Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2024-жылдын 1-августу № 5-Б
Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ
“Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бухгалтердик эсепти, ички аудитти жана ички контролду өнүктүрүү башкармалыгы:
3. буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына жарыяласын;
4. буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
5. ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
6. Басма сөз кызматы бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2016-жылдын 28-декабрындагы №212-Б “Ички аудиттин сапатын кепилдөө жана жогорулатуу программасын түзүү боюнча колдонмону бекитүү жɵнүндɵ” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.
9. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр А.К.Бакетаев
Кыргыз Республикасынын
Финансы министрлигинин
2024-ж. “____” ________
№ _____________
буйругу менен бекитилген
Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү боюнча колдонмо (мындан ары – Колдонмо) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын ведомстволук уюмдарынын, мамлекеттик ишканалардын (мындан ары - ички аудит объекттери) ички аудит кызматтарынын ишин баалоонун, ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү боюнча программаны түзүүнүн максаттарын жана ыкмаларын аныктайт жана ички аудит кызматтарынын жетекчилери, ички аудиторлор жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги үчүн арналган (мындан ары - Финансы министрлиги).
1. Ички аудит кызматтарынын ишин баалоонун максаттары
1. Ички аудит объекттеринде ички аудит кызматтарынын ишин баалоонун (ички аудиттин сапатын баалоонун) негизги максаты алардын жана ар бир аудитордун ишинин натыйжалуулугунун даражасын өз-өзүнчө аныктоо, ошондой эле иштин ички аудит чөйрөсүндөгү белгиленген тартипте коюлуучу талаптарга ылайык келүүсүнө баа берүү болуп саналат
2. Ички аудит кызматынын ишин баалоо анын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо үчүн жүргүзүлөт жана анын ишин жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
· ички аудит кызматынын жана жеке аудиторлордун ишинин натыйжалуулугун аныктоо;
· ички аудит кызматынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга муктаждыкты аныктоо.
1. Ички аудит кызматтарынын ишине баалоо жүргүзүү төмөнкү жолдор менен жүзөгө ашырылат:
· ички аудиттин сапатын ички баалоо;
· ички аудиттин сапатын тышкы баалоо.
1. Ички аудиттин сапатын ички баалоо ички аудит кызматы тарабынан төмөнкү деңгээлдердеги туруктуу мониторинг жана мезгилдүү текшерүүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
· ички аудит кызматтарынын иши;
· аудиттин тапшырмасын аткаруу.
1. Ички аудиттин сапатын тышкы баалоо Финансы министрлиги тарабынан төмөнкү жолдор аркылуу жүргүзүлөт:
· ички аудит кызматтарынын ишине камералык мониторинг жүргүзүү (биринчи деңгээл);
- тобокелдиктерди баалоо системасынын жана биринчи деңгээлдеги иштин натыйжаларынын негизинде сапатты баалоо боюнча мезгилдүү (пландуу же пландан тышкаркы) текшерүүлөрдү жүргүзүү (экинчи деңгээл).
1. Сапатты ички жана тышкы баалоону жүргүзүүдө сандык көрсөткүчтөрдү (негизинен ички баалоо үчүн - баалар, баллдар, пайыздар) жана сапаттык көрсөткүчтөрдү ("жаман", "канааттандырарлык", "жакшы", "эң жакшы") камтыган көрсөткүчтөрдүн системасы колдонулат.
2. Ички аудиттин сапатына ички баалоону жүргүзүүнүн методологиясы
1. Ички аудиттин жетекчиси аудитордук тапшырманын максаттарынын сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу үчүн аудитордук тапшырманын бүткүл процессинде сапатты ички баалоону жүргүзүшү керек.
Ички баалоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
· ички аудиттин ишинин учурдагы мониторинги;
· ички аудиторлор тарабынан мезгил-мезгили менен жүргүзүлүүчү өзүн-өзү баалоо же ички аудит чөйрөсүндө жетиштүү билими бар ички аудит органынын башка кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн баалоо.
1. Учурдагы мониторинг ички аудит кызматынын ишин күнүмдүк талдоонун жана баалоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
10. Ички аудиторлордун ишинин сапатын мезгил-мезгили менен баалоо стандарттык жол-жоболорго жана саясаттарга, ошондой эле ички аудит кызматынын жетекчисинин жана аудитордук тапшырманы аткаруу тапшырылган аудитордук тапшырманын жетекчисинин кесиптик пикирине негизделет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ички аудиторлор тарабынан көз карандысыздыктын, чынчылдыктын, объективдүүлүктүн, купуялуулуктун жана кесиптик этиканын стандарттарынын сакталышы;
2) ички аудиттин жол-жоболорунун жана методикаларынын жана анын жыйынтыктары боюнча даярдалган жумушчу документтеринин белгиленген тартипте бекитилген ички аудитти уюштуруу боюнча эрежелерге ылайык келиши;
3) аудитордук тапшырманын жетекчисине жана ички аудит кызматынын жетекчисине аудитордук текшерүүнүн негизги жыйынтыктарын билдирүү.
11. Ички аудиторлордун ишинин сапатын баалоо системасы, ошондой эле ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан иштин сапатын жогорулатуу максатында ички аудиторлорду кесиптик окутууну андан ары пландоо үчүн жана аудитордук тапшырмаларды пландоодо жана аткарууда ички аудиторлордун кесиптик сапаттарын кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл маалыматтарды алууга өбөлгө түзөт.
Ички аудит кызматынын ишинин деңгээлинде сапатты ички баалоо ички аудит кызматынын ишинин сапатын жана натыйжалуулугун баалоонун бирдиктүү системасын белгилейт, ал жыл сайын, өзгөчө учурларда – жарым жылдын жыйынтыгы боюнча, ар бир ички аудитордун ишин камтууну эске алуу менен аудитордук тапшырмаларды тандоонун негизинде жүргүзүлөт.
12.Иштин сапатын баалоо 2 этапта жүргүзүлөт:
1-этап - аудитти пландоонун, жүргүзүүнүн сапатын, тапшырманын белгиленген мөөнөттөрүн сактоону, ошондой эле ички аудиторлордун ишкердик сапаттарын баалоо:
1) ички аудиторлордун ишинин сапатын баалоо тапшырманын жыйынтыктары боюнча аудитордук тапшырманын жетекчиси тарабынан ушул Колдонмонун 1-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт;
2) аудитордук тапшырманын жетекчисинин ишинин сапатын баалоо тапшырманын материалдарын баалоонун жыйынтыктары боюнча ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан ушул Колдонмонун 2-тиркемесине ылайык жүргүзүлөт;
3) 1ден 5ке чейинки диапазондо бардык баалоо критерийлери боюнча баллдардын жалпы санын эсептөө (ушул Колдонмонун 1 жана 2-тиркемелери);
2-этап – ички аудит кызматынын белгилүү бир мезгил ичиндеги ишинин сапатынын көрсөткүчүн эсептөө (иш планынын аткарылышынын толуктугунун көрсөткүчтөрүнүн салмактанып алынган жыйындысы, пландоонун, аудит жүргүзүүнүн сапатын жана ички аудиторлордун ишкердик сапаттарын баалоо).
13. Ички аудит кызматынын ишинин сапатынын көрсөткүчү (ИСК) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
ИСК = К * 0,3 + ТС * 0,4 + КБ * 0,3 (1-формула), мында:
К – аудитордук тапшырмалардын (аудитордук текшерүүлөрдүн) планынын аткарылышынын көрсөткүчү, аткарылган тапшырмалардын санынын пландалган тапшырмалардын санына карата пайыздык катышы жолу менен эсептелет;
ТС – аудитордук тапшырмалардын сапатынын көрсөткүчү, аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бардык аудиторлордун/тапшырманын жетекчилеринин ушул Колдонмонун 1 жана 2-тиркемелери боюнча баллдарынын суммасынын жалпы санынын баллдардын мүмкүн болгон максималдуу көрсөткүчүнө карата пайыздык катышы жолу менен эсептелет (ушул Колдонмонун 1 жана 2-тиркемелери)
КБ – ички аудит кызматынын кызматкерлерин баалоо көрсөткүчү, баллдардын орточо маанисинин баллдардын мүмкүн болгон максималдуу суммасына катышы менен эсептелет (ушул Колдонмонун 3-тиркемеси).
ИСК таблицада (3-сап) ички аудит кызматынын натыйжалуулугун баалоо үчүн колдонулат.
14. Ички аудит кызматынын натыйжалуулугу төмөнкү критерийлер боюнча бааланат:
1) тобокелдик деңгээли жогору болгон аудит объекттеринин жылдык аудиттер менен камтылышы (учурдагы жылдагы аудиттин жалпы санына карата тобокелдиги жогорку аудит объекттерин камтуунун пайызы);
2) ички аудиттин жүрүшүндө ички аудиторлор тарабынан берилген сунуштамаларды аткаруу даражасы (аткарылган сунуштамалардын пайызы);
3) ички аудит кызматынын ишинин сапатын баалоо (1-формула боюнча эсептелет);
4) аудит объектисинин аудитордук текшерүүдөн күтүүлөрүн баалоо (ушул колдонмонун 4-тиркемесиндеги формага ылайык).
Ички аудит кызматынын жетекчиси анкетаны алгандан кийин ар бир жооп үчүн төмөнкү деңгээлдерге ылайык 3төн 10го чейинки баллдарды ыйгарат:
- жогорку деңгээл – 10 упай;
- орто деңгээл – 7 упай;
- төмөнкү деңгээл – 3 упай.
Ички аудит кызматынын жетекчиси жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде аудит объектисинин күтүүлөрүнүн орточо баасын эсептейт.
5) ички аудиторлорду окутуу (окутулган аудиторлордун (ар бир аудитор жылына 40 сааттан кем эмес) санынын аудиторлордун жалпы санына катышы).
15. Ички аудит кызматынын ишинин натыйжалуулугун баалоо беш баллдык система боюнча жүргүзүлөт жана жогоруда көрсөтүлгөн критерийлер боюнча баллдын орточо арифметикалык маанисин критерийлердин жалпы санына карата катыштыруу жолу менен эсептелет:
- 3 баллга чейин - натыйжалуулугу төмөн;
- 3,1 ден 4 баллга чейин – орто натыйжалуу;
- 4,1 ден 5 баллга чейин – жогорку натыйжалуу.
Ички аудит кызматынын ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлери үчүн төмөнкү баллдык система белгиленет:
№ | Критерийлердин аталышы | Баа | ||||
5 балл | 4 балл | 3 балл | 2 балл | 1 балл | ||
1 | Тобокелдик деңгээли жогору болгон аудит объекттерин жыл сайын текшерүүлөр менен камтуу (объекттердин жалпы санына карата тобокелдиги жогору объекттерди камтуу пайызы) | Учурдагы жылдагы текшерүүлөрдүн жалпы санына карата 91% жана андан жогору |
71 – 90%
| 51 – 70% | 31 – 50% | 0-30% |
2 | Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштамаларды аткаруу даражасы (аткарылган аудитордук сунуштамалардын пайызы) | Сунуштамалардын жалпы санына карата 85% жана андан жогору | 67 – 84% | 49 – 66% | 29 – 48% | 0-28% |
3 | Ички аудит кызматынын ишинин сапатын баалоо | 85% жана андан жогору | 71 – 85% | 51- 70% | 31 – 50% | 0-30% |
4 | Аудит объектисинин аудитордук текшерүүдөн күтүүлөрүн баалоо | Мүмкүн болгон максималдуу баллга (60 балл1) карата 85% жана андан жогору | 67 –84% | 49 – 66% | 29 – 48% | 0-28% |
5 | Ички аудиторлорду окутуу | Кызматкерлердин жалпы санына карата 81% жана андан жогору | 61 – 80% | 41- 60% | 21 – 40% | 0-20% |
1. Иштин натыйжалуулугун баалоонун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу көрсөткүчтөргө талдоо жүргүзүлөт, ички аудит кызматынын ишин жакшыртуу боюнча иш-чаралар иштелип чыгат.
Ички аудиттин сапатын ар жылдык ички баалоонун жыйынтыктары ички аудит кызматынын жетекчисинде үч жылдан кем эмес сакталат жана Финансы министрлиги тарабынан ички аудиттин сапатына тышкы баалоо жүргүзүүдө талап боюнча берилет.
1Ушул колдонмонун 4-тиркемеси боюнча мүмкүн болгон максималдуу балл
3. Ички аудиттин сапатына тышкы баалоо жүргүзүү методологиясы
17. Сапатты тышкы баалоо - бул ички аудит боюнча иш ички аудит чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын стандарттарына, эрежелерине жана башка талаптарына жооп берээрине ишенимди камсыз кылуу, ошондой эле ички аудит ишинин натыйжалуулугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча сунуштамаларды берүү максатында Финансы министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылуучу ички аудит кызматынын ишинин сапатын баалоо жана талдоо процесси.
18. Ички аудит кызматтарынын ишине туруктуу камералдык мониторинг сапатты ички баалоонун жыйынтыктарынын, ички аудит кызматынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө мезгилдүү отчеттуулукту жалпылоонун жана талдоонун, ички аудит кызматтарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин анкеталоонун, ишкердик кат алышуунун жана Финансы министрлигинин ички аудит кызматтары менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка формаларынын негизинде учурдагы режимде жүзөгө ашырылат. Мындай мониторингдин натыйжалары ички аудит кызматтарында мезгилдүү контролду (сапатты баалоону) пландоодо, уюштурууда жана жүргүзүүдө Финансы министрлиги тарабынан эске алынат.
19. Ички аудиттин сапатын мезгилдүү баалоолор Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тартипте бекитилген планга ылайык же пландан тышкары жүргүзүлөт. Ички аудит кызматынын ишин пландуу баалоо 2 календардык жылда бир жолудан көп эмес, бирок 5 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
20. Пландуу баалоону жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү кадрлар менен камсыз болушуна жана/же Финансы министрлигинин башка мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле ички аудит кызматтарынын жалпы санына жараша жөнгө салынат. Бул процесстин негизги этаптарынын “Жол картасы” ушул Колдонмонун 5-тиркемесинде берилген.
21. Ички аудит кызматтарынын ишине баалоо жүргүзүү ушул Колдонмонун 6-тиркемесине ылайык ички аудит кызматынын тобокелдикке багытталган тандоо моделине жараша, ошондой эле мындай баалоону жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгүн жана аларды жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн эске алуу менен тобокелдиктерди баалоонун негизинде пландалат.
Пландан тышкаркы баалоо болуп Финансы министрлигинин иш планында каралбаган жана төмөнкү жагдайлардын жок дегенде бири болгон учурда Финансы министрлигинин жетекчисинин чечими боюнча жүргүзүлүүчү баалоо эсептелет:
· ички аудит кызматынын жетекчисинин кайрылуусу;
-ички аудит кызматтары тарабынан ички аудит жүргүзүү боюнча мыйзамдардын бузулгандыгын күбөлөндүргөн фактыларды камтыган кайрылуулар;
- ички аудит кызматынын ишине камералдык туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн же анын сапатын ички баалоону талдоонун жыйынтыктары боюнча олуттуу тобокелдиктерди аныктоо.
22. Сапатты тышкы баалоону жүргүзүүгө даярдык көрүү этабында төмөнкүлөрдү ишке ашыруу зарыл:
- жыйынтыгы боюнча баалоо пландалган тобокелдиктерди талдоо;
- мурунку мезгилдерде жүргүзүлгөн сапатты ички баалоонун жыйынтыктарын талдоо;
- Финансы министрлиги тарабынан мурдагы мезгилдерде өткөрүлгөн сапатты тышкы баалоонун жыйынтыктарын талдоо, башка маалыматтар (мисалы, мезгилдүү отчеттор);
· ченемдик укуктук базаны талдоо.
23. Сапатты баалоону жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшүндө Финансы министрлиги тарабынан сапатты тышкы баалоону жүргүзүү жөнүндө программа түзүлөт (эки нускада), анда ички аудит кызматынын аталышы, темасы, мезгили жана бааланууга тийиш болгон маселелер көрсөтүлөт.
Сапатты тышкы баалоону жүргүзүү жөнүндө программага ички аудиттин сапатына тышкы баалоону жүргүзүү функциясы жүктөлгөн Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси кол коет жана Финансы министрлигинин жетекчиси тарабынан бекитилет. Зарыл болгон учурда программага аны кайра бекитүү тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
24. Финансы министрлиги анын татаалдык даражасын жана өткөрүү мөөнөтүн эске алуу менен сапатты баалоого тартылган кызмат адамдарынын санын аныктайт. Сапатты баалоого тартылган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын ички аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана ички аудиттин стандарттарын билүүсүн эске алуу менен Финансы министрлигинин кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
Финансы министрлиги ички аудит кызматтарынын ишинин сапатына тышкы баалоо жүргүзүү үчүн тышкы эксперттерди тартууга укуктуу.
Тышкы баалоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары жана ишке тартылган эксперттер ички аудиторлордун этикалык стандарттарын сактоого жана тышкы баалоону жүргүзүүдө алынган маалыматка карата купуялуулукту сактоого тийиш.
Финансы министрлиги ички аудит объектисинин сапатына тышкы баалоо жүргүзүү жөнүндө ал башталганга чейин 10 календардык күн мурда анын башталган жана аяктаган датасын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө маалымдайт.
25. Сапатты баалоону баштоонун алдында сапатты тышкы баалоону жүргүзүү жөнүндө программа ички аудит объектисинин жетекчисине берилет. Ички аудит кызматынын жетекчиси Финансы министрлигинин тышкы баалоону жүргүзүүгө жооптуу кызмат адамдарын жумуш орду менен камсыз кылууга, алардын кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн документтерди сактоо, байланыш каражаттарын, компьютердик, көбөйтүүчү жана башка техникаларды пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө тийиш.
Сапатты тышкы баалоо ушул Колдонмонун 7-тиркемесинде келтирилген ички аудиттин сапатын баалоо критерийлерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Сапатты баалоонун жүрүшүндө Финансы министрлигинин кызматкерлери төмөнкү негизги маселелерди карап чыгышат:
1. ички аудит кызматынын иштешинин уюштуруу-укуктук негиздери, атап айтканда:
· ички аудит кызматынын жетекчиси менен ички аудит объектисинин жетекчисинин өз ара аракеттенүүсү;
· ички аудит кызматынын статусу, түзүмү жана саны, анын көз карандысыздыгы;
1. ички аудит кызматынын кадр саясаты, атап айтканда:
- этикалык стандарттын талаптарынын сакталышына карата ички аудит кызматынын ички чөйрөсүнө баа берүү;
- кызматтын жетилгендик деңгээли, кадр саясатынын туруктуулугу, комплектүүлүгү;
1. ички аудит кызматынын ички ченемдик укуктук базасы, атап айтканда:
· Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү методологиясы;
· ички аудит кызматынын учурдагы ишин жөнгө салуучу документтер;
1. ички аудит кызматынын ишин пландоо системасы жана пландардын аткарылышынын абалы, атап айтканда:
· пландарды түзүүнүн жана бекитүүнүн, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби;
· пландардын аткарылышынын абалы;
1. ички аудитти жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттери, атап айтканда:
· ички аудиттерди уюштуруу бөлүгүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо;
· аудитордук иш-аракеттердин натыйжалуулугу жана ички аудиттин материалдарын документтештирүүнүн сапаты;
1. жүргүзүлгөн ички аудиттердин натыйжалуулугу жана сунуштамаларды ишке ашыруу, атап айтканда:
· жүргүзүлгөн ички аудиттердин натыйжалуулугуна, анын ичинде отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү;
· аудитордук сунуштамаларды ишке ашыруу;
· аудитордук сунуштамалардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн абалы;
1. ички аудит кызматынын Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүсүнүн абалы, атап айтканда:
· мурдагы сапатты баалоодо Финансы министрлиги тарабынан аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана берилген сунуштамаларды ишке ашыруунун абалы;
· ички аудит кызматынын ички аудит функциясын ишке ашыруу бөлүгүндө Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүсүнүн абалы;
1. ички аудиттин сапатына ички баалоону жүргүзүүнүн объективдүүлүгү, атап айтканда:
· тышкы баалоонун жыйынтыктарынын изилдөө мезгилинде жүргүзүлгөн ички баалоонун мурдагы натыйжалары менен катышы.
Тышкы баалоону жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген Ички аудит боюнча колдонмого ылайык аудитордук тандоону пайдалануу менен 3төн кем эмес аудитордук тапшырманы баалоону жүргүзүүгө тийиш.
26. Тышкы баалоолор:
· комплекстүү - жогоруда аталган маселелердин толук тизмеси боюнча;
· жарым-жартылай - айрым маселелер боюнча (жогорку тобокелдиктер аныкталган маселелер гана изилденет) болот.
27. Финансы министрлигинин кызмат адамдары ички аудит кызматынан сапатты баалоону жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык документтерди (анын ичинде электрондук форматта) жана түшүндүрмөлөрдү ала алышат.
Сапатты баалоону жүргүзүүдө ички аудит кызматы Финансы министрлигинин кызмат адамдарынын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча (тиешелүү маселелердин тизмеси менен) же өз демилгеси боюнча баалоону жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү бере алат. Зарыл болгон учурда тышкы баалоо жүргүзгөн адамдар отчетто көрсөтүлгөн фактыларды тастыктоо үчүн документтердин көчүрмөлөрүн ала алышат.
28. Сапатты тышкы баалоонун узактыгы 10 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Эгерде баалоо жүргүзүүдө анын татаалдык даражасын эске алуу менен жаңы жагдайлар келип чыкса, сапатты баалоону жүргүзүү мөөнөтүн Финансы министрлигинин жетекчисинин чечими боюнча 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөткө гана узартууга болот.
29. Жүргүзүлгөн сапатты тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча отчет жана аны макулдашуу протоколу түзүлөт.
Отчет кагаз жүзүндө таризделет жана барактардын өтмө номерлениши болушу керек. Сапатты баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун биринчи титулдук барагында документтин аталышы, датасы, каттоо номери, түзүлгөн жери жана нусканын номери белгиленет.
Сапатты баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- сапатты баалоону жүргүзүү үчүн негизди камтыган киришүү;
- бааланууга тийиш болгон ички аудит кызматынын ишинин мезгили, Финансы министрлигинин реквизиттери, ички аудит объектисинин аталышы жана жайгашкан жери, баалоону жүргүзгөн кызмат адамдарынын тизмеси, сапатты баалоонун башталган жана аяктаган датасы;
- сапатты баалоонун жыйынтыктары боюнча жалпы тыянактар жана сунуштамалар;
- сапатты тышкы баалоонун жыйынтыктарынын кыскача баяндамасы менен резюме;
- ички аудит объектисинин сапатты баалоонун негизинде берилген сунуштамалар боюнча иш-чараларды аткаргандыгы жөнүндө Финансы министрлигине маалымдоо мөөнөтү;
- ушул Колдонмонун 7-тиркемесинде каралган ар бир өзүнчө маселе боюнча негизделген жана так жооптор;
- ички аудит кызматынын ишиндеги оң жактарын жана олуттуу кемчиликтерин жана ички аудит боюнча ченемдик укуктук актыларды бузууларын көрсөтүү менен тыянактар, алардын аталышына, номерине жана датасына шилтеме жасоо менен далилдөөчү база.
30. Сапатты баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттун долбоору ички аудит кызматынын жетекчиси менен талкууланат. Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча макулдашуу протоколу түзүлөт.
31. Отчетко каршы пикирлер (сын-пикирлер) отчеттун долбоорун талкуулоонун жүрүшүндө каралат жана макулдашуу протоколунда чагылдырылат.
32. Отчеттун долбоору жана аны макулдашуу протоколу ички аудит объектисинин жетекчисине жиберилет жана 3 жумушчу күндүн ичинде каралууга тийиш. Ички аудит объектисинин жетекчиси кол койгон макулдашуу протоколу алынгандан кийин финалдык отчет ички аудит объектисинин жетекчисине 5 жумушчу күндүн ичинде берилет.
33. Сапатты баалоонун жыйынтыктары жөнүндө отчет жана аны макулдашуу протоколу эки нускада таризделет: биринчиси - Финансы министрлиги үчүн, экинчиси - ички аудит объектиси үчүн. Тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча отчет тышкы баалоону жүргүзүү функциясы жүктөлгөн Финансы министрлигинин түзүмдүк бөлүмүнүн эсепке алуу журналында катталат.
34.Сапатты баалоонун жыйынтыктары боюнча Финансы министрлиги ички аудит объектисине ички аудиттин сапатын жогорулатуу, аныкталган кемчиликтерди жана бузууларды четтетүү жана келечектеги иш-чараларда аларды болтурбоо боюнча сунуштамаларды берет.
Сунушталган иш-чаралар:
- негиздүү жана белгиленген максаттарга ылайык келген;
- максаттуу багытталган (аларды ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдардын чөйрөсүн так аныктоо менен);
- убакыт менен аныкталган (конкреттүү бир датага бир жолку, ырааттуу же мезгилдүү);
- үнөмдүү (иш-чараларды өткөрүүгө каражаттар күтүлгөн натыйжадан ашпоого тийиш) болушу керек.
35. Сапатты тышкы баалоонун акыркы этабы сунуштамаларды ишке ашыруунун абалына мониторинг жүргүзүү (алар толук аткарылганга чейин) жана сунушталган иш-чараларды ишке ашыруунун натыйжаларына көз салуу болуп саналат. Бул процесс төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
· ички аудит кызматтарынын адистери менен үзгүлтүксүз баарлашуу, ички аудит кызматтарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин сурамжылоо, иштиктүү кат алышуу жана Финансы министрлигинин ички аудит кызматтары менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка формалары түрүндөгү сунуштамаларынын аткарылышына талдоо жүргүзүү;
· ички аудит объектине мезгил-мезгили менен эскертүүлөрдү жана суроо-талаптарды жөнөтүү;
· ички аудит объекттери тарабынан бузууларды жана кемчиликтерди четтетүүнүн абалына мониторинг жүргүзүү үчүн сапатка пландык/пландан тышкаркы баалоону дайындоо.
4. Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын түзүү
36. “Ички аудит жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык ички аудит кызматынын жетекчиси сапатты жогорулатуунун жана кепилдик берүүнүн программасын (мындан ары – программа) иштеп чыгат жана ишке киргизет, ал ички жана тышкы баалоонун жыйынтыктарын камтыйт.
Программанын негизги максаты - ички аудиттин иш-аракеттерине негиздүү кепилдик берүү:
- Кыргыз Республикасынын Ички аудит боюнча мыйзамдарына ылайык келет;
- эффективдүү жана натыйжалуу ишке ашырылат;
- кызыкдар тараптар тарабынан ички аудит объектисинин функцияларын жакшыртуучу жана анын милдеттерин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүчү катары кабыл алынат.
37. Программа ички аудиттин ишинин ички аудиттин аныктамасына жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы Ички аудиттин стандарттарына ылайыктуулугуна баалоону жүргүзүүгө, ошондой эле ички аудиторлор белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мекемелеринин ички аудиторлорунун этикалык стандарттарын канчалык деңгээлде кармангандыгына баалоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
38. Программа ички аудиттин ишинин бардык аспекттерин камтууга жана төмөнкү үч негизги деңгээлде колдонулууга тийиш:
- аудитордук текшерүүнүн (ички аудиттин) деңгээлинде;
- ички аудит кызматтарынын ишинин деңгээлинде;
- кесиптик өнүгүү деңгээлинде.
39. Программа сапатты тышкы жана ички баалоонун жыйынтыктарынын негизинде ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан жыл ичинде иштелип чыгат жана жаңыланат.
40. Программа таблица түрүндө иштелип чыгат (8-тиркеме), ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сапатты жакшыртуу үчүн сунушталган иш-чаралар;
- жооптуу аткаруучулар;
- аткаруу мөөнөттөрү;
- аткаруунун натыйжалары (аткаруу жөнүндө белги).
Программа аны колдонуунун ар бир деңгээли боюнча өзүнчө түзүлүүгө тийиш жана аны колдонуунун ар бир деңгээлин камтыган бирдиктүү документ менен бекитилет.
41. Ички аудит кызматынын жетекчиси учурдагы жылдын 1-февралына чейин өткөн жылдагы ички аудиттин сапатын ички жана тышкы баалоонун (эгерде жүргүзүлгөн болсо) жыйынтыктарын талдоонун негизинде программаны иштеп чыгууга тийиш. Программа ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан ички аудит кызматынын жетекчисинин сунушу боюнча жыл сайын учурдагы жылдын 10-февралынан кечиктирилбестен бекитилет.
42. Ички аудит кызматынын ишинин сапатын жакшыртуу боюнча программада каралган иш-чаралар ички аудит кызматынын стратегиялык (же мезгилдүү) иш пландарында эске алынууга тийиш.
43.Программанын аткарылышын контролдоо ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат.
1-тиркеме
Баалоону өткөрүү күнү:
| Аудитордук тапшырманын аталышы: | |||
Идентификациялоо | ||||
Аудитордун аты-жөнү: | ||||
Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аты-жөнү: | ||||
Баллдардын деңгээлдери: эң жакшы (5), жакшы (4), канааттандыраарлык (3), жакшыртуу талап кылынат (2), колдонулбайт (1) | ||||
№ | Негизги сапаттар | Балл | ||
| Аудитти уюштуруу |
| ||
1 | Аудитти пландоо |
| ||
1.1 | Тапшырманы толук жана негиздүү пландоону камсыздоо үчүн зарыл документтерди жана маалымат булактарын туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.2 | Тапшырманын максаттарын туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.3 | Контролдун маанилүү түйүндөрүн туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.4 | Тиешелүү тобокелдиктерди туура аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
1.5 | Тапшырманы пландоо боюнча таризделген документтердин сапаты |
| ||
1.6 | Жумуш убактысынын туура бюджетин аныктоо жөндөмдүүлүгү |
| ||
2 | Аудитордук тапшырманы жүргүзүү |
| ||
2.1 | Тапшырманын максаттарына жетүү |
| ||
2.2 | Тапшырманын белгиленген көлөмүн, мөөнөттөрүн жана мезгилдерин сактоо |
| ||
2.3 | Иштеги шайкеш келбестиктерди жоюунун өз убагында аткарылышы жана сапаты, анын ичинде аудитордук отчетту жеткире иштеп чыгуу |
| ||
2.4 | Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү |
| ||
2.5 | Даярдалган жумушчу документтеринин толуктугу жана сапаты |
| ||
3 | Кесиптик компетенттүүлүк |
| ||
3.1 | Ченемдик-укуктук актыларды билүү |
| ||
3.2 | Көйгөйлүү маселелер боюнча кырдаалды билүү |
| ||
3.3 | Көйгөйлүү маселелерди талкуулоодо, ошондой эле жыйынтыктоочу жумушчу аудитордук документтерди макулдашууда ички аудитордун сылыктыгы |
| ||
3.4 | Ички аудитордун тыянактарынын негиздүүлүгү |
| ||
3.5 | Маанилүү көйгөйлөрдү олуттуу эмес көйгөйлөрдөн айырмалай билүү жөндөмү |
| ||
3.6 | Көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сунуштардын максатка ылайыктуулугу |
| ||
3.7 | Ички аудитордун өз аракеттерин тапшырманын жетекчиси менен макулдашуусу |
| ||
3.8 | Тапшырманын жыйынтыктары боюнча ички аудитордун сунуштамаларынын тууралыгы жана максатка ылайыктуулугу |
| ||
3.9 | Ички аудиттин кандайдыр бир маселелер боюнча шектенүүлөр жаралганда кесиптештери, тапшырманын жетекчиси жана компетенттүү адамдар менен кеңешүү жөндөмү |
| ||
4 | Кесиптик жүрүм-турум |
| ||
4.1 | Жумуш убактысын пайдалануу |
| ||
4.2 | Ишин өз алдынча уюштуруу |
| ||
4.3 | Аудиттин материалдарын жумушчу кагаздарда баяндоо |
| ||
4.4 | Оозеки сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү |
| ||
4.5 | Демилгелүүлүк |
| ||
4.6 | Коюлган милдеттерди аткаруудагы чыгармачылык мамиле |
| ||
4.7 | Жаңы, көнүмүш эмес шарттарга тез ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү |
| ||
4.8 | Тактык |
| ||
4.9 | Аудит объектисинин ишин билүү |
| ||
| Балл менен жыйынтыктоочу баалоо = критерийлер боюнча баллдардын суммасы (max 145)/баалоо критерийлердин саны (29) |
| ||
Аудитордук тапшырманынын жетекчисинин баасы ( Аудитордук тапшырманынын жетекчиси жок болгон учурда ички аудит кызматынын жетекчиси тарабынан бааланат) | ||||
| ||||
Негизги күчтүү жактары: | ||||
| ||||
Негизги алсыз жактары: | ||||
| ||||
Ишти жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштамалар: | ||||
Зарыл тренингдер/окуулар: | ||||
| ||||
Ички аудитордун комментарийлери: | ||||
| ||||
| ||||
Тапшырманын жетекчиси “____”__________20__г. ___________________________ колу
Ички аудит кызматынын/ жетекчиси “____”__________20____-ж. _________________________ колу | Тааныштым:
Ички аудитор
“____”__________20__-ж. _______ _____________________ колу | |||
|
|
|
|
|
2-тиркеме
Баалоону жүргүзүү датасы: | Аудитордук тапшырманын аталышы: | |||
Идентификациялоо | ||||
Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аты-жөнү:
| ||||
Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчисинин аты-жөнү:
| ||||
Баллдардын деңгээлдери: эң жакшы (5), жакшы (4), канааттандыраарлык (3), жакшыртуу талап кылынат (2), колдонулбайт (1) | ||||
№ | Аудитти уюштуруу | Балл | ||
1 | Аудитордук тапшырманы пландоо
| |||
1.1 | Тапшырманы толук жана негиздүү пландоону камсыздоо үчүн керектүү документтерди жана маалыматтар булактарын туура аныктоо |
| ||
1.2 | Тапшырманын максаттарын туура аныктоо |
| ||
1.3 | Тапшырманын методдорун жана көлөмүн туура аныктоо |
| ||
1.4 | Ишмердикти жана контролдун маанилүү түйүндөрүн туура талдоо |
| ||
1.5 | Тиешелүү тобокелдиктерди туура талдоо жана баалоо |
| ||
1.6 | Жумуш убактысынын бюджетин туура аныктоо |
| ||
2 | Аудитордук тапшырманы жүргүзүү | |||
2.1 | Жобого (аудитордук тапшырманы аткарууга карата талаптарды аныктоочу башка документке) ылайык тапшырманы жана тапшырманын максаттарын аткаруу |
| ||
2.2 | Тапшырманын белгиленген көлөмүн, мөөнөттөрүн жана мезгилдерин сактоо |
| ||
2.3 | Иштеги шайкеш келбестиктерди четтетүүнүн, анын ичинде аудитордук отчетту жеткире иштеп чыгуунун өз убагында аткарылышы жана сапаты |
| ||
2.4 | Аудитордук далилдердин жетиштүүлүгү |
| ||
2.5 | Даярдалган жумушчу документтердин толуктугу жана сапаты |
| ||
3 | Жумушчу документтерди тариздөө жана тапшырманын материалдарын ишке ашыруу | |||
3.1 | Тапшырманын жетекчисинин тыянактарынын негиздүүлүгү |
| ||
3.2 | Маанилүү көйгөйлөрдү олуттуу эмес көйгөйлөрдөн айырмалай билүү жөндɵмү |
| ||
3.3 | Көйгөйлүү маселелер боюнча кырдаалды билүү |
| ||
3.4 | Тапшырманын жыйынтыктары боюнча кыскача тыянакты (резюме) өз убагында даярдоо |
| ||
3.5 | Тапшырманы ишке ашыруу боюнча документтерди өз убагында тариздөө |
| ||
3.6 | Аудитордук отчетто, резюмеде чагылдырылган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча сунуштардын максатка ылайыктуулугу |
| ||
3.7 | Тапшырманын жыйынтыктары боюнча сунуштамалардын тууралыгы жана максатка ылайыктуулугу |
| ||
| Балл менен жыйынтыктоочу баалоо = критерийлер боюнча баллдардын суммасы (max 90)/баалоо критерийлердин саны (18)
|
| ||
Ички аудит кызматынын жетекчисинин баасы
| ||||
Негизги күчтүү жактары: | ||||
| ||||
Негизги алсыз жактары: | ||||
| ||||
Ишти жакшыртуу жана андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштамалар: | ||||
| ||||
Зарыл тренингдер/ окуулар: | ||||
| ||||
Аудитордук тапшырманын жетекчисинин комментарийлери: | ||||
Ички аудит кызматынын жетекчиси:
«____»__________20__-ж. ____________________ колу
| Тааныштым: Аудитордук тапшырманын жетекчиси
«____»__________20__-ж. _____________________ колу | |||
|
|
|
|
|
3-тиркеме
№ | Иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүнүн (ИННК) тизмеги | ИННК баалоонун максималдуу өлчөмү | Ички аудитордун аты-жөнү | Ички аудитордун аты-жөнү | Ички аудитордун аты-жөнү | Ички аудитордун аты-жөнү | Ички аудитордун аты-жөнү | Ички аудитордун аты-жөнү | ||
1 | Ички аудиторлордун этикалык стандарттарды сактоосу | 25 |
|
|
|
|
|
| ||
1.1. | Чынчылдык |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.2 | Көз карандысыздык жана объективдүүлүк |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.3 | Купуялуулук |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.4 | Кесиптик компетенттүүлүк |
|
|
|
|
|
|
| ||
1.5 | Эмгек тартибин сактоо |
|
|
|
|
|
|
| ||
2
| Аткарылган иштердин сапаты, өз убагында аткарылышы жана натыйжалуулугу, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманы пландоо жол-жоболорун сактоосу | 20 |
|
|
|
|
|
| ||
2.1.1 | Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аудитордук тапшырманын максаттарын туура аныктоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1.2 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманын максаттарына жетүүсү |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1.3 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманы алдын ала пландоо жол-жоболорун сактоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.1.4 | Аудитордук тапшырманын жетекчисинин аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн ресурстардын жетиштүүлүгүн аныктоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.2
| Аудитордук тапшырманы аткаруу | 15 |
|
|
|
|
|
| ||
2.2.1 | Аудитордук тапшырманын жетекчисинин жана ички аудитордун аудитордук тапшырманы аткаруу боюнча талаптарды сактоосу (методология боюнча) |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.2.2 | Аудитордук тапшырманын жетекчисине жана ички аудит кызматынын жетекчисине аудитордук корутундунун мазмунуна таасирин тийгизе турган ички аудиттин негизги жыйынтыктарын өз убагында маалымдоо |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.2.3 | Ички аудитордун аудитордук тапшырманы аткаруу мөөнөттөрүн сактоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.3 | Аудитордук отчет | 15 |
|
|
|
|
|
| ||
2.3.1 | Эгерде аудитордук отчет олуттуу сын-пикирлерди камтыса, ички аудитордун мүмкүн болгон чыр-чатактуу кырдаалдарга даяр болуу деңгээли |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.3.2 | Ички аудитордун өзүнүн көз карашын жактай билүү жөндөмү, туруктуулугу жана өз күчүнө ишенгендиги жана фактыларды дароо ырастоого жана аудиттин жыйынтыктарын деталдаштырууга даяр болуусу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.3.3 | Аудитордук отчет формасына карата белгиленген талаптарды (методология боюнча) сактоосу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.4 | Аудитордук аныктоолор жана сунуштамалар | 15 |
|
|
|
|
|
| ||
2.4.1 | Сунуштамаларды берүү үчүн аныкталган аныктоолорду (фактыларды) ырастоо үчүн маалыматтардын жетиштүүлүгү, негиздүүлүгү, маңыздуулугу, пайдалуулугу |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.4.2 | Ички контроль системасынын натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдорун жана методдорун өркүндөтүүгө багытталган сунуштамалардын болушу, маанилүүлүгү (баалуулугу) |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.4.3 | Кырдаалды оңдоо боюнча чараларга байланыштуу сунуштамалар пайдалуу болушу үчүн аныкталган аныктоолордун (фактылардын) себептерин аныктоонун деңгээли |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.5 | Сунуштамалардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү | 5 |
|
|
|
|
|
| ||
2.5.1 | Сунуштамалардын аткарылышына системалуу мониторинг жүргүзүү |
|
|
|
|
|
|
| ||
2.6 | Иш документтери | 5 |
|
|
|
|
|
| ||
2.6.1 | Иш документтерин белгиленген талаптарга ылайык системалаштыруу, сактоо жана пайдалануу |
|
|
|
|
|
|
| ||
| ИННК аткаруунун деңгээли, (баллдардын суммасы) | 100 |
|
|
|
|
|
| ||
| Тааныштым (колу, дата) |
|
|
|
|
|
|
| ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
ТЫЯНАКТАР: __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
Ички аудит кызматынын жетекчиси ___________________ ________________
(колу) (Аты-жөнү)
20__-жылдын «___» ____________
(кол коюу датасы)
4-тиркеме
Аудитордук тапшырманын аталышы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук тапшырманын максаттары: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудит объектиси: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудит объектисинин жетекчиси: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук тапшырманын жетекчиси: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук топтун мүчөлөрү: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Аудитордук тапшырманы жүргүзүү мезгили: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||
Урматтуу__! |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||||||||||||
Сизге “Жүргүзүлгөн аудитордук текшерүүдөн Сиздин күтүүлөрүңүз канчалык деңгээлде акталды?” анкетасы толтуруу үчүн сунушталды. Анкетанын суроолоруна аны алган учурдан тартып 3 күн аралыгында жооп берүүнү өтүнөбүз. Аудиторлор менен иштешүүдөгү жеке тажрыйбаңызда тийиштүү маалымат жок болгон учурда, Сиз жооп берүүдө кыйналган суроолорго карата пикирди билдирүү үчүн жооптор Сиздин бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан толтурулат. Ошондой эле бул Анкета аудитордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжалуулугун баалоо үчүн арналганын тактап кеткибиз келет. Суроого жооп берүүдө үч варианттын ичинен бир жоопту тандап, белгилеп коюу керек. Суроолорго жоопторго “Комментарийлер” графасында мүмкүн болушунча комментарий калтырууну көптөн-көп өтүнөбүз. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз, мамлекеттик бийлик башкаруу секторунун органы _________________ ички аудит кызматы
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||
Баалоого тийиш болгон критерийлер | Баалоо критерийлеринин мүнөздөмөсү | Коммента-рийлер |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
жогорку деңгээл | орточо деңгээл | төмөнкү деңгээл |
| ||||||||||||||||||||||||||||||||
1. Сиздин көз карашыңызда жүргүзүлгөн аудитордук текшерүү канчалык деңгээлде атыйжалуу болду? | Текшерүү натыйжалуу уюштурулган жана жүргүзүлгөн, иштин маанилүү жана азыраак маанилүү чөйрөлөрү тийиштүү көлөмдө жана талаптагыдай текшерилди. | Текшерүү натыйжалуу эмеске караганда, болушунча натыйжалуу уюштурулган жана жүргүзүлгөн, бирок, мага айрым учурлар аудит өткөрүү үчүн алгылыктуу эместей көрүндү (“Комментарийлер” графасын караңыз). | Текшерүү жетиштүү эмес деңгээлде уюштурулган жана жүргүзүлгөн, менин көз карашымда, эч кандай тобокелдик жаратпаган иш чөйрөлөрү текшерилди. |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
2. Сиздин көз карашыңызда, бул аудитордук текшерүүнү жүргүзүү үчүн аудиторлор командасы канчалык деңгээлде кесипкөйлүгүн көрсөтө алды? | Команда жакшы кесиптик деңгээлде, уюшкандык менен иштеди, аудиторлор ортосунда маалымат алмашуу тийиштүү деңгээлде жүргүзүлдү. | Аудиторлор командасы бɵлүмдүн процесстерин жакшы деңгээлдеги түшүнүүсү менен канааттандыраарлык кесиптик деңгээлде иштеди. | Аудиторлор командасы болуп жаткан иш процесстерин жетишсиз түшүнгөндүгүн көрсөттү.
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
3. Текшерүүдө аудиторлор тууралыгын канчалык деңгээлде көрсөтө алышты? | Аудиторлор өздөрүн сылык жана туура алып жүрүштү. | Мамлекеттик кызматчынын этикасын сакташты, бирок ɵзүлɵрүн бир аз туура эмес алып жүрүштү (өзүн кармай албастык). | Аудиторлордун туура эмес жүрүм-турумунун (оройлук, адепсиздик) айрым учурлары болду.
|
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
4. Сиз текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ички аудит кызматынын сунуштамаларынын сапатын кандай баалайсыз? | Айрым маселелерге карата абдан баалуу сунуштарды алдык. | Негизинен бардык сунуштамалар менен биздин бөлүм макул болду. | Бардык сунуштамалар жумушчу мүнөзгө ээ, башкача айтканда олуттуу мааниге ээ эмес деп эсептейбиз. |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
5. Сиздин бɵлүмдүн кызматкерлерин аудитордук текшерүүлөргө алагды кылууну кандай баалайсыз? | Текшеруу учурунда сөзсүз боло турган, кызматкерлерди анчалык маанилүү эмес алагды кылуу байкалды. | Кызматкерлерди алагды кылуу иш процессине таасирин тийгизди деп айтууга болбойт, бирок алагды кылуу байкаларлык болду. | Кызматкерлер аудиторлор үчүн материалдарды даярдоого, аудиторлор менен аңгемелешүүгө ж.б. өтө көп алагды болушту |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
6. Аудитордук текшерүүдөн Сиздин күтүүлөрүңүз канчалык деңгээлде акталды? | Толук бойдон акталды. | Акталбаганга салыштырмалуу акталды. | Акталган жок. |
|
| ||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||
Аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сиздин каалоолор? |
|
| |||||||||||||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
Толтуруу датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
Колу______________ |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5-тиркеме
I. Тышкы баалону уюштуруу
1.1. Тышкы баалону жүргүзүүгө даярдык
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
| |||||||
|
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
| |||
|
|
|
| |||||||
|
|
| ||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
|
1.2. Тышкы баалоону жүргүзүү
II. Тышкы баалоонун жыйынтыктарын тариздөө
III. Тышкы баалоонун жыйынтыктарын жүзөгө ашыруу жана бузууларды, кемчиликтерди четтетүүнүн жана сунуштамаларды ишке ашыруунун абалына мониторинг жүргүзүү
|
6-тиркеме
Бул система ички аудиттин сапатына тышкы баалоону пландоодо ички аудит кызматын тандоого карата бирдиктүү ыкмаларды камсыздоо максатында иштелип чыккан.
Ички аудит кызматын тобокелдикке багытталган тандоо жол-жобосу ички аудиттин сапатына тышкы балоолорду жүргүзүүдɵ алардын ишиндеги тобокелдик жогору болгон ички аудит кызматтарын тандоо максатында тобокелдиктерди талдоого жана баалоого негизделет.
Тобокелдиктерге баа берүү эки негизги көрсөткүч боюнча жүзөгө ашырылат: тобокелдиктин даражасы менен, ал ички аудиттин ар бир кызматы боюнча тобокелдиктерди өлчөөнүн конкреттүү индикаторлору (критерийлери) боюнча өзүнчө аныкталат жана тобокелдиктин олуттуулугунун деңгээли менен, ал туруктуу чоңдук болуп саналат (1-таблицада аныкталган) жана тобокелдиктердин өзүнүн артыкчылык берүү шкаласын иш жүзүндө белгилейт.
тобокелдиктин олуттуулугунун деңгээли | |||||
3 |
| 3 | 6 | 9 |
|
2 |
|
2 |
4 |
6 |
|
1 |
|
1 |
2 |
3 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
1 |
2 |
3 | |
тобокелдик даражасы | |||||
1-сүрөт. Ички аудит кызматын тобокелдикке багытталган тандоо модели
Бул моделге ылайык, тобокелдик даражасы үч деңгээлдүү шкала боюнча бааланат: төмөнкү деңгээл - 1 балл, орто деңгээл - 2 балл жана жогорку деңгээл - 3 балл. Олуттуулук туруктуу, аныкталган чоңдук болуп саналат, иш жүзүндө ар бир ички аудит кызматы алардын ар бири боюнча тобокелдик даражасы боюнча гана бааланат.
Демек, баллдардын жалпы суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
R суммасы = (R1 + R 4) х 3 + (R5 +...+ R9) х 2 + (R10 + R11) х 1, мында
R суммасы – ички аудиттин ар бир объектисинин суммалык баллдык баасы;
R1-11 – ар бир конкреттүү тобокелдикти 1ден 3кө чейинки шкала боюнча баалоо, 1-таблицага ылайык, ошол тобокелдиктин тиешелүү олуттуулук деңгээлинин баллына көбөйтүлөт.
Тобокелдиктерди олуттуулук деңгээли боюнча бөлүштүрүү. Жогорку деңгээлдеги тобокелдиктер (3 балл) – бул функционалдык тобокелдиктер (же аларды “аудитордук процесстин тобокелдиктери” деп дагы аташат). Орточо деңгээлдеги тобокелдиктер (2 балл) – бул уюштуруучулуктобокелдиктери. Төмөнкү деңгээлдеги тобокелдиктер (1 балл) – системалык уюштуруучулук жана финансылык тобокелдиктер, алар жалпысынан ички аудит кызматынын ишин жана ички аудит кызматынын анын жыйынтыктарына таасирин мүнөздөйт.
Функционалдык тобокелдиктердин тобу ички аудит кызматынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө мезгилдүү отчеттуулукту жалпылоонун жана талдоонун, анын иш пландарын макулдашуунун, ички аудит кызматынын жетекчилерин жана кызматкерлерин сурамжылоонун, иштиктүү кат алышуунун жана жеке пикир алышуунун негизинде ички аудит кызматынын ишине туруктуу камералык мониторинг жүргүзүү аркылуу аныкталат. Алар ички аудит кызматынын ишинин бардык негизги аспекттерин, ички аудит кызматынын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ченемдик укуктук актылардын талаптарынынсакталышын мүнөздөйт.
Уюштуруучулук тобокелдиктеринин тобу ички аудит кызматынын жана анын кадрдык камсыздоосунун уюштуруучулук-укуктук негиздерин талдоо жана мониторинг жүргүзүү жолу менен аныкталат. Алар тиешелүү органдын системасында ички контролду жана ички аудитти уюштуруу көйгөйүнө карата ички аудит объекттеринин жетекчилеринин мамилесин, алардын ички аудит объектисинде финансылык-бюджеттик тартиптин абалы үчүн өзүнүн жеке жоопкерчилигин түшүнүүсүн мүнөздөйт.
Системалык тобокелдиктердин тобу ички аудит кызматы жөнүндө тышкы маалыматты, анын ичинде институционалдык, функционалдык, ченемдик укуктук чөйрөнү, финансылык-экономикалык көрсөткүчтөрдү талдоонун жыйынтыктары боюнча аныкталат. Алар ички аудит кызматынын ишинин натыйжалуулугун анын ички аудит объектисинин ишинин жалпыжыйынтыгынатийгизген таасиринин көз карашынан мүнөздөйт.
Пландоодо ички аудит кызматынын ишинин өткөн 2 жылдагы жыйынтыктары боюнча көрсөткүчтөр эске алынат (отчеттуулуктун суммалыккөрсөткүчтөрү боюнча жана/же тобокелдикке жараша отчеттук мезгилдин тиешелүү датасына карата абал боюнча).
1-таблицада келтирилген тобокелдиктердин тизмеги толук эмес, бирок эң көп кездешкен тобокелдиктерди камтыйт. Тобокелдиктердин белгиленген тизмеги дайыма кайра каралып жана жаңыланып турууга тийиш.
Ички аудит кызматын тандоо үчүн жогоруда келтирилген формула боюнча баллдын жалпы суммасы аныкталат. Баллдын максималдуу санын алган ички аудит кызматы тандоодо кыйла артыкчылыктуу болуп эсептелет.
Тышкы баалоону жүргүзүү үчүн тандалып алынган ички аудит кызматтарынын тизмеги сапатты тышкы баалоону жүргүзүүнүн белгиленген мезгилдүүлүгүн эске алуу менен кеминде эки жылда бир жолу өзгөртүлүп турат.
1-таблица
1-тобокелдик (R1)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Ички аудитти уюштуруу жана өткөрүү маселелери боюнча ички документтердин жоктугу
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Ички документтердеги олуттуу кемчиликтер, алардын ички аудит жаатындагы укуктук ченемдик актыларга толук ылайык келбөөсү | жогору | 3 |
Ички документтердеги анча-мынча кемчиликтер, алардын ички аудит жаатындагы ченемдик укуктук актыларга ылайык келбөөсү | орто | 2 | |
Ички документтердин ички аудит жаатындагы ченемдик укуктук актыларга толук ылайык келүүсү | төмөн | 1 |
2-тобокелдик (R2)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Ички аудитти сапатсыз пландоо; пландарды аткарбоо
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Аудитти пландоодо олуттуу кемчиликтердин болушу 1) тобокелдикке багытталган пландоонун жоктугу; 2) пландарды системалуу аткарбоо | Жогору | 3 |
Аудитти пландоодо айрым кемчиликтердин болушу 1) анча мынча кемчиликтери бар тобокелдикке багытталган пландоонун болуусу; 2) пландарды жарым-жартылай аткарбоо | орто | 2 | |
Мындай фактылардын жоктугу | төмөн | 1 |
3-тобокелдик (R3)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жол-жоболорунун жоктугу
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүнүн жол-жоболорунун жоктугу | жогору | 3 |
Аудиттин жыйынтыктары боюнча сунуштамалрды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жол-жоболору бар, бирок сунуштамаларды ишке ашыруу натыйжалуу кɵзɵмɵлдɵнбɵйт | орто | 2 | |
Мониторинг жүргүзүү жол-жоболору бар жана сунуштамаларды ишке ашыруу системалуу көзөмөлдөнөт | төмөн | 1 |
4-тобокелдик (R4)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Финансы министрлигине берилген маалыматтын анык эместиги
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат
| Финансы министрлигине берилген отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн анык эместигинин эки жана андан көп фактылары | жогору |
3 |
Берилген отчеттуулуктун көрсөткүчтөрүнүн анык эместигинин айрым фактылары | орто | 2 | |
Мындай фактылардын жоктугу | төмөн | 1 |
5-тобокелдик (R5)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Ички аудит объектисинин (мындан ары - ИА объектиси), анын ведомстволук жана аймактык бɵлүмдɵрүнүн статусуна, түзүмүнө жана штаттык санына карата ички аудит кызматынын (мындан ары – ИАК) статусу, түзүмү жана штаттык саны; ИАКтын штаттык санын негизсиз кыскартуу Көрсөткүч баалоону жүргүзүү учуруна карата акыркы отчеттор боюнча аныкталат жана камералдык мониторингдин маалыматтарын эске алат | ИАК, анын штаттык саны жана статусу жагынан алганда ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таптакыр таасирин тийгизбейт (1 аудиторго 30 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр/30 бюджеттик программалар); ИАКтын штаттык санын негизсиз кыскартуу фактыларынын болушу | жогору | 3 |
ИАК, анын штаттык саны жана статусу жагынан алганда ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына жарым жартылай таасирин тийгизет (1 аудиторго 20 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр/20 бюджеттик программалар); анын статусу же түзүмү ИА объектисинин масштабдарына адекваттуу эмес | орто | 2 | |
ИАК, анын штаттык саны жана статусу жагынан алганда ИА объектисиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таасирин тийгизет (1 аудиторго - 10 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр/10 бюджеттик программалар); | төмөн | 1 |
6-тобокелдик (R6)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
ИАКтын уюштуруучулук жана функционалдык көз карандысыздыгы
Көрсөткүч баалоо жүргүзүү учуруна карата аныкталат | Тизмедеги кемчиликтердин көпчүлүгүнүн болушу (6 нын ичинен 3 тɵн ашыгы): 1) ИАКтын өз алдынча эместиги; 2) башка шайкеш келбеген функциялар менен бириктирүү; 3) ИАК үчүн мүнөздүү эмес функциялар менен жүктөлүү; 4) ИА объектисинин жетекчисине түздөн-түз баш ийбөө; 5) ИАКтын ишине үчүнчү жактардын кийлигишүү фактыларынын болушу; 6) ИАКтын жетекчиси ИА объектисинин жетекчисине түздөн-түз кирүү мүмкүндүгүнө ээ эместиги. | жогору | 3 |
Тобокелдиктин жогорку даражасынын критерийлерине киргизилген 6 кемчиликтин 2сүнүн болушу | орто | 2 | |
Бул маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына толук шайкеш келүүсү | төмөн | 1 |
7-тобокелдик (R7)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
ИАКтын жетилгендик деңгээли (качан түзүлгөн), ИАКтын кадр саясатынын туруктуулугу, ИАКтын комплекттелиши, персоналдын квалификациялык талаптарга шайкештиги
Көрсөткүч баалоо учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматты эске алат | Саналып өткөн аспекттердин көпчүлүгүнүн болушу (5 пункттан 3төн ашыгы): 1)ИАК 2 жылдан аз иш алып барат; 2) ИАКтын жетекчисинин тез-тез алмашуусу; 3) персоналга карата квалификациялык талаптардын сакталбагандыгы; 4) ИАКтын жетекчисинин жана кызматкерлеринин адистик боюнча аз иш стажы; 5) ИАКтын олуттуу комплекттелбегендиги | жогору | 3 |
Тобокелдиктин жогорку даражасынын критерийлерине киргизилген, ички аудит функциясын жүзөгө ашыруунун сапатына олуттуу таасир этпеген 5 аспекттин 2сүнүн болушу | орто | 2 | |
Мындай аспекттердин жоктугу | төмөн | 1 |
8-тобокелдик (R8)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Бекитилген ички аудиттин сапатын камсыздоо жана жогорулатуу программасынын жоктугу; анын аткарылбагандыгы Мезгилдүү сапатты ички баалоолорду жүргүзбөө
Көрсөткүч баалоо учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматты эске алат | Программанын жоктугу жана мезгилдүү сапатты ички баалоолорду өткөрбөө | жогору | 3 |
Программада кемчиликтер бар; сапатты ички баалоолор сейрек жана/же формалдуу түрдө өткөрүлөт | орто | 2 | |
Иштин бул участогу бул маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына толук шайкеш келет | төмөн | 1 |
9-тобокелдик (R9)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Финансы министрлиги менен талаптагыдай эмес өз ара аракеттенүү, анын ичинде сапатты тышкы баалоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча Финансы министрлиги тарабынан берилген талаптарды жана сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштуруу бөлүгүндө
Көрсөткүчтү аныктоодо акыркы 2 жылдагы маалымат эске алынат | Финансы министрлигинин кайрылууларын/суроо-талаптарын системалуу түрдө этибарга албоо, тоготпостук; суроо-талаптар боюнча, анын ичинде Финансы министрлиги жүргүзгөн сапатты тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча берилген талаптарды жана сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча иштер жөнүндө формалдуу, сапатсыз маалыматтарды берүү | жогору | 3 |
Мындай фактылардын айрым учурлары | орто | 2 | |
Мындай фактылардын жоктугу | төмөн | 1 |
10-тобокелдик (R10)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
ИА объектисинин уюштуруу түзүмү, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнүн штаттык саны, финансылык ресурстардын көлөмү, ишинин функционалдык багыттарынын, бюджеттик программалардын саны
Көрсөткүч баалоо учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматты эске алат | 100дөн кем эмес ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү бар, финансылык ресурстарынын көлөмү республикалык бюджеттен жалпы чыгымдардын 2% дан ашыгын түзгөн, ишинин функционалдык багыттарынын, бюджеттик программаларынын саны көп ж. б. у. с. татаал түзүмдөгү ИА объекти. | жогору | 3 |
Финансылык ресурстарынын көлөмү республикалык бюджеттен жалпы чыгымдардын 1ден 2% га чейинки, 50дөн 100гө чейинки ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү бар, ишинин функционалдык багыттарынын, бюджеттик программаларынын саны орточо ж. б. салыштырмалуу татаал түзүмдөгү ИА объекти. | орто | 2 | |
Финансылык ресурстарынын көлөмү республикалык бюджеттен жалпы чыгымдардын 1%на чейинки, 50гө чейинки ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү бар, ишинин функционалдык багыттарынын, бюджеттик программаларынын саны аз ж. б. у. с. татаал эмес түзүмдөгү ИА объекти. | төмөн | 1 |
11-тобокелдик (R11)
Тобокелдик | Тобокелдиктин критерийлери | Тобокелдик даражасы | Баалоо |
Ички сапатты баалоонун жыйынтыктары
Көрсөткүч баалоо учуруна карата аныкталат жана акыркы 2 жылдагы маалыматты эске алат | Көпчүлүк компоненттер боюнча терс баалоо; ички сапатты баалоонун анык эместигинин фактылары аныкталды | жогору | 3 |
Айрым компоненттер боюнча терс баалоо | орто | 2 | |
Сапатты ишенимдүү баалоо | төмөн | 1 |
7-тиркеме
ИЧКИ АУДИТТИН САПАТЫНА ТЫШКЫ БААЛООНУ ЖҮРГҮЗҮҮНҮН КРИТЕРИЙЛЕРИ
| |
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
A1: ИАКтын жетекчисинин ИА объектисинин жетекчиси менен өз ара байланышы | |
ИАК түздөн-түз ИА объектисинин жетекчисине баш ийеби? |
|
ИАКтын жетекчиси ИА объектисинин коллегиалдуу органынын мүчөсү болуп эсептелеби? |
|
ИАКтын жетекчиси ИА объектиндеги бардык уюштуруучулук өзгөрүүлөр, башка негизги маселелер боюнча маалыматты өз убагында алып турабы? |
|
ИАК жөнүндө жобо объекттин жетекчиси тарабынан бекитилгенби; ал дайыма кайра каралып жана тийиштүү түрдө такталып турабы? |
|
ИАК жөнүндө жободо (башка ички документтерде) ИА объектинин жетекчиси менен ИАКтын жетекчисинин ортосундагы өз ара байланыш, ИАКтын максаты, ыйгарым укуктары жана жоопкерчилик чөйрөсү аныкталганбы? |
|
ИА объектисинин жетекчиси ИАКтын иш пландарын бекитеби? |
|
ИАКтын жетекчиси түздөн-түз ИА объектисинин жетекчисине ИАКтын ишинин натыйжалары жөнүндө отчет береби? |
|
Объекттин жетекчиси аудитордук сунуштамаларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон чараларды көрүп жатабы? |
|
A2: ИАКтын түзүмү жана штаттык саны, анын көз карандысыздыгы | |
ИАКтын түзүмү жана штаттык саны аудиттелүүчү объекттердин саны менен анын катышына жараша ички аудиттин функцияларын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кыла алабы? |
|
ИАК ИА объектисинин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналабы? |
|
ИАктын жобосу бөлүмгө бекитилген ички аудиттин ишине мүнөздүү эмес жана/же шайкеш келбеген функцияларды камтыйбы? |
|
Иш жүзүндө ИАК же анын айрым кызматкерлери ички аудиттин ишине мүнөздүү эмес жана/же шайкеш келбеген функцияларды аткарышабы? |
|
Жободо же ички аудит ишинин маселелери боюнча башка ички документтерде ички аудиторлордун алардын ишине үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнө жооп кылуу (коргоо) чаралары каралганбы? |
|
ИАКтын ишине үчүнчү жактардын кийлигишүүсүнүн далилдери барбы? |
|
Ички документтерде айрым аудиторлор тарабынан аларга тапшырылган тапшырмаларды аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу чаралары каралганбы? |
|
Иш жүзүндө кызыкчылыктардын кагылышуу фактылары барбы жана мындай фактылардын алдын алуу максатында ИАКтын жетекчиси чараларды колдонобу? |
|
ИАКтын иштешинин уюштуруу-укуктук негиздерин баалоонун жыйынтыктары
(А1 +А2)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү |
ИА объектисинин жетекчиси ички контролду жана ички аудитти камсыздоодогу өзүнүн ролуна карата түшүнүктү калыптандырат. ИАКтын болгон түзүмү жана штаттык саны ИА объектисинде системалуу ички аудитти камсыз кыла албайт жана андагы финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таасирин тийгизбейт. | ИА объектисинин жетекчиси ички аудит функциясын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыздоого карата пландарды ишке ашырат жана айрым кадамдарды жасайт. Бирок, ИАКтын учурдагы түзүмү жана штаттык саны айрым тар маселелерди гана чече алат жана бүтүндөй системага таасир эте албайт. | ИА объектисинин жетекчиси ички аудит функциясын ишке ашырууга мүмкүндүк бере турган шарттарды түзгөн. Ошол эле учурда, аны толук ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү чектеген бир катар уюштуруучулук - функционалдык кемчиликтер бар.
| ИА объектисинин жетекчиси ИАКтын ролун толук түшүнөт жана ИА объектисинин ишинин максаттарына жетүүдө, тобокелдиктерди башкарууда жана бардык деңгээлдерде контролдоодо ички аудиттен салым алууга кызыкдар. Мында ИА объектисинин системасында ички аудит функциясын өнүктүрүү үчүн резервдер бар. | Ички аудит ИА объектисинин жетекчиси тарабынан ИА объектисинде финансылык контролдун жана башкаруунун негизги куралы катары кабыл алынат. ИАК ИА объектисинин системасында системалуу, сапаттуу ички аудитти камсыз кылат, стратегиялык деңгээлде таанылган жана натыйжалуу тартылган. |
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү) | |||
ИАКтын иштешинин уюштуруучулук-укуктук негиздерин баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу
| |||
Сунушталуучу иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
В. ИАКтын кадр саясатын жана этика стандарттарынын сакталышын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
В1: ИА объектисиндеги ички чөйрөнү ИАКтын кызматкерлеринин этика стандарттарын сактоо предметине карата баалоо | |
Ички документтерде ички аудиторлордун этика стандарттарын сактоосу боюнча талаптар каралганбы? |
|
ИАКтын бардык кызматкерлери этика стандарттарынын негизги жоболору менен таанышканбы? |
|
Ички аудиторлор өздөрүнүн милдеттерин аткарууда этика стандарттарынын жоболорун сакташабы? |
|
Ички документтерде кызматкерлердин этика стандарттарынын талаптарын сактабоо учурларын кароонун жана даттанууларга жооп кайтаруунун тартиби каралганбы? |
|
Өз милдеттерин аткарууда этика стандарттарынын талаптарын бузууга байланыштуу кызматкерлердин иш-аракеттерине даттануулар болуп жатабы? |
|
Этика стандарттарын бузуу фактыларына мониторинг жүргүзүлөбү (документ жүзүндө фиксируется документально фиксируется документально белгиленет) жана мындай бузуулар болгон учурда чечимдер кабыл алынабы? |
|
Этика стандарттарын сактоо жөнүндө ИАКтын бардык кызматкерлери тарабынан кол коюлган декларациялар барбы? |
|
В2: ИАКтын өнүгүүсүнүн деңгээли, кадр саясатынын туруктуулугу, комплекттелгендигинин абалы | |
Аудитордук тапшырмаларды аткарууга кызматкерлер натыйжалуу жана пропорционалдлуу тартылабы? |
|
ИАКтын жетекчиси жарым жылда бир жолудан көп алмашабы? |
|
ИАК адистер менен жетиштүү камсыздалганбы? |
|
ИАКтын штаттык саны "аудит мейкиндигинин" жогорку тобокелдиктеги элементтерин камтууну камсыз кыла алабы? |
|
Ички документтерде ички аудиторлордун квалификациясына карата талаптар белгиленгенби? |
|
ИАКтын кадр саясатын жана этика стандарттарынын сакталышын баалоонун жыйынтыктары (В1+В2)
1-деңгээл: Калыптануу | 2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | |||||
ИА объектисинде ички аудит функциясы ага коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы кадр ресурстары менен камсыздалган эмес. Этика стандарттары сакталбайт. | ИАКтын жетекчилигинин тезден алмаштырлышы жана ИАКтын кадрдык курамынын толук комплекттенбегендиги ички аудит функциясын натыйжалуу ишке ашырууга жана өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат. Ички аудиторлор тарабынан этика стандарттарынын сакталбаган учурлары бар. | Учурдагы ИАКтын кадрдык курамы уюмдун системасында ички аудит функциясын колдой алышат, жетекчинин тапшырмаларын аткара алышат. Ошол эле убакта ички аудиттин функциясынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кадр саясатын өркүндөтүүгө багытталган бир катар иш-чараларды ишке ашыруу керек. Ички аудиторлор тарабынан этика стандарттары сакталат, бирок бир аз бузуулар менен.
| ИАК ички аудит функциясын ишке ашыруу үчүн квалификациялуу кадрлар менен толук комплекттелген. Ички аудиторлор өздөрүнүн милдеттерин этика стандарттарын сактоо менен сапаттуу аткарышат. Муну менен катар ИАКтын кадрдык курамын өнүктүрүү үчүн резервдер бар.
| ИАК этика стандарттарын сактоо менен ички аудит функциясын ийгиликтүү ишке ашырат жана жогорку тобокелдиктери менен аудиттин объектилерин камтуу үчүн жетиштүү комплекттелген.
| |||||
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү) | |||||||||
ИАКтын кадр саясатын жана этика стандарттарынын сакталышын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||||||||
Сунушталуучу иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | ||||||
|
|
|
| ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
С. ИАКтын ички ченемдик укуктук базасын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
С1: ИАКты өнүктүрүү стратегиясын аныктоого тиешелүү ички ченемдик укуктук базаны баалоо | |
ИА объектисинин жетекчиси тарабынан Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасы бекитилеби? |
|
Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасы тарабынан коюлган максаттарга жетүү деңгээлин өлчөө көрсөткүчтөрү аныкталганбы; Программа актуалдуулукту жана ылайыктуулукту камсыздоо үчүн үзгүлтүксүз (жылына 1 жолудан кем эмес) кайра карап чыгуунун предмети болуп саналабы? |
|
Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасы, кадрдык потенциалды талдоо жана коюлган максаттарга жетүү үчүн зарыл болгон квалификациялуу кадрларга муктаждыктарды баалоону камтыйбы? |
|
Сапатты ички баалоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун абалы көзөмөлдөнөбү, эгерде ошондой болсо, анда алар толугу менен ишке ашырылып жатабы, аларды ишке ашырууга эмне тоскоол болуп жатат? |
|
Персоналды окутуу планы барбы жана эгер бар болсо, анда персоналдын реалдуу муктаждыктары канчалык деңгээлде толук эске алынган? |
|
Ички аудиторлор үчүн тармактык маселелер боюнча сабактар өтүлөбү; мындай окуу өткөрүлгөндүгүн тастыктаган документтер барбы; сабактар окуу планына толук ылайык келеби (болгон учурда)? |
|
Бардык ички аудиторлор мезгил-мезгили менен кесиптик квалификациясын жогорулатуудан өтөбү? ИАК бардык мындай пландалган жана өткөрүлгөн курстардын реестрин жүргүзөбү? |
|
ИА объектисинин деңгээлинде бардык өткөрүлгөн окутуулардын жана ички аудитордун жетишкендиктеринин жалпы реестри жүргүзүлөбү? |
|
ИАКтын ишин пландоодо персоналды окутууга жетиштүү өлчөмдө убакыт бөлүү эске алынабы? |
|
Ички аудиттин сапатына ички баалоо жүргүзүлөбү жана канчалык көп жолу? |
|
Жүргүзүлгөн сапатты ички баалоонун жыйынтыктары боюнча ички аудиттин сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралар иштелип чыгабы жана алар кийинки мезгилге карата Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасында чагылдырылабы? |
|
ИАКтын жетекчиси ИАнын объектисинин жетекчисинин алдында Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасын ишке ашыруу боюнча, анда коюлган максаттардын жыйынтыктарын, ошондой эле ички аудиттин сапатын ички баалоонун жыйынтыктарын кошуу менен отчет береби? |
|
С2: ИАКтын ишин жөнгө салуучу ички ченемдик укуктук базаны баалоо | |
Ички аудиторлордун кызматтык нускамалары бекитилгенби? |
|
Жободо жана кызматтык нускамаларда иштин бардык негизги аспекттери ачыкталганбы, алар мыйзамдардын негизги талаптарына жооп береби? |
|
Ички аудитти жүргүзүү жана документтештирүү боюнча тармактык нускама бекитилгенби? |
|
Ички аудитти жүргүзүү жана документтештирүү боюнча нускама ички аудиттин бардык багыттарын камтыйбы, ал мыйзамдардын талаптарына жооп береби? |
|
Ички документтерде аудитти пландоо тартиби аныкталганбы (өзүнчө документ же башка ички документтин бөлүмү катары)? |
|
Ички аудитти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ички документтер жумуш убактысынын пландык жана иш жүзүндөгү фондун эсептөө тартибин, аны аудиттин багыттары боюнча бөлүштүрүүнү, пландарга киргизүү үчүн объекттерди тандоону, ошондой эле мындай тандоонун критерийлерин аныктайбы? |
|
Ички аудитти жүргүзүү үчүн объекттерди тандоо ар жылдык тобокелдиктерди баалоого негизделгенби? Тобокелдиктердин негизинде аныкталган ички аудит ишинин артыкчылыктары ИА объектисинин ишинин максаттары менен байланыштуу экендигине далилдер барбы? |
|
ИАКтын ички ченемдик укуктук базасын баалоонун жыйынтыктары (С1+С2)
1-деңгээл: Калыптануу
| 2-деңгээл: Өнүгүү
| 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | ||||||||||||
ИА объектисинде ички аудиттин функцияларын ишке ашырууну жөнгө салуучу ички ченемдик укуктук база жок (ИАКтын ишин камсыздоо бөлүгүндө да, аны өнүктүрүү бөлүгүндө да). | ИА объектисинде ички аудиттин иши жана аны өнүктүрүү боюнча колдо болгон ички документтерде ченемдик укуктук актылардын бир катар талаптары эске алынган эмес, ошондуктан алар олуттуу кайра иштеп чыгууну талап кылат. | ИАКтын ишин жөнгө салуучу ички документтерде анын ишинин, андан ары өнүктүрүүнүн жана ички аудит функциясынын сапатын жогорулатуунун айрым аспекттери эске алынган эмес. | ИАКтын ички ченемдик укуктук базасы ишин жүргүзүү жана өнүктүрүү, ички аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн жетиштүү болуп саналат. Ошол эле учурда, ал айрым аспекттерди кененирээк чагылдырууну же бир катар тактоолорду талап кылат. | Ички ченемдик укуктук база бул чөйрөдөгү мыйзамдардын талаптарына толук жооп берет, ички аудит функциясын ишке ашыруунун жана аны өнүктүрүүнүн бардык негизги аспекттерин чагылдырат. | ||||||||||||
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү)
|
| |||||||||||||||
ИАКтын ички ченемдик укуктук базасын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу |
| |||||||||||||||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
| ||||||||||||
|
|
|
|
| ||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
D. ИАКтын ишин пландоо системасын жана пландардын аткарылышынын абалын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
D1: Пландарды түзүүнүн жана бекитүүнүн, аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби | |
Баалоо камтылган мезгилдерге карата ИАКтын иш пландары барбы? |
|
ИАК ченемдик укуктук актылардын жана ички документтердин төмөнкүлөргө карата талаптарын иш жүзүндө сактайбы: |
|
- тобокелдиктерди баалоонун, объекттерди тандоонун башка аныкталган критерийлеринин негизинде пландарды түзүү (объекттерди аудиттер менен камтуунун толуктугу жана мезгилдүүлүгү ж. б.) |
|
- пландык жана иш жүзүндөгү жумуш убактысынын фонддорун эсептөө? |
|
- Пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүү? |
|
- пландан тышкаркы аудиттерди жүргүзүү үчүн негиздердин мыйзамдуулугу? |
|
D2: Пландардын аткарылышынын абалы | |
Ички аудитти жүргүзүү пландарынын жүз пайыз аткарылышы камсыздалдыбы? |
|
Пландарды аткарбоонун негиздүү себептери барбы (эгер аткарбоо фактылары болсо)? |
|
Пландарды аткарбоо фактылары аларды түзүү стадиясында кетирилген кемчиликтер жана жаңылыш эсептөөлөр менен байланыштуу эмеспи? |
|
Пландарды аткарбоо фактылары системалуу мүнөзгө ээби? |
|
Пландан тышкаркы тапшырмалардын саны пландардын аткарылышынын абалына, ошондой эле аудит объекттерин ички аудит менен камтуунун системалуулугуна таасир этеби? |
|
ИА объектисинин жетекчиси ички аудитти жүргүзүү пландарынын аткарылышынын абалы жөнүндө дайыма маалымдалып турабы? |
|
ИАКтын ишин пландоо системасын жана пландардын аткарылышынын абалын баалоонун жыйынтыктары (D1+D2)
1-деңгээл: Калыптануу | 2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | ||||
Ички аудитти пландоо системасы жок. Пландар тобокелдиктерди баалоосуз же башка критерийлерсиз түзүлөт. Натыйжада, айрым объекттерге аудит бир нече жолу пландалган, ошол эле учурда жогорку тобокелдиктеги объекттер ички аудит менен камтылган эмес. Пландар формалдуу жана дайыма эле аткарыла бербейт. | ИАК ишти пландоодо тобокелдиктерди баалоону жана башка критерийлерди колдонууга аракет кылат. Бирок контролдоо чөйрөсүн же жок дегенде жогорку тобокелдиктеги объекттерди камтуунун системалуулугун камсыздоо мүмкүн эмес. Пландан тышкаркы тапшырмалардын көптүгүнөн пландар аткарылбай калат.
| Пландар бекитилген тартипке ылайык түзүлөт, жогорку тобокелдиктерге ээ объектилерди камтыйт жана негизинен аткарылат. Ошол эле учурда, пландоо системасында айрым кемчиликтер жана четтөөлөр бар.
| тобокелдиктерди баалоонун негизинде ички аудит боюнча ишти пландоо системасы ИА объектисинин деңгээлинде бекитилген жана иш жүзүндө ишке киргизилген. Пландар ченемдик укуктук базанын талаптарына ылайык түзүлөт жана толугу менен аткарылат. | Пландоо системасы так, ачык-айкын жана натыйжалуу. Тобокелдиктерге багытталган пландоо иш-аракеттерди эң тобокелдүү чөйрөлөргө багыттоого мүмкүндүк берет жана ички аудиттин максаттарына жетүү үчүн ресурстарды мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылат. | ||||
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү)
| ||||||||
ИАКтын ишин пландоо системасын жана пландардын аткарылышынын абалын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | ||||||||
Сунушталуучу иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | |||||
|
|
|
| |||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
E. Ички аудиттерди жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттерин баалоо
| |
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
E1: Ички аудиттерди уюштуруу бөлүгүндө ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу | |
Ченемдик укуктук актылардын жана ички документтердин төмөнкү бөлүктөрдөгү талаптары аткарылуудабы: |
|
- ички аудитти жүргүзүүнү даярдоо: объектти изилдөө, талдоо, максаттарды аныктоо, пландоо жана эмгек ресурстарын бөлүштүрүү? |
|
- ички аудиттердин программаларын түзүү жана бекитүү? |
|
-ички аудиттерди жүргүзүү программаларынын аудитордук тапшырманын белгилүү максаттарына ылайык келишин камсыздоо? |
|
- программаларда аныкталган текшерүүлөрдүн көлөмдөрүнүн аларды жүргүзүү мөөнөттөрүнө жана ресурстарына ылайык келишин камсыздоо? |
|
- ички аудиттерди жүргүзүүгө башка бөлүмдөрдүн/уюмдардын адистерин тартуу жол-жоболорун аныктоо? |
|
- аудиттерди жүргүзүү мөөнөттөрүн аныктоо жана сактоо? |
|
E2: Аудитордук иш-аракеттердин натыйжалуулугу жана ички аудиттин материалдарын документтештирүүнүн сапаты | |
Ички аудиттин материалдары аудит программасынын ар бир маселеси боюнча аудитордук далилдерди чогултуу учурундагы ички аудиторлордун иш-аракеттеринин толуктугун ырастайбы? |
|
Ички аудиттерди документтештирүүгө, аудитордук отчеттордун формаларына карата ченемдик укуктук актылардын талаптары аткарылабы? |
|
Аудитордук отчеттордо фактылар, аудитордук далилдер, аныкталган кемчиликтер жана бузуулар толук көлөмдө жана жетиштүү түрдө так документтештирилгенби (фактылар так жана түшүнүктүү баяндалганбы, ченемдик укуктук актыларга шилтемелер барбы ж. б.)? |
|
Аудитордук материалдардагы аудитордук далилдер аудитордук отчеттордогу аудиторлордун тыянактарына дайыма дал келеби? |
|
Аудитордук отчеттордо документтештирилген бузуулар жана кемчиликтер ар дайым туура квалификацияланабы? |
|
Ички аудиттин материалдарында ИАКтын жетекчиси/аудитордук топтун жетекчиси тарабынан ички аудиттин жүргүзүлүшүнө мониторинг жүргүзүүнүн документ түрүндөгү ырастоосу камтылганбы? |
|
Аудитордук материалдарды түзүү жана сактоо боюнча ченемдик укуктук актылардын жана ички документтердин талаптары аткарылабы? |
|
Ички аудиттерди жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттерин баалоонун жыйынтыктары (E1+E2)
1-деңгээл: Калыптануу
|
2-деңгээл: Өнүгүү | 3-деңгээл: Ишмердик | 5-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү |
Ички аудиттер канааттандырарлык эмес деңгээлде уюштурулат жана жүргүзүлөт. Иш жүзүндө ички аудит функциясы өз максатына жетпейт жана бузууларды толук көлөмдө аныктай албайт же алдын ала албайт. Айрым гана маселелер текшерилет, анын үстүнө аудитордук иш-аракеттер үстүртөн жүргүзүлөт, документтештирүүдөгү кемчиликтер аныкталган бузууларды жана учурдагы көйгөйлөрдү квалификациялоого мүмкүнчүлүк бербейт. | Аудитти уюштурууда жана жүргүзүүдө бир катар кемчиликтер бар, алар ички аудит функциясын ишке ашыруунун натыйжалуулугуна өбөлгө түзө албайт. Бирок, бул функция Ички аудиттин стандарттарына ылайык өнүгүүдө жана айрым маселелерди чечүүдө ИА объектисинин жетекчисине жардам берет.
| Ички аудиттер системалуу мүнөзгө ээ болбогон анча-мынча кемчиликтер менен уюштурулат жана жүргүзүлөт, жана белгилүү (бир катар учурларда салыштырмалуу жогорку) натыйжаларга жетишүүнү камсыз кылат. Ошол эле учурда, ички аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн айрым чараларды көрүү зарыл. | Ички аудиттер тийиштүү деңгээлде уюштурулат жана жүргүзүлөт. Айрым гана кемчиликтер бар, аларды четтетүү ички аудиттин сапатын жогорулатуу үчүн резерв болот. | Ички аудиттер кесипкөй деңгээлде уюштурулат жана жүргүзүлөт. Ички аудит функциясы ИА объектисинин ишинде орун алган бузууларды, кемчиликтерди жана көйгөйлүү маселелерди максималдуу аныктоону камсыз кылат. |
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү) | |||
Ички аудиттерди жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттерин баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||
Сунушталуучу иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
F. Жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана алардын жыйынтыктарынишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо
| |
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
F1: Жүргүзүлгөн ички аудиттердин натыйжалуулугуна жана отчеттордун ишенимдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү | |
ИАКта ички аудиттин жыйынтыктары боюнча отчеттук көрсөткүчтөрдү эсепке алуу жана топтоо системасы киргизилгенби? |
|
ИАК өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө ИА объектисинин жетекчисинин алдында отчет береби (белгиленген мезгилдүүлүк менен)? |
|
Отчеттук көрсөткүчтөрдүн туура эместигинин, бурмалангандыгынын, алардын ИА объектисинин жетекчисине берилген отчетторго ылайык келбөөсүнүн фактылары барбы? |
|
Аудит объекттеринин ички аудиттердин жыйынтыктары менен макул эместигинин, ички аудиторлордун аракеттерине сын-пикирлердин, даттануулардын ж. б. у. с. фактылары барбы,? |
|
Аудитордук отчетторго карата сын-пикирлерди/каршы пикирлерди, ички аудиторлордун аракеттерине даттанууларды кароонун ички тартиби белгиленгенби? |
|
F2: Ички аудиттин жыйынтыктарын ишке ашыруу | |
Ички аудиттердин жыйынтыктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салуучу бекитилген ички документтер барбы? |
|
Ички аудиттин жыйынтыгы боюнча берилген сунуштамалар: |
|
- конкреттүү, конструктивдүү мүнөзгө ээби? |
|
- баалоо материалдарында баяндалган фактыларга шайкеш келеби? |
|
ИАКтын жетекчисине жүргүзүлгөн ар бир ички аудиттин жыйынтыктары берилеби жана мындай фактылардын документалдык далилдери барбы? |
|
ИА объектисинин жетекчиси ички аудиттин жыйынтыктары боюнча берилген бардык сунуштамалар менен ар дайым макулбу? |
|
Ички аудиттин жыйынтыктары жөнүндө укук коргоо жана башка кызыкдар органдарга бардык учурларда жана өз убагында маалымдалып турабы? |
|
F3: Ички аудиттердин жыйынтыктары боюнча аудитордук сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн абалы | |
Ички аудиттердин жыйынтыктары боюнча сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн формасын жана жол-жобосун жөнгө салуучу бекитилген ички документтер барбы? |
|
Ички документтерде аудитордук сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү, аларды ишке ашыруунун так мөөнөттөрү, ар бир конкреттүү иш-чараны ишке ашырууга жооптуу кызмат адамдары, ошондой эле сунуштамаларды ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар аныкталабы? |
|
Аудитордук сунуштамаларды ишке ашырууга иш жүзүндө мониторинг жүргүзүлөбү? |
|
Кемчиликтерди жоюу жана аудитордук сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча документ түрүндө далил барбы? |
|
Аудитордук сунуштамаларды алардын сапатсыз туюндурулушунун себебинен аткарбоо фактылары барбы (ким, эмнени жана эмне үчүн аткаруу керектиги так эмес, түшүнүксүз)? |
|
Белгилүү бир мөөнөттөрдө сунуштамалар аткарылбаган учурда ИАК аудит объектисине карата чараларды (эскертүү каттары, ведомстволук буйруктар ж.б.) демилгелейби? |
|
Жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана алардын жыйынтыктарынишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктары (F1+F2+F3)
1-деңгээл: Калыптануу
| 2-деңгээл: Өнүгүү
| 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү |
| ||||||||||||||||||
ИАКтын иши дээрлик натыйжасыз. Тобокелдиктерди эскертүү системасы жок. ИАК финансылык-бюджеттик тартиптин абалына эч кандай таасир тийгизбейт. | ИАКтын ишинин натыйжалуулугунун деңгээли төмөн, же болбосо объекттин жетекчиси аудиттин жыйынтыктарын ишке ашырууга тийиштүү көңүл бурбайт. ИАКтын олуттуу пайдасы жок. | ИАКтын ишинин натыйжалуулук деңгээли орто же ортодон жогору. Ошол эле учурда аудиттин жыйынтыктарын ишке ашырууда белгилүү бир көйгөйлөр, анын ичинде өздүк сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жеткилеңсиздигине байланыштуу көйгөйлөр бар. | ИАКтын ишинин натыйжалуулук деңгээли кыйла жакшы. ИАК ИА объектиндеги финансылык-бюджеттик тартиптин абалына таасирин тийгизет, жетекчиге актуалдуу маселелерди чечүүдө жардам берет. Ошол эле учурда, ички аудит ишинин бул компонентин жакшыртуу үчүн резервдер бар. | Ички аудит функциясы ага коюлган милдеттерди аткарат, натыйжалуу жана майнаптуу ишке ашырылат. ИА бузууларды четтетүүгө, аларды мындан ары болтурбоого жана финансылык башкарууга жана контролдоого тийиштүү колдоо көрсөтүүгө жогорку деңгээлдеги кепилдиктерди камсыз кылат. |
|
| |||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү) | ||||
Жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана алардын жыйынтыктарын ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | ||||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар | |
|
|
|
| |
|
|
|
|
|
G. Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүнүн абалын баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
G1: Мурдагы ички аудиттин сапатын баалоо учурунда Финансы министрлиги тарабынан аныкталган кемчиликтерди четтетүүнүн жана берилген сунуштамаларды ишке ашыруунун абалы | |
Сапатты тышкы баалоонун жыйынтыктары боюнча берилген сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча пландар (башка ички документтер) ар бир сунуштама боюнча конкреттүү аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу аткаруучуларды аныктоо менен иштелип чыгабы? |
|
ИА объектисинин жетекчиси берилген сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча пландарды бекитеби? |
|
Финансы министрлигинин сунуштамалары иш жүзүндө аткарылып жатабы жана алардын аткарылышы көзөмөлгө алынганбы? |
|
Мурдагы баалоонун жыйынтыктары боюнча берилген Финансы министрлигинин ар бир сунуштамасынын аткарылышынын абалы: |
|
1)______________ |
|
2)______________ |
|
3)______________ |
|
G2: ИАКтын Финансы министрлиги менен ички аудит функцияларын ишке ашыруу жаатында өз ара аракеттенүүсүнүн абалы | |
Финансы министрлигине отчеттор дайыма жана өз убагында берилеби? |
|
Финансы министрлиги тарабынан отчетторду алардын сапатсыз түзүлгөндүгүнөн, отчеттук көрсөткүчтөрдүн ишенимсиздигинен улам жеткире иштеп чыгууга (кошумча тууралап-түздөөгө) кайтарып берүү фактылары барбы? |
|
ИАКтын кызматкерлери Финансы министрлиги уюштурган окууларга, семинарларга, башка иш-чараларга катышабы? |
|
Финансы министрлигинин кайрылууларын/суроо-талаптарын, анын ичинде сапатты тышкы баалоонун жыйынтыгы боюнча Финансы министрлиги тарабынан берилген талаптарды жана сунуштамаларды ишке ашыруу боюнча ишти уюштурууга карата көңүл бурбай коюу фактылары барбы? |
|
Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүнүн абалын баалоонун жыйынтыктары (G1+G2)
1-деңгээл: Калыптануу
| 2-деңгээл: Өнүгүү
| 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | ||||
ИАК Финансы министрлиги менен өз ара аркеттенишпейт. Финансы министрлигинин сунуштамалары толугу менен четке кагылат (көңүлгө алынбайт). | ИАК Финансы министрлиги менен мыйзамдарда аныкталган бардык эле аспекттер боюнча өз ара аракеттене бербейт. Финансы министрлигинин сунуштамаларынын көпчүлүгү аткарылган эмес же формалдуу түрдө аткарылган, бул ички аудит функциясын өнүктүрүүгө жана сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтпөйт. | ИАК Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенет (саналуу учурларды кошпогондо). Финансы министрлигинин сунуштамаларынын көпчүлүгү аткарылды. Баалоонун жыйынтыктары боюнча ички аудит функциясынын сапатынын жогорулашы байкалат. | ИАК Финансы министрлиги менен системалуу жана ар тараптуу өз ара аракеттенет. Сунуштамалар дээрлик толугу менен аткарылат. Ошол эле учурда, сунуштамаларды толугу менен ишке ашырууга объективдүү тоскоолдуктар бар. | ИАК Финансы министрлиги менен системалуу жана ар тараптуу өз ара аракеттенет. Сунуштамалар толугу менен аткарылат. |
Далил болуучу база (документтердин көчүрмөлөрү) | |||
ИА объектисинин Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүсүнүн абалын баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
| |||
Н. Ички аудиттин сапатына ички баалоону жүргүзүүнүн объективдүүлүгүн баалоо
Критерийлер | Ооба/жок (зарыл болсо кыскача түшүндүрмө берүү) |
H1: Тышкы баалоонун жыйынтыктарынын баалоо мезгилинде жүргүзүлгөн ички баалоонун мурунку жыйынтыктары менен катышы | |
Ички аудиттин сапатын мурдагы ички жана тышкы балоолорду салыштырууда төмөнкүлөргө тиешелүү четтөөлөр аныкталганбы: |
|
- ИАКтын уюштуруу түзүмүнө, анын статусуна жана штаттык санына? |
|
- ИАКтын көз карандысыздыгына? |
|
- ИА объектисинин жетекчиси менен өз ара байланышына? |
|
- кадр саясатындагы маселелерге? |
|
- ички аудиторлор тарабынан этика стандартарынын сакталышына? |
|
- ички аудиттин сапатын камсыздоого жана жогорулатууга? |
|
- ички аудит боюнча ички ченемдик укуктук базаны даярдоого, тариздөөгө жана бекитүүгө, анын Ички аудиттин стандарттарына, этика стандарттарына шайкеш келишине? |
|
- ички аудитти жүргүзүүнүн пландарын түзүүнүн жана бекитүүнүң тартибине? |
|
- ички аудитти жүргүзүүнүн пландарын аткарууга? |
|
- ички аудитти уюштурууга? |
|
- ички аудитти жүргүзүүгө жана аларды документтештирүүгө? |
|
- отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүнө? |
|
- ички аудиттин натыйжалуулугуна? |
|
- ички аудиттин жыйынтыктарын ишке ашырууга? |
|
- аудитордук сунуштамаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүгө? |
|
- ички аудит функциясын ишке ашыруу жаатында Финансы министрлиги менен өз ара аркеттенүүнүн абалына? |
|
Ички аудиттин сапатына ички баалоону жүргүзүүнүн объективдүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары (H1)
1-деңгээл: Калыптануу
| 2-деңгээл: Өнүгүү
| 3-деңгээл: Ишмердик | 4-деңгээл: Жетилгендик | 5-деңгээл: Үлгү | ||||
Ички аудит функциясы начар жана жөндөмсүз. Ички аудиттин сапатын ички баалоо жүргүзүлбөйт же ушунчалык толук эмес жана сапатсыз жүргүзүлгөндүктөн, алардын жыйынтыктарын салыштырууга болбойт. | Ички аудит функциясы өнүгүүнүн баштапкы этабында. Сапатты ички баалоо жүргүзүлөт, бирок, көпчүлүк учурларда ИАКтын жетекчиси ички аудит функциясын ишке ашыруунун сапатын калыс жана туура баалай албайт. | Ички аудиттин функциясы өнүгүүдө, анын сапатын жогорулатууга умтулуу байкалууда. Ички аудиттин сапатын ички баалоо толугу менен объективдүү жана иштин айрым аспекттери боюнча гана четтөөлөр аныкталган | Ички аудит функциясы натыйжалуу жана майнаптуу ишке ашырылат. Ички аудиттин сапатын ички баалоонун жыйынтыктары ички аудиттин бардык аспекттерин түшүнүүнүн жогорку деңгээлин жана аларды баалоонун объективдүүлүгүн баса белгилейт. Тышкы баалоонун жыйынтыктарынан четтөөлөр дээрлик жок. Ошол эле учурда, баалоонун жыйынтыктары боюнча корутундулар жана сунуштамалар толуктоолорго жана кичине тууралоолорго муктаж. | Ички аудит функциясы өнүккөн, ага тышкы баалоо жүргүзүүнүн кажети жок. ИАКтын жетекчиси ички аудитти объективдүү ички баалоону өз алдынча ишке ашыра алат, корутунду чыгарат жана ИАКтын ишинин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү боюнча сунуштамаларды даярдайт. |
Далил болуучу база | |||
Ички аудиттин сапатына ички баалоону жүргүзүүнүн объективдүүлүгүн баалоонун жыйынтыктарын ишке ашыруу | |||
Сунушталуучу иш-чаралар
| Жооптуу аткаруучулар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Күтүлгөн жыйынтыктар |
|
|
|
|
| |||
8-тиркеме
(жетекчи)
_________________ ички аудит кызматынын ______ - жылга карата Ички аудиттин сапатын жогорулатуу жана кепилдик берүү программасы
Программанын максаты: (ички аудит кызматынын ишинин жалпы максатынын бир бөлүгү, үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүү анын милдеттүү компоненти болуп саналат)
Камтуу чөйрөсү (бардык иш-чаралар/аудитордук текшерүүлөр жана/же иштин башка аспекттери, ишти башкаруу, мониторинг, отчеттуулук ж. б.)
№ | Сапатты баалоонун жыйынтыгы боюнча сапатты жакшыртуу үчүн сунушталган иш-чаралар | Жооптуу аткаруучулар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруу жөнүндө белги |
Сапатты ички баалоолор | ||||
I. Ички аудиттин жалпы стандарттары (Этика стандарттары) | ||||
Кесипкөйлүк жана ишке карата кесипкөй мамиле | ||||
|
|
|
|
|
Ички аудиттин көз карандысыздыгы жана объективдүүлүгү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
II. Иштин стандарттары | ||||
Ички аудитти жүргүзүүнүн багыттары | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудит боюнча ишти пландоо | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Аудитордук текшерүүлөрдүн маалыматтар базасын жүргүзүү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудитти уюштуруу | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудитти жүргүзүү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудиттин жүрүшүн жана жыйынтыктарын документтештирүү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
III. Отчеттуулуктун стандарттары, ички аудиттин жыйынтыктары боюнча иштерди түзүү, сактоо жана сапатын баалоо | ||||
Ички аудит кызматынын иши жөнүндө отчет | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудиттин иштерин түзүү жана сактоо | ||||
|
|
|
|
|
Сапатты тышкы баалоо | ||||
I. Ички аудит кызматынын иштешинин уюштуруучулук-укуктук негиздери | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
II. Ички аудит кызматынын кадр саясаты | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
III. Ички аудит кызматынын ички ченемдик укуктук базасы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
IV. Ички аудит кызматынын ишин пландоо жана пландардын аткарылышынын абалы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
V. Ички аудитти жүргүзүүнүн уюштуруучулук жана функционалдык аспекттери | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
VI. Жүргүзүлгөн ички аудиттердин жана алардын жыйынтыктарын ишке ашыруунун натыйжалуулугу | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
VII. Финансы министрлиги менен өз ара аракеттенүүнүн абалы | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
VIII. Ички аудиттин сапатына ички баалоолорду жүргүзүүнүн объективдүүлүгү | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ички аудит кызматынын жетекчиси
“_____”_________20___-ж. ____________________ _______________
(Колу) (Аты-жөнү)
1.Түзүм учурдагы милдеттерди эске алуу менен жана ички аудит кызматынын ишинде актуалдуу көйгөйлүүмаселелердин келип чыгышына байланыштуу өзгөртүлөт.
2. Тиркемелер (зарыл болгон учурда).