Загрузка документа…
t
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 7-августу № 162
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 463-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- чарбакер субъекттердин монополияга каршы мыйзамдарга карама-каршы келген иш-аракеттеринде керектөө бааларын жогорулатуу (төмөндөтүү) белгилери боюнча, социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салууда, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын жүйөлөштүрүлгөн сунуштамасы боюнча монополияга каршы мамлекеттик орган. Монополияга каршы мыйзамдар жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контроль жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 2-статьянын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2-берене.
"Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) биринчи абзацта "юридикалык жана жеке жактар" деген сөздөр "юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"Ушул Мыйзамдын жоболору ата мекендик жана/же чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жетишилген макулдашууларга, ошондой эле эгерде мындай макулдашуулар же аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасир этсе, алар жасаган аракеттерге карата колдонулат. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү жолу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери транс аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат.";
2) 2-1-беренеде:
а) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Улуттук банк Улуттук банктын көзөмөлүндө болгон жактардын ишин монополияга каршы жөнгө салууну жүзөгө ашырат.";
3) 3-беренеде:
а) жыйырма бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"чарба жүргүзүүчү субъект - юридикалык жактарды каттоо жана лицензиялык-уруксат берүү тутумунун чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоого жана (же) лицензияланууга тийиш болгон, өзүнө киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырган коммерциялык уюм жана коммерциялык эмес уюм чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырган, салык мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер;";
б) жыйырма сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) расмий тилдеги отуз төртүнчү жана отуз бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"координация экономической деятельности - согласование действий хозяйствующих субъектов третьим лицом, не входящим в одну группу лиц ни с одним из таких хозяйствующих субъектов и не осуществляющим деятельность на том товарном рынке (товарных рынках), на котором осуществляется согласование действий хозяйствующих субъектов. Не являются координацией экономической деятельности действия хозяйствующих субъектов, осуществляемые в рамках вертикальных соглашений;
конкурентная цена финансовой услуги - цена, по которой финансовая услуга может быть оказана в условиях конкуренции;";
г) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"картель - өндүрүштүн көлөмү, баалар, сатуу рыногундагы үлүшү жана башкалар боюнча бардык катышуучулар үчүн милдеттүү шарттар белгиленүүчү бир тармактагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирикмеси. Картелдик макулдашууга кирип жаткан чарба жүргүзүүчү субъекттер өздөрүнүн юридикалык жана чарбалык өз алдынчалыгын сактап калышат.";
4) 4-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ар бир чарба жүргүзүүчү субъекттин же бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин (финансылык уюмдарды кошпогондо) ага карата жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылуучу абалы үстөмдүк кылуучу абал деп таанылат:
1) үчтөн ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 50 пайыздан ашса, мында алардын ар биринин үлүшү бул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көп болсо, же бештен ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жыйынды үлүшү 70 жана андан ашык пайызды түзсө, мында алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнөн көп болсо (эгерде көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин жок дегенде биринин үлүшү 10 пайыздан аз болсо, ушул жобо колдонулбайт);
2) узак мезгил аралыгында (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо, тиешелүү рыноктун иштөө мөөнөтүндө) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырмалуу өлчөмдөрү өзгөрүлбөсө же анча маанилүү эмес өзгөрүүлөргө дуушар болсо, ошондой эле жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рынокко кирүүсү кыйын болсо;
3) мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер (рынок субъекттери) тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товар керектелгенде (анын ичинде өндүрүштүк максаттарда керектелгенде) башка товар менен алмаштырылбаса, товардын баасынын өсүшүнүн бул товарга суроо-талаптын төмөндөшүнүн мындай деңгээлине ылайыктуулугу шартталбаса, тиешелүү товардык рынокто бул товардын баасы, жактардын белгисиз чөйрөсү тарабынан сатуу же сатып алуу шарттары жөнүндө маалымат жеткиликтүү болсо.";
5) 7-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Чарба жүргүзүүчү субъекттер - атаандаштар, башкача айтканда бир товардык рынокто товарларды сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер же бир товардык рынокто товарларды сатып алууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттер картель деп таанылат, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты чектөөгө алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, алардын ортосундагы горизонталдык макулдашууларга, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган макулдашууларга тыюу салынат:";
6) 9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:
"6. Мамлекет атаандаштык рыногунда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу мамлекеттик экономикалык кызыкчылыктардын, улуттук коопсуздуктун жана калктын саламаттыгын сактоонун абалына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон иш чөйрөлөрүндөгү атаандаштыкты товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө жана (же) сатууга, сатып алууга же аны пайдаланууга мамлекеттин өзгөчө укугун бекитүү аркылуу мыйзам менен чектөөгө укуктуу.
Товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө, сатууга жана сатып алууга мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө мыйзам ал кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес күчүнө кирет.";
7) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Монополияга каршы органдын кызматкерлеринин маалымат алууга укуктары
1. Монополияга каршы органдын кызматкерлери монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө арыздарды жана иштерди кароодо, аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык экономикалык концентрацияга жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүлүшүнө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда, алар кызматтык күбөлүктөрүн жана монополияга каршы органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) чечимин көрсөтүү менен зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алуу үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана алардын бирикмелерине тоскоолдуксуз кирүүгө, анын ичинде электр байланыш операторлорунун маалымат базаларын (маалымат тутумдарын) кошпогондо, автоматташтырылган маалымат базаларынын (маалымат тутумдарынын) маалыматтарын алууга укуктуу.
2. Коммерциялык, кызматтык, мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалымат монополияга каршы органга Кыргыз Республикасынын коммерциялык сыр жөнүндө мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык берилет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 27-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |