Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-февралы № 01-5/9
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү боюнча 2021-жылдын жергиликтүү бюджетти менен атайын каражатын киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча угуп, талкуулап чыгып, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 03.02.2021-жылдагы №1 протоколуна ылайык
Военно-Антоновка айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата киреше боюнча 36590,5 мин сом жана атайын каражатынын кирешеси 5000,0 мин сом бюджети бекитилсин. (№1 тиркеменин негизинде)
2. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата чыгашасы боюнча 36590,5 мин сом жана атайын каражатынын чыгашасы 5000,0 мин сом бюджети бекитилсин. (№2 тиркеменин негизинде)
3. Өндүрүштүк муктаждыгына байланыштуу сапарлары үчүн башка жол жүрүү боюнча чыгымдарынын каралган каражаттардын чегинде транспорт акысы унаалар үчүн айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде жүргүзүлсүн.
4. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укуктары үчүн алынган каражат багыттуу пайдаланылсын.
5. Ашыкча түшүүлөрдөн түшкөн кирешеге, коомдук жана маданий иш-чаралары үчүн, айылдын турак жай-коммуналдык муктаждыктарын жакшыртуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык жардам берүүгө пайдаланылсын.
6. Айыл өкмөт башчысына бекитилген бюджетке ылайык бөлүмдөр ичинде стаьялардан статьяга ыкчам муктаждыктарына карата акча каражаттарынын жылдырып тууралап жүргүзүүсүнө укук берилсин.
7. Өзгөчө кырдаалга 200,0 миң сом каражаты бекитилсин.
8. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн жылдын аягында түзүлгөн жергиликтүү бюджетти аткарууда алынган кошумча кирешелери, ошондой эле 01.01.2021-жылга калган кирешелердин чыгашалардан ашып түшкөн суммалары бекитилсин. №4 тиркеменин негизинде.
9. Айыл Кенешинин №4,№5,№6,№7.№8,№10,№11,№12чи токтомдорун аткаруу үчүн 2021-жылдын бюджетине киргизилсин.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |