Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 6-сентябры № 544
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "Агросмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесине өзгөртүп түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасы кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
6 | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги | 5876 | 950 |
| анын ичинде: |
|
|
| борбордук аппараты: | 134 | 21 |
| аймактык бөлүмдөрү | 173 | 45 |
| ведомстволук бөлүмдөрү | 5569 | 884 |
".
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасында "1 - 344-тиркемелер" деген сөздөр "1 - 345-тиркемелер" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакциядагы 345-тиркеме менен толукталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 6-пункттун 14-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 25-тиркемеге ылайык;";
2) жогоруда аталган токтомдун 25-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-январындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларынын иштешин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин ишин камсыз кылуу үчүн 2024-жылы "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардан 50000000 (элүү миллион) сом бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын;
3) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларынын иштешин жана "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин ишин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесине берилүүчү өлчөмдө финансы каражаттарын жыл сайын республикалык бюджетте карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларынын жана техникалык каражаттарынын оператору болуп аныкталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:
1) кайра уюштурулган юридикалык жактын өткөрүп берүү актысын бекитсин;
2) белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кайра уюштурулган юридикалык жакты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону камсыз кылсын;
3) өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
4) бул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу-техникалык, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 24,15 |
2 | Долбоордун координатору | 21,30 |
3 | Башкы бухгалтер (сатып алуучу) | 14,20 |
4 | Юрист (иш кагаздарын жүргүзүүчү, кадрлар боюнча адис) | 14,20 |
5 | Дизайнер | 11,36 |
6 | Бизнес-аналитик | 14,20 |
7 | Программист | 21,30 |
8 | Кенже программист | 11,36 |
9 | Системалык администратор (маалыматтар базасынын администратору, маалыматтык коопсуздук) | 21,30 |
10 | Долбоорлоо жана тестирлөө боюнча адис | 11,36 |
".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - мамлекеттик мекеме) ишин регламенттейт.
2. Мамлекеттик мекеме, анын ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону камсыз кылган, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) ведомстволук мекемеси болуп саналат.
Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" санариптештирүү жана маркетинг борбору" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат.
3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик мекеменин уюштуруу документи болуп ушул Жобо саналат. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
Ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мекеменин ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүзөгө ашырат.
5. Мамлекеттик мекеменин толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу "АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси";
2) расмий тилде: "Государственное учреждение "АгроСмарт" при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики";
3) англис тилде: "AgroSmart" state institution under the Ministry of water resources, agriculture and processing industry of the Kyrgyz Republic".
6. Кыскартылган фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "АгроСмарт" ММ";
2) расмий тилде: "ГУ "АгроСмарт";
3) англис тилинде: "AgroSmart" SI".
7. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 "А".
8. Мамлекеттик мекеме республикалык бюджеттен каржылануучу ыкчам башкаруу укугунда мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штампы, бланктары, логотиби, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган башка атрибуттары бар, Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачууга укуктуу.
9. Мамлекеттик мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат, өз алдынча балансы бар, келишимдерди түзүүгө жана бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык милдеттерди аткарууга укуктуу.
10. Мамлекеттик мекеме ыйгарым укуктуу органдын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын автоматташтырылган маалыматтык системаларын өнүктүрүү, техникалык колдоо жана модернизациялоо боюнча жалгыз кызмат көрсөтүүчү болуп саналат.
2-глава. Мамлекеттик мекеменин максаты, милдеттери жана функциялары
11. Мамлекеттик мекеменин ишинин максаты ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген чөйрөдө санариптик продуктуларды иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо аркылуу маалыматтык инфратүзүмдү өнүктүрүү жана тейлөө болуп саналат.
12. Мамлекеттик мекеменин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системаларын түзүү, өркүндөтүү, коштоо жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
2) программалык продуктуларды жана маалыматтык системаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
3) зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу орган, анын ведомстволук бөлүмдөрү жана уюмдары өздөрүнүн функцияларын аткарууга байланыштуу пайдаланган материалдык-техникалык базаны камсыз кылуу жана коштоо;
4) өз компетенциясынын чегинде калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
5) ыйгарым укуктуу органдын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чөйрөлөрдө маалыматтык-техникалык камсыздоо жана санариптик технологияларды модернизациялоо;
6) ушул Жободо көрсөтүлгөн максатка жетүү жана функцияларды аткаруу.
13. Мамлекеттик мекеме ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларынын жана техникалык каражаттарынын операторунун функцияларын жүзөгө ашырат.
14. Мамлекеттик мекеменин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жаатында:
- ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системаларын, ресурстарын жана маалымат базаларын, анын ичинде эл аралык маалымат системаларына интеграциялангандарын түзүү, колдоо, өркүндөтүү жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- ыйгарым укуктуу органга, анын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты жүргүзүүгө жана аларды санариптик трансформациялоого көмөк көрсөтүү;
- айыл чарба, балык чарба, суу пайдалануу, жер пайдалануу, жайыт пайдалануу, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба рынокторун жөнгө салуу тармактарын өнүктүрүү багытында маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү;
- программалык камсыздоо продуктуларын иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана техникалык коштоо;
- электрондук башкаруу, маалыматташтыруу, электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка электрондук жана мобилдик тиркемелер чөйрөсүндө долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- программалык продуктуга техникалык талаптарды иштеп чыгуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маалыматтык системасынын программалык камсыздоосун техникалык колдоо;
- функционалды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен маалыматтык системалардын иштешинин натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү;
- айыл чарба, балык чарбасы, суу пайдалануу, жер пайдалануу, жайыт пайдалануу, тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарба рынокторун жөнгө салуу чөйрөсүндө автоматташтыруу милдеттерин иштеп чыгуу үчүн программалык продуктуну киргизүү;
- ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын программалык-аппараттык каражаттарын системалык-техникалык тейлөө жана маалыматтык системасын коштоо;
- маалыматтык системанын программалык продуктуларын коштоону жана тестирлөөнү уюштуруу жаатындагы изилденген ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбанын негизинде маалыматты иштеп чыгуунун технологиялык схемаларын өркүндөтүү жана өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүү;
- ыйгарым укуктуу органга колдонулган программалык камсыздоо боюнча практикалык жана методикалык жардам көрсөтүү, ыйгарым укуктуу органдын, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын кызматкерлерин маалыматтык технологиялардын көндүмдөрүнө окутуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу;
- агрардык тармакта бирдиктүү маалыматтык мейкиндиктин иштешин жана өнүгүшүн камсыз кылуу максатында маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана жайылтуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана коштоого алынган маалыматтык системалардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүү;
- маалыматтык системалардын программалык-аппараттык комплексин иштетүү, киргизүү, коштоо жана тейлөө, иштелип чыккан программалык продуктуларды башкаруу жана техникалык колдоо боюнча иштерди аткаруу;
- ыйгарым укуктуу органды, анын ведомстволук бөлүмдөрүн жана уюмдарын санариптештирүүгө көмөк көрсөтүү;
- маалыматташтыруу процесстерин өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын жана иштин ар кандай чөйрөлөрүндө маалыматташтыруу боюнча жумуштарды жүргүзүүнүн артыкчылыктарын эске алуу менен маалыматташтыруу чөйрөсүндө саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
- маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
2) консультациялык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө:
- маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, коштоо жана пайдалануу үчүн кадрларды окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
- мамлекеттик мекеменин компетенциясына кирген маселелер боюнча конференцияларды, семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
- ыйгарым укуктуу органга, анын ведомстволук бөлүмдөрүнө жана уюмдарына суралган тармактар боюнча консультациялык кызматтарды көрсөтүү;
3) мамлекеттик мекемени өнүктүрүү жаатында:
- ыйгарым укуктуу органдын социалдык программаларын ишке ашырууга катышуу;
- колдонуудагы маалыматтык системаларды техникалык коштоо;
- бирдиктүү ачык маалыматтык-коммуникациялык системаны (Интернет-сайтын) түзүү, өнүктүрүү жана эксплуатациялоо боюнча иштерди уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген чектерде жарандардын жана уюмдардын маалыматка жетүү укуктарын ишке ашыруу;
- маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө кызматтардын комплексин көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык органдарына ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү кызматтарын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылуу;
- маалыматтык системалардын ээлеринин макулдугу менен маалыматтык системалардын жана ресурстардын абалына мониторинг жүргүзүү;
- санариптик трансформациялоо, ошондой эле программалык продуктуларды бөлүштүрүү процессинде калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүнүн инновациялык методдорун, техникалык чечимдерин жана ыкмаларын киргизүү;
- киреше алуу жана мамлекеттик мекеменин максаттарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана мамлекеттик мекеменин максаттарына ылайык башка кызматтарды көрсөтүү.
3-глава. Мамлекеттик мекеменин укуктары жана милдеттери
15. Мамлекеттик мекеме ушул Жободо аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар өз атынан алууга жана милдеттерди аткарууга, сотто доогер жана жоопкер катары чыгууга;
2) мамлекеттик мекеменин алдында коюлган милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жана жеке жактардан накталай эмес жана накталай эсептешүү менен материалдык ресурстарды, мүлктү, программалык камсыздоону, анын ичинде негизги каражаттарды сатып алууга, алууга;
4) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерине консультация берүү, окутуу жана башка максаттар үчүн келишимдик негизде адистерди белгиленген тартипте тартууга;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык баланста турган мүлктү ыкчам башкаруу, ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугунун негизинде ишке ашыруу;
6) мамлекеттик мекеменин максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдерин, мөөнөттүү эмгек келишимдерин, подряддык келишимдерди жана башка жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө;
7) кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө жана социалдык-тиричиликтик камсыздоого багытталган каражаттардын көлөмүн белгиленген тартипте аныктоого;
8) жараксыз абалга келген жабдууларды жана башка мүлктөрдү баланстан чыгарууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аларды сатуу үчүн баалоого;
9) ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасы боюнча кеңешмелердин, конференциялардын жана башка иш-чаралардын ишине катышууга;
10) жарнама таратуучусу катары чыгууга;
11) жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн продукциясын брендге айландыруу жана сапатын баалоо боюнча консультацияларды берүүгө;
12) белгиленген тартипте маркетинг, соода-сатып алуу жана ортомчулук иштерин жүргүзүүгө;
13) өз компетенциясынын чегинде калкка, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин уюштуруу-укуктук түрүнө карабастан юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге белгиленген тартипте акы төлөнүүчү негизде кызматтарды көрсөтүүгө;
14) мамлекеттик мекеменин милдеттерин аткаруу үчүн башка субъекттерди тартууга, анын ичинде башкы подрядчы катары чыгууга;
15) электрондук башкаруу инфраструктурасын түзүү, өзгөртүү жана модернизациялоо боюнча сунуштарды киргизүүгө;
16) рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого;
17) программалык продукттарды түзүүгө, модернизациялоого, тестирлөөгө, коштоого жана өнүктүрүүгө;
18) мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин, анын ичинде жетекчилигин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн жөнөтүүгө;
19) өз милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташууга жана эл аралык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын белгиленген тартипте тартууга;
20) кызмат көрсөтүүлөрдөн жана жумуштарды аткаруудан алынган кирешелерди тескөөгө;
21) зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте мамлекеттик мекеменин ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
22) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда өзүнө таандык жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга ижарага берүүгө;
23) мамлекеттик мекеменин эсебинен кошумча окууга жөнөтүү аркылуу кызматкерлердин квалификациясынын деңгээлин жогорулатууга;
24) ушул Жободо көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
4-глава. Мамлекеттик мекеменин милдеттери жана жоопкерчилиги
16. Мамлекеттик мекеме төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик мекеменин ушул Жободо белгиленген милдеттерин ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу органдан жазуу жүзүндө тапшырмалары аркылуу ыйгарым укуктуу органга зарыл болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга;
2) өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктү сактоо боюнча зарыл болгон чараларды көрүүгө;
3) ыйгарым укуктуу органга өзүнүн иши жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө;
5) өзүнүн өнүгүү перспективаларын аныктоого жана чарба чечимдерин кабыл алууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырды жана купуя маалыматтарды коргоону камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин аткарууга;
8) ушул Жободо аныкталган бардык талаптарды жана милдеттерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну камсыз кылууга.
17. Мамлекеттик мекеменин кызматкерлери өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Мамлекеттик мекемени башкаруу
18. Мамлекеттик мекеменин ишин координациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
19. Мамлекеттик мекемени башкарууну Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жүзөгө ашырат.
20. Директордун укуктары, милдеттери бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат жана ушул Жобонун негизинде иштейт.
21. Директор мамлекеттик мекемеге жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
22. Директор болбогон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык сапар, окуу ж.б.) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда анын ыйгарым укуктарын мамлекеттик мекеменин долбоорунун убактылуу координатору аткарат. Мамлекеттик мекеменин финансы документтерине кол коюу укугу мамлекеттик мекеменин тиешелүү буйругунун негизинде долбоордун координаторуна өтөт.
Долбоордун координатору директордун буйругу менен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
23. Мамлекеттик мекеменин бухгалтери мамлекеттик мекеменин директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, директорго түздөн-түз баш иет, жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктардан пайдаланат.
24. Директор ушул Жобо менен белгиленген өзүнүн компетенциясынын чегинде, ыйгарым укуктуу органдын чечимдери жана мамлекеттик мекеменин ички документтери менен:
1) мамлекеттик органдар, жарандар жана юридикалык жактар менен мамилелерде мамлекеттик мекеменин кызыкчылыктарын коргойт;
2) мамлекеттик мекеменин мүлкүн, акчалай жана валюталык каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана жылдык өндүрүштүк-финансылык программада белгиленген тартипте тескейт;
3) Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мамлекеттик мекеменин атынан макулдашууларды, келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзөт;
4) мамлекеттик мекеменин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
5) ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча мамлекеттик мекеменин штаттык расписаниесин жана түзүмүн бекитет;
6) кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт, алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик мекеменин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
8) өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди сыйлайт, тартиптик жазаларды колдонот;
9) өзгөчөлөнгөн кызматкерлерди мамлекеттик сыйлыктарга жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан сыйлоо үчүн көрсөтөт;
10) кызматкерлерди иш сапарларга жөнөтөт;
11) ички эмгек тартибин, ошондой эле мамлекеттик мекеменин ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды аныктайт жана бекитет;
12) белгиленген талаптарга ылайык мамлекеттик мекеменин эсепке алуу жана отчеттуулук, бухгалтердик иши, отчетторду, баланстарды, сметаларды жана иш пландарын түзүүнү уюштурат;
13) ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик мекеменин ишинин абалы жөнүндө маалымдайт;
14) мамлекеттик мекеменин атынан ишеним катсыз иштейт;
15) мамлекеттик мекеменин атынан ишеним каттарды берет.
25. Директор өзүнүн айрым укуктарын жана ыйгарым укуктарын ага баш ийген кызматкерлерге берүүгө укуктуу, бул аны ыйгарым укуктуу органдын алдында жоопкерчиликтен бошотпойт.
26. Директор колдонуудагы мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык мамлекеттик мекеменин башка милдеттерин жана башкаруу функцияларын аткарат, мамлекеттик мекеменин ишинин максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
27. Мамлекеттик мекеменин эмгек жамаатын анын ишине эмгек мыйзамдарынын негизинде катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында эмгекке, консультациялык же эксперттик ишке тартылган башка өлкөлөрдүн жарандары түзөт.
28. Кызматкерлердин эмгек жана эс алуу режими, аларды социалдык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат.
6-глава. Бухгалтердик эсеп, пландоо, отчеттуулук
29. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсеп жана отчеттуулук жүргүзөт.
30. Мамлекеттик мекеменин финансылык-экономикалык ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компетенциясынын чегинде ишти текшерүү жүктөлгөн ыйгарым укуктуу орган жана башка мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.
31. Мамлекеттик мекеме келишимдин предметин тандоодо, милдеттерин жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына карама-каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин башка шарттарын аныктоодо эркин.
7-глава. Мамлекеттик мекеменин мүлкү жана финансы
32. Мамлекеттик мекеме өзүнүн ишинин максаттарына жана мүлктүн максатына ылайык уюштуруучу тарабынан ага берилген мүлккө жана финансылык каражаттарга карата жарандык мыйзамдарда жана ушул Жободо аныкталган шарттарда жана тартипте оперативдүү башкаруу укугунан пайдаланат.
33. Мамлекеттик мекеменин мүлкү төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
1) республикалык бюджеттин каражаттарынын;
2) уюмдардан жана жарандардан акысыз же кайрымдуулук акчалай жана мүлктүк төгүмдөрүнүн;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелердин;
4) гранттык жана кредиттик каражаттардын;
5) эл аралык уюмдардын, юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн;
6) өздүк мүлктү пайдалануудан алынган пайданын;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
34. Мамлекеттик мекеме оперативдүү башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү уюштуруучунун макулдугусуз сатууга, күрөөгө коюуга же башка ыкма менен тескөөгө укуксуз.
8-глава. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу жана жоюу
35. Мамлекеттик мекемени кайра уюштуруу (кошуу, бириктирүү, бөлүү, ажыратуу, өзгөртүп түзүү) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
36. Мамлекеттик мекеменин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
37. Мамлекеттик мекеменин ишинин жүрүшүндө келип чыгуучу документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулат жана сакталат.".