КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-ноябры № 34/VII
Айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы калктуу конуштардан таштанды чыгаруу үчүн тѳлѳмдүн ставкасын бекитүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1 жана 12-3 беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27–беренесинин 11-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын аймагынан таштанды чыгаруу үчүн акы киргизилсин.
2. 2024-жылга калктуу пункттун аймагынан таштанды чыгаруу үчүн тѳлѳм ставкасы юридикалык жактардан ар бир кызматкерге 100 сомдон бекитилсин.
3. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет бюджет комиссиясына, киреше салыгы боюнча башкы адис Д.К.Койчукеевага жана жетектѳѳ адисине Н.М.Туленовага жүктөлсүн.
6. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Е.С.Попуца |