүү;
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну бюджет жана финансы боюнча айылдык кенештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Ж.Наматбеков |