Загрузка документа…
КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 17-ноябры № 33/VII
Зоналдык айыл чарба эмес салыкты эсептѳѳ үчүн зоналдык
коэффициентти бекитүү жѳнүндѳ
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке ашыруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 339-беренесинин 4 пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн нормаларынын аткарылышын контролдоо максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы;
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл ѳкмѳтүнүн аймагындагы зоналдык коэффициент 2024-жылдын 1-январынан тартып айыл чарба багытында эмес жер салыгы 1,2 ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин бюджет бюджет комиссиясына, киреше салыгы боюнча башкы адис Д.К.Койчукеевага жана жетектѳѳ адисине Н.М.Туленовага жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | Е.С.Попуца |