Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VII- чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXV сессиясы
2024-жылдын 5-сентябры № 35/5
«Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын негизинде «Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» Жобонун Кум-Дөбө айыл аймагына ылайыкташтырылып иштелип чыккандыгы жөнүндө маалыматын эске алып Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловдун сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кум-Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын«Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө» Жобо бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып баруу жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго милдетендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарба,жер реформасы,байланыш, курулуш, турак жай жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Чолпонкулов |