Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №45
““Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карашту Сумсар балдар искусство мектебине ыйгаруу жөнүндө.”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар балдар искусство мектебинде 35 жыл иштеген Джороев Мамадали Курманбековичтин маданият тармагында көп жыл эмгектенген эмгегин эске алуу менен аталган искусство мектебине наамын ыйгаруу жөнүндөгү уулу Курманбеков Санжар менен кызы Джороева Махабаттын, эмгек жамаатынын, жергиликтүү тургундардын кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Сумсар айылындагы Сумсар балдар искусство мектебине көп жылдык эмгеги сиңген Джороев Мамадали Курманбековичтин наамын ыйгаруу сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Көлбаевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |