Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна) |
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү жобо Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун (мындан ары - Фонд) ишинин тартибин аныктайт.
2. Фонддун иши Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Типтүү жобонун негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Фонд Облусту өнүктүрүү фонду же Районду өнүктүрүү фонду түрүндөгү юридикалык жактын статусуна ээ жана мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлөт.
4. Облусту өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү саналат.
5. Районду өнүктүрүү фондунун уюштуруучусу болуп жергиликтүү мамлекеттик администрация саналат.
6. Фонддун каражаттары Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын акча каражаттары болуп саналат.
7. Фонддун ишин жүзөгө ашыруу үчүн казыналык системада бюджеттик жана атайын эсептер ачылат.
8. Фонд өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
9. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) өтүнмө ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган же ишкердик субъект;
2) долбоорду аткаруучу - долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган жана Фонд менен долбоорду каржылоого келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик орган/ишкердик субъект;
3) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
4) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
5) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген, социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгымдардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
6) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жарандар тобу тарабынан уюштурулган жергиликтүү коомчулуктун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
7) долбоордук өтүнмө - типтүү форматтын негизинде иштелип чыккан жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/мамлекеттик органдын/ишкердик субъекттин атынан берилген долбоордун сыпаттамасы;
8) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
9) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун ишинин натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
10) социалдык долбоор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын жергиликтүү маанидеги, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жана калктуу конуштардын социалдык, экономикалык жана маданий инфраструктурасын, ошондой эле мамлекеттик муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртууга багытталган маселелерди чечүүнүн алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөдө калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү боюнча максаттуу багытталган, убакыт менен чектелген иши;
11) экономикалык долбоор - пайда алуу максатында ишкердик субъекттер тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөгө ашыруунун экономикалык максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор;
12) стартап долбоор - көйгөйлөрдү чечүүгө, пайда алууга багытталган, олуттуу жакшырууларга алып келген, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;
13) ишкердик субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан пайда алуу максатында өзүн тобокелдикке салып жана өзүнүн мүлктүк жоопкерчилиги алдында мыйзамдар менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар;
14) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси - шаардын/айыл аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;
15) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо - бул шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды абаттоо боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен берилүүчү акча каражаттары;
16) жашыл экономика - бул адамдын бакубаттуулугун жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика.
3-глава. Фонддун максаты жана милдети
10. Фонддун максаты облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу, жергиликтүү коомчулуктун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын демилгелерин колдоо жана ишкердик субъекттердин жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондордо жумуш орундарын түзүү жолу менен региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган экономикалык долбоорлорун каржылоо болуп саналат.
11. Фонддун милдети болуп облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын артыкчылыктарына ылайык Фонддун финансылык каражаттарын натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу саналат.
12. Фонддун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттары социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду жана экономикалык долбоорлорду каржылоого жумшалат, анын ичинен төмөнкүлөргө:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд (мындан ары - ФКФ) тарабынан мөөнөттүү, акы төлөө жана кайтарымдуу шарттарында жүзөгө ашырылуучу бюджеттик кредит аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого;
2) "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун катышуучуларынын экономикалык долбоорлорун ишке ашырууга;
3) ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого;
4) социалдык жана инфраструктуралык, экономикалык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгууга;
5) саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттерди куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
6) калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
7) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
8) жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
9) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды сатып алууга;
10) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) тиешелүү финансылык макулдашууну түзүү аркылуу мөөнөттүү жана кайтарымдуу негизинде финансылык каражаттарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
11) калктуу конуштарды абаттоо, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга;
12) иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө;
13) ишкердик субъекттер үчүн кошумча киреше алуу үчүн жашыл долбоорлорду илгерилетүүгө;
14) энергиянын кайра жаралуучу жана таза булактарын, энергия натыйжалуу технологияларды пайдаланууну, калдыктарды башкарууну жана жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүүнү камтыган инновациялык жашыл продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга;
15) жашыл технологияларды киргизүүнү жана жайылтууну колдоо үчүн жашыл технологияларга жана практикага кошумча инвестицияларды тартууга;
16) алдынкы жашыл технологияларды/материалдарды интеграциялоого, бууланган газдардын чыгуусун азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу үчүн жаңы инновациялык ыкмаларды жана/же экономикалык натыйжалуу технологияларды киргизүүгө;
17) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды илгерилетүүгө;
18) калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
19) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергия натыйжалуу, энергия жана суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
20) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3%ынан кем эмес бөлүгүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө жана жабыр тарткан калкты материалдык жактан колдоого (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи зарылдыктагы товарларды сатып алуу);
21) жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
22) ушул пунктта аныкталган милдеттерди ишке ашыруу максатында Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча башка Фонддун эсебине финансылык каражаттарды которууга;
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Фонддун максаттарына жана милдеттерине ылайык башка максаттарга.
13. Фонддун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коргоо, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ишин колдоого;
2) жөндөмдүү балдардын жана таланттардын иш-чараларга (билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук) катышуусун, алар үчүн билим берүү мекемелеринде окууга шарттарды түзүүнү, калктын социалдык аялуу катмарын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарды колдоого;
3) Кыргыз Республикасынын окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуунун ваучердик каржылоо механизмин жүзөгө ашырууга;
4) социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердигин алынган сумманын 50%ына чейинки өлчөмүндө өтүнмөнүн негизинде каржылоого.
Фонддун каражаттарын майрамдык иш-чараларды, юбилейлерди жана Фонддун максатына жана милдетине ылайык келбеген башка иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланууга жол берилбейт.
14. "МИК" ААК менен кызматташтыкта ишке ашыруу пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор инфраструктуралык долбоорлор болуп саналбайт жана тиешелүү өтүнмөнү толтурууну талап кылбайт.
Мында "МИК" ААК андан ары Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосу үчүн тиешелүү документтерди тиркөө менен Фонддун атына жазуу жүзүндөгү кайрылууну жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун бардык уюштуруу-техникалык шарттары, анын ичинде долбоорду каржылоо тартиби, Фонддун каражаттарын кайтаруу мөөнөттөрү, долбоорду ишке ашырууга катышкан кошумча тараптардын милдеттери тиешелүү финансылык макулдашуу менен аныкталат.
15. Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети бюджеттик жана атайын эсептерде төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
№ | Фонддун чыгымдарынын категорияларынын аталышы | Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
1 | Фонддун административдик чыгымдары | n1 |
2 | Экономикалык долбоорлор | n2 (50%дан кем эмес), анын ичинен 5,0 млн. сомдон кем эмес өлчөмү - айыл чарба секторун өнүктүрүүгө |
3 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор | n3 |
4 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор ("МИК" ААК фондунун финансылык каражаттарын берүү) | n4 |
5 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча долбоорлор | n5 (3%дан кем эмес) |
| Жыйынтыгы | n1 + n2 + n3 + n4 + n5 = (100%) |
Фонддун чыгымдарынын ар бир категориясы боюнча Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен аныкталат жана бекитилет.
4-глава. Фонддун башкаруу органдары
16. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) аткаруу органы - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - Фонддун аткаруу органы) .
§ 1. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары
17. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун ишинин негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
3) учурдагы жылга бюджеттик каражаттардын жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен каржылоонун көлөмүн, ошондой эле кийинки жылдарга болжолдук көрсөткүчтөрдү бекитүү;
4) Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу тууралуу Фонд менен "МИК" ААК ортосунда финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) Фонддун аткаруу органынын экономикалык долбоорлорду каржылоого багытталган каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчетун угуу;
6) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
7) конкурстук тандоонун катышуучуларынын дооматтарын берүүнүн, кароонун жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартибин бекитүү;
8) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
9) каражаттардын күтүлүүчү түшүүлөрүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү;
10) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын бекитүү;
11) Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топтун курамын кароо, бекитүү жана мониторинг жүргүзүү тобунун отчетун угуу;
12) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
13) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
14) Фонддун бюджеттик каражаттары жана атайын эсебинин каражаттары боюнча Фонддун чыгымдарынын сметасынын аткарылышы жөнүндө Фонддун аткаруу органынын отчетун угуу жана бекитүү.
18. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун аткаруу органынан жана Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроого;
2) Фонддун аткаруу органы жана мониторинг жүргүзүү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
§ 2. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу
19. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
20. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү жок учурда ал каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
21. Органдын/уюмдун Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген өкүлүнүн мүчөлүгү анын аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлү алмашкан учурда себептерин көрсөтүү менен тийиштүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
22. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
23. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемесинин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы санда айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
24. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын экономика чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30%ына чейинки санда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30%ы санда айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
25. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары саналат.
26. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы же жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечиминин негизинде анын биринчи орун басары саналат.
27. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын тескемеси менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
28. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Фонддун Байкоочу кеңеши кабыл алган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каалаган формада Фонддун кызыкчылыктарына зыян келтирүүгө алып келген чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
29. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок кварталына кеминде бир жолу чакырылат.
30. Эгерде курамынын жарымынан кем эмеси катышса, Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы укуктуу болуп эсептелет.
31. Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышында төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
32. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын Фонддун аткаруу органынын кызматкери болуп саналган Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколго Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы же жыйналышта төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт. Протоколдордун түп нускалары Фонддун аткаруу органында сакталат.
33. Төрага жыйналышта жок учурда Фонддун Байкоочу кеңеши бул жыйналышка Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн арасынан төрагалык кылуучуну тандайт.
34. Фонддун Байкоочу кеңеши зарыл болгон учурда өзүнүн жыйналыштарына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.
35. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун аткаруу органы тарабынан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин он календардык күндөн кечиктирилбестен маалымдалат.
36. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгымдарын жана жашап турууга чыгымдарын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун операциялык чыгымдары үчүн белгиленген лимиттин алкагында компенсациялоого жол берилет.
37. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын видеоконференц-байланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
§ 3. Фонддун аткаруу органы
38. Фонддун аткаруу органы Фонддун ишин жана долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
39. Фонддун аткаруу органы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын суроо-талабы боюнча Фонддун иши жөнүндө маалыматтарды берет;
3) казыналык системада Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
4) өтүнмө ээсинен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу боюнча алдын ала тандоону жүргүзөт;
5) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун "МИК" ААК жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун башка катышуучулары менен финансылык макулдашууга кол коюуну камсыз кылат;
6) долбоордун аткаруучусу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотуп турат;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча андан ары мамлекеттик органдардын жана/же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүү менен социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлор боюнча товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды сатып алууну жүргүзөт;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча социалдык жана инфраструктуралык долбоорлордун жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында көрсөтүлгөн долбоорлордун аткаруучусу катары чыгат;
9) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
10) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши тандап алган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн адистерди, консультанттарды жалдайт;
11) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин долбоорун, социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлордун тизмегин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына киргизет;
12) Фонддун аткаруу органынын функцияларын ишке ашыруу менен байланышкан келерки жылга чыгашалардын сметасынын долбоорун иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
13) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
14) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
15) Фонддун Байкоочу кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
16) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
40. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Фонддун аткаруу органынын башчысы катары чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдерине ылайык:
1) долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге Фонддун атынан кол коёт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде "МИК" ААК менен финансылык макулдашууга кол коёт;
3) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
41. Фонддун аткаруу органы квартал сайын Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө маалыматтарды расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын веб-сайтына (бар болсо) жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
42. Фонддун аткаруу органы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык Фонддун акча каражаттарынын сакталышы, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
43. Квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруу органы отчеттук жылда Фонддун каражаттарын пайдалануу жөнүндө отчетту жана долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө отчетту даярдайт жана аны Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна, уюштуруучуга, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча мамлекеттик органга берет.
44. Ар бир жылдын башында, учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирбестен, Фонддун аткаруу органы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүү болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна берет.
5-глава. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
§ 1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмө берүүнүн тартиби
45. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо шарттары жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарда жарыяланат, учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирбестен маалымат такталарына жайгаштырылат.
46. Өтүнмө ээси социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга долбоордук өтүнмөнү (электрондук же кагаз форматында) тариздейт.
Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектине тиешелүү долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик менчик объектине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
47. Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээлерине каттоо жөнүндө ырастама берүү менен келип түшкөн долбоордук өтүнмөнү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болушуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат берүүчү документтер, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документтер) шайкештигине талдоо жүргүзөт.
Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээсинен маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
48. Фонддун аткаруу органы келип түшкөн ар бир долбоордук өтүнмегө өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерине жана эрежелерине шайкештиги көрсөтүлөт.
49. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуунун чектүү мөөнөтү учурдагы жылдын 30-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.
50. Фонддун Байкоочу кеңеши учурдагы жылдын 30-декабрынан кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.
51. Фонддун аткаруу органы Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын ала изилдөө үчүн Фонддун Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрүнө долбоорлор боюнча корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.
52. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
53. Жеке менчик жер участогунун чектеринин алкагында мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттерди курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
54. Коюлган балл боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана ушул Типтүү жобонун 15-пунктуна ылайык пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылы Фонддун жылдык болжолдонгон бюджетинен ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
55. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле Фонддун уюштуруучусуна ушул Типтүү жобонун 83-пунктунда аныкталган мөөнөттө жиберилет.
56. Долбоорлордун бекитилген тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим учурдагы жылдын ичинде жыйналышка катышкан Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
57. Долбоорлордун рейтингин же өтүнмө берилген долбоорлордун тизмегин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
2) бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган фактылардын болушу;
3) Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан тандоонун башка катышуучуларынын канааттандырылган дооматынын болушу;
4) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка катышуудан өтүнмө ээсинин баш тартуусу.
58. Долбоорлорду тандоонун жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруу органынын башчысы катары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан чыккан долбоордун аткаруучусу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо жөнүндө келишимге кол коёт.
Эгерде долбоордун аткаруучусу болуп Фонддун аткаруу органы саналса, тиешелүү мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен долбоорду ишке ашыруу шарттары жана аларды баланска өткөрүү жөнүндө келишим түзүлөт.
§ 2. Экономикалык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүү тартиби
59. Фонддун аткаруу органы ишкердик субъекттеринен экономикалык долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү квартал сайын негизде учурдагы кварталдын экинчи айынын 1инен кечиктирбестен кабыл алат.
60. Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээлерине тиешелүү түрдө кабарлоо менен өтүнмөнү каттайт жана 10 календардык күндүн ичинде келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна талдоо жүргүзөт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө таанышууга жөнөтөт.
Зарыл болгон учурда өтүнмө ээсинен керектүү маалыматты тактайт же кошумча документтерди сурайт.
61. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы учурдагы кварталдын экинчи айынын 20сынан кечиктирбестен өткөрүлөт.
62. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн багытталган финансы каражаттарынын суммасынан ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
Учурдагы тизмекке Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан өткөн кварталда келип түшкөн жана жактырылган, бирок финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам тизмекке кирбей калган долбоорлор артыкчылыктуу тартипте киргизилет.
63. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы өткөрүлгөндөн кийин 3 жумуш күндөн кечиктирбестен өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөлөрүн, жактырылган долбоорлорду берүү менен ФКФга жөнөтүлөт.
64. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен жактырылган долбоорлордун өтүнмө ээлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 406 токтому менен бекитилген Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобого (мындан ары - Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо) ылайык зарыл документтерди андан ары берүү үчүн ФКФга кайрылышат.
65. ФКФ Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду андан ары тандап алууну жүзөгө ашырат.
Ушул Типтүү жобонун белгиленген талаптарына жооп берген, ошондой эле бардык зарыл документтер болгон учурда, ФКФ өтүнмө ээлери менен тиешелүү кредиттик келишимдерди түзөт.
66. Ушул Типтүү жобонун белгиленген талаптарына жооп бербеген долбоорлор кемчиликтерди четтетүү үчүн ФКФ тарабынан кайтарылып берилиши мүмкүн.
Эгерде аныкталган кемчиликтер өтүнмө ээси тарабынан бир календардык айдын ичинде четтетилбесе, долбоор четке кагылууга тийиш.
§ 3. Экономикалык долбоорлорду каржылоонун тартиби
67. Бюджеттик кредиттөө түрүндө ФКФ аркылуу каржылоого пландалган экономикалык долбоорлор регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарба секторун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.
Тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарак жана ок-дарыларды, баңги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттардан тышкары) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүгө чектелген башка товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду, ошондой эле мажбурлап жана балдар эмгегин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин башка түрлөрүн каржылоого тыюу салынат.
68. Бюджеттик кредит берүү жолу менен бир долбоорду каржылоого экономикалык долбоорлорду каржылоого арналган Фонддун каражаттарынын 20%дан ашык эмеси жумшалышы мүмкүн.
Экономикалык долбоорлордун наркы ушул көрсөткүчтөн ашкан учурда ишкердик субъекти долбоордун суммасынын жетпеген бөлүгүн каржылоо үчүн финансылык институттар тарабынан тең каржылоону тартат.
69. Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөө ФКФ тарабынан ушул Типтүү жободо жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жободо аныкталган шарттарда жүзөгө ашырылат.
Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими талап кылынбайт.
70. Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөөнүн шарттары:
1) акы төлөө - кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - жылдык 2 пайыз;
2) бышмана (туум) - жылдык 6 пайыз;
3) ишкердик субъекти тарабынан бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну ликвиддүү күрөө, банктык кепилдик же кепилчилик түрүндө берүү;
4) төмөнкүлөр камтылган, бюджеттик кредиттерди алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгү:
- карыз алуучунун мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу;
- карыз алуучунун Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздарынын жоктугу;
5) мөөнөтү - бюджеттик кредиттер төмөнкү мөөнөттөргө берилет:
- 3000000 (үч миллион) сомго чейинки суммада - 5 жылга чейин;
- 3000000 (үч миллион) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейинки суммада - 7 жылга чейин;
- 5000000 (беш миллион) сомдон ашык суммада - 10 жылга чейин.
71. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган стартап-долбоорлорду бюджеттик кредиттөө тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин кепилдиги алдында жүзөгө ашырылат.
72. Бюджеттик кредиттер боюнча негизги сумма түзүлгөн кредиттик келишимдерге ылайык төлөө графиги боюнча Фонддун казыналык эсебине кайтарылууга тийиш.
73. Фонддун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик кредиттерди башкаруу менен байланышкан чыгымдар ФКФнын атайын эсебине которулуучу бюджеттик кредиттерди пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөө эсебине кайтарылуучу акча каражаттарынын эсебинен жабылат.
74. Фонддун аткаруу органы:
1) квартал сайын ишкердик субъекттеринин өтүнмөлөрүн чогултат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет;
2) ФКФга жана өтүнмө ээлерине жактырылган экономикалык долбоорлордун тизмеги менен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөсүн беришет;
3) ФКФ долбоорду четке каккан учурда, Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна экономикалык долбоорлордун жаңы тизмегин киргизет.
75. ФКФ:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мурда жактырылган ишкердик субъекттеринин келип түшкөн кредиттик өтүнмөлөрүн Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карайт;
2) тандалып алынган ишкердик субъекттери менен кредиттик келишимдерди түзөт;
3) берилген бюджеттик кредиттерди башкарууну жүзөгө ашырат.
76. Бюджеттик кредиттердин суммалары ФКФнын жазуу жүзүндөгү өтүнмөсү боюнча түзүлгөн кредиттик келишимдердин негизинде ишкердик субъекттеринин (карыз алуучулар) эсептерине которулат.
77. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайра уюштурулган, анын ичинде жоюлган учурда бюджеттик кредиттөөгө багытталган Фонддун акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эсептерге кайтарылууга тийиш.
78. Долбоордун аткаруучусу квартал сайын жана экономикалык долбоор боюнча жумуштарды аяктоонун натыйжалары боюнча Фондго белгиленген формада финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берет.
§ 4. Долбоорду аткаруучунун милдеттери
79. Долбоордун аткаруучусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоорду аткаруучу менен Фонддун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомчулукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык долбоор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүүгө;
4) зарылдыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышы үчүн техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга;
5) мониторингдин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкка маалымдоого.
80. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоордун аткаруучусу Фонддун аткаруу органына белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
Эгерде долбоордун аткаруучусу болуп Фонддун аткаруу органы саналса, анда долбоордун аткаруучусу бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун натыйжалары боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө отчетту белгиленген форма боюнча берет.
6-глава. Фонддун финансылык каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
§ 1. Фонддун финансылык каражаттарын түзүүнүн тартиби
81. Фонддун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) бюджеттик эсептер боюнча:
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык фонддор боюнча бөлүштүрүлүүчү аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилген каражаттардын эсебинен;
- ушул Типтүү жобонун 102-106-пункттарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен;
- ФКФнын негизги карызды кайтаруусунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен;
- "МИК" ААКтын түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык Фондго негизги карызды кайтаруусунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен;
2) атайын эсептер боюнча:
- "МИК" ААКтын түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык Фондго негизги карызды кайтаруусунун натыйжасында алынган каражаттардын эсебинен;
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр түрүндө түшкөн каражаттардын эсебинен;
- кайрымдуулук же гранттык жардам түрүндө түшкөн каражаттардын эсебинен;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр түрүндө түшкөн каражаттардын эсебинен;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттар.
82. Фонддордун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
§ 2. Долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун акча каражаттарын чыгымдоо тартиби
83. Фонддун Аткаруучу органы учурдагы жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин ушул Типтүү жобонун 15-пунктуна ылайык категориялар боюнча учурдагы жылга Фонддун чыгымдарынын сметасын бекитүү жөнүндө чечимин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет.
84. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддун жылдык бюджетин бекитет, Фонддун өткөн жылдагы бюджетинин өтмө калдыктарын учурдагы жылдын бюджетине киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин учурдагы жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен кабыл алууну камсыз кылат.
85. Фонддун аткаруу органы өзүнүн эсептеринде финансы каражаттары болгон учурда учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каржылоону ачууга өтүнмөнү жөнөтөт. Эгерде өтүнмө учурдагы айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмө кийинки айда каралат.
86. Фонддун кассалык чыгымдары, чыгымдар сметасы "Имараттар жана курулмалар" 3111-беренеси жана "Кредиттер, ссудалар, зайымдар" 3214-беренеси боюнча түзүлөт, калыптанат жана каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөштүрүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
87. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчү болуп саналган Фонд тандалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгымдарды жүзөгө ашырат.
88. Түшүүлөр тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген каражаттардын көлөмүнөн ашып кеткен учурда, сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
89. Фонддун акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө отчеттор жана аларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
90. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо Фонддун атынан Фонддун аткаруучу органы менен долбоордун аткаруучусунун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Экономикалык долбоорлорду ФКФ аркылуу каржылоо бюджеттик кредиттөө жолу менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
91. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду каржылоо Фонд, "МИК" ААК жана долбоордун башка катышуучуларынын (бар болсо) ортосунда кол коюлган финансылык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
92. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонддун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонддун аткаруу органы белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;
2) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө
93. Фонд тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо долбоорду ишке ашыруу графиги боюнча аткарылган иштердин актысынын жана долбоордун аткаруучусу тарабынан берилген долбоорду каржылоо планы боюнча аткарылган транштын актысынын негизинде жүзөгө ашырылат.
94. Учурдагы жылдын аягына өздөштүрүлбөгөн Фонддун каражаттарынын калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат жана пландалган жылы тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
95. "МИК" ААК тарабынан кайтарылган Фонддун акча каражаттары Фонддун учурдагы жылдын калдыгы болуп саналат жана пландалган жылы тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
7-глава. Фонддун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо
96. Фонддун ишинин натыйжалуулугуна мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) Фонддун ишинин ушул Типтүү жободо жана Фонддун Уставында аныкталган эрежелерге жана жол-жоболорго шайкештиги;
2) каражаттарды максаттуу пайдалануу жана анын бекитилген пландарга шайкештиги;
3) долбоорлорду жана кредит берүү программаларын аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
97. Фонддун аткаруу органы мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
98. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторингдик тобунун курамын бекитет. Мониторингдик топтун курамына Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
99. Мониторингдик топтун мүчөлөрү аймактык бөлүмдөрдүн маалыматтарына жана документтерине эркин жетүү укугуна ээ.
100. Мониторингдин жыйынтыктары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин жыйынтыктары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат.
101. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына эки жолудан кем эмес угулат. Мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары боюнча Фонддун аткаруу органынын отчету ар жылдык негизде бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча жана экономикалык болжолдоо жана региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жиберилет.
8-глава. Региондорду өнүктүрүү фонддоруна республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
102. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча бөлүштүрүлөт:
1) Облустарды өнүктүрүү фонддору - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;
2) райондорду өнүктүрүү фонддору - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн ар бир районго кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсептен чыгаруу менен) , ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө 20000000 (жыйырма миллион) сомдон ашык чегерүүлөр келип түшкөн райондор кирбейт.
Таблица. Райондук аймактык бөлүмдөргө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөрү
Райондордун кирешелеринин көлөмү (ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр 20000000 (жыйырма миллион) сомдон аз болгон жерлерде) | Региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин кошумча каражаттары |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен жогору | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Фонддорго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
103. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддордун өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды ай сайын бекитет. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү Фонддордун берилген өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды ачышат жана долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырышат.
104. Фонд чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгымдарды өз убагында жана толук каржылайт.
105. Фонддордогу республикалык бюджеттин каражаттарынын калдыктары учурдагы жыл аяктагандан кийин республикалык бюджетке кайтарылат.
106. Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан учурдагы жылы бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор пландалган жылда Фонддун жылдык бюджетинде эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
107. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү, Фонддун аткаруу органы Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кандай болбосун долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүгө катышуудан карманууга тийиш.
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна) |
Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндө типтүү жобо (мындан ары - Типтүү жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине ылайык иштелип чыккан жана региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын пайдалануу тартибин аныктайт.
2. Региондорду өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) юридикалык жакты түзбөстөн түзүлөт жана иштейт, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасында ачылуучу жана тейленүүчү эсептерди билдирет.
3. Фонддун каражаттары республикалык бюджеттин каражаттарынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келип түшкөн башка чегерүүлөрдөн түзүлөт жана бюджеттик жана атайын эсептерде топтолот.
4. Облустун фондунун каражаттарын натыйжалуу башкаруу, бөлүштүрүү жана өздөштүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ал эми Райондун фондунун каражаттары үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жеке жоопкерчилик тартат.
5. Фонддун каражаттарын башкаруу жана пайдалануу мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, сарамжалдуулук жана натыйжалуулук принциптерине ылайык жүзөгө ашырылат.
2-глава. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр
6. Ушул Типтүү жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
1) жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоо - шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртуу жана аймактарды көрктөндүрүү боюнча жергиликтүү коомчулуктун долбоорлорун ишке ашыруу үчүн берилүүчү акча каражаттары;
2) өтүнмө ээси - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышууга долбоордук өтүнмө берген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган/ишкердик субъект;
3) жашыл экономика - адамдын бакубаттуулугун жогорулатууга жана бир эле учурда айлана-чөйрө үчүн тобокелдиктерди олуттуу азайтууда социалдык адилеттүүлүктү бекемдөөгө алып келүүчү, табигый капиталды сактоочу жана көбөйтүүчү, ресурстарды натыйжалуу пайдалануучу жана өлкөнүн табигый экосистемаларын сактоого дем берүүчү экономика;
4) жергиликтүү коомчулуктун демилгеси - шаардын/айыл аймагынын аймагында жашаган тургундардын, ишкерлердин жана жарандык коомдун уюмдарынын демилгелүү топторду түзүү, шаарда/айыл аймагында жергиликтүү калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган долбоорлорду сунуштоо, алгачкы талкуулоо, тандоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына киргизүү боюнча, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун жана ишкерлердин финансылык, материалдык жана башка ресурстарын мобилизациялоо жана Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн жергиликтүү коомчулуктун демилгелеринин алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо боюнча конкурска сунуштоо үчүн долбоорлорду даярдоо (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте) боюнча иши;
5) долбоорду аткаруучу - долбоордук өтүнмөсү Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган жана экономикалык долбоорлордон тышкары, долбоорду каржылоого Фонддун аткаруу органы менен келишим түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы/мамлекеттик орган/ишкердик субъект;
6) инфраструктуралык кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфраструктуралык объектти пайдалануу менен көрсөтүлүүчү жана/же инфраструктуралык объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
7) инфраструктуралык объект - мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
8) инфраструктуралык долбоор - жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген социалдык-экономикалык максатка ылайыктуулугун, капиталдык чыгашалардын көлөмүн жана жүзөгө ашыруу мөөнөттөрүн негиздөө менен инфраструктура объектин түзүүгө же жакшыртууга багытталган милдеттердин, иш-аракеттердин жана иш-чаралардын тизмеги;
9) жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо - жарандардын тобу тарабынан уюштурулган жергиликтүү коомчулуктун түздөн-түз катышуусу жана колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү процесси;
10) долбоорду каржылоо планы - долбоорду транштар боюнча каржылоонун этаптарын жана тартибин сыпаттоочу жана долбоорду ишке ашыруу планына шайкеш келүүчү долбоордук өтүнмөнүн бөлүгү;
11) мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы - долбоорду ишке ашырууда, ошондой эле Фонддун каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун баалоодо ушул Типтүү жобонун талаптарынан четтөөлөрдү аныктоо максатында байкоо жүргүзүүнүн этаптары жана тартиби;
12) кепилчилик - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүүнүн тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укук берилген жак тарабынан берилүүчү, улуттук экономика субъекттеринин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми;
13) долбоордук өтүнмө - Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандоо боюнча конкурска катышуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын/мамлекеттик органдын/ишкердик субъекттин атынан берилген, типтүү форматтын негизиндеги долбоордун сыпаттамасы;
14) социалдык долбоор - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же мамлекеттик органдардын калктуу конуштардын социалдык, экономикалык жана маданий инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкагында билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, спорт, социалдык коргоо, эс алуу, жаштар менен иштөө, элдик чыгармачылык чөйрөдө калкка инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле мамлекеттик муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча максаттуу багытталган, убакыт менен чектелген иши;
15) стартап долбоор - көйгөйлөрдү чечүүгө жана пайда алууга багытталган, олуттуу жакшырууларга алып келген, экономикалык же социалдык жаңычылдыкка, актуалдуулукка жана практикалык маанилүүлүккө ээ инновациялык бизнес-долбоор;
16) ишкердик субъект - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган жана пайда алуу максатында өзүнүн тобокелдиги жана мүлктүк жоопкерчилиги астында мыйзамдар менен тыюу салынбаган ишти жүргүзгөн, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар;
17) ыйгарым укуктуу агент - региондорду өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөө түрүндөгү экономикалык долбоорлорду каржылоону кошкондо, бюджеттик кредиттөө жаатындагы мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген жак;
18) кепилчилик берүү боюнча ыйгарым укуктуу жак - улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген жак;
19) экономикалык долбоор - пайда алуу максатында ишкердик субъекттер тарабынан жаңы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүгө же болбосо иштеп жаткан өндүрүштөрдү реконструкциялоого же модернизациялоого түз инвестицияларды жүзөгө ашыруунун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун, көлөмүн жана мөөнөттөрүн толук сыпаттоо жана негиздөө менен бизнес-долбоор.
3-глава. Фонддун каражаттарын пайдалануу
7. Фонддун каражаттары облустарды, райондорду, шаарларды жана айыл аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашырууга, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, мамлекеттик органдарды субсидиялоого, ишкердик субъекттердин жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган экономикалык долбоорлорун каржылоого, аймактардын инфраструктурасын жакшыртуу, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу жана региондордо жумуш орундарын түзүү жолу менен региондук экономикалык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жумшалат.
8. Фонддун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттары социалдык, инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду, экономикалык долбоорлорду каржылоого жумшалат, анын ичинен төмөнкүлөргө:
1) ыйгарым укуктуу агент тарабынан мөөнөттүү, акы төлөнүүчү, камсыз кылынган жана кайтарымдуулук шарттарында жүзөгө ашырылуучу бюджеттик кредиттөө аркылуу экономикалык долбоорлорду каржылоого;
2) региондорду туруктуу экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кепилчилик берүү боюнча ыйгарым укуктуу жак тарабынан улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүүгө;
3) "Бир айыл - бир продукт" улуттук экономикалык долбоорунун катышуучуларынын экономикалык долбоорлорун ишке ашырууга жана 1+1 программасын ишке ашыруунун алкагында кайтып келген мигранттарды колдоого;
4) ишкердикти өнүктүрүү жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого;
5) социалдык жана инфраструктуралык, экономикалык долбоорлордун долбоордук-сметалык документтерин жана башка техникалык документтерин иштеп чыгууга;
6) саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият жана спорт чөйрөсүндөгү объекттерди куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча долбоорлорду каржылоого;
7) калкты ичүүчү суу жана саркынды сууларды чыгаруу системалары менен камсыздоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
8) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган ирригациялык тармактарды, гидротехникалык объекттерди оңдоого жана калыбына келтирүүгө;
9) жол, турак жай-коммуналдык чарба долбоорлорун каржылоого;
10) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн атайын автотранспорттук жана башка техникаларды сатып алууга;
11) "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомуна (мындан ары - "МИК" ААК) тиешелүү финансылык макулдашууну түзүү аркылуу мөөнөттүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында финансылык каражаттарды берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды каржылоого;
12) калктуу конуштарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө, жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду ишке ашырууга;
13) иштин айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин азайтууга багытталган инновациялык долбоорлорду илгерилетүүгө;
14) ишкердик субъекттер үчүн кошумча киреше алуу үчүн жашыл долбоорлорду илгерилетүүгө;
15) энергиянын кайра жаралуучу жана таза булактарын, энергиялык натыйжалуу технологияларды колдонууну, калдыктарды башкарууну жана жашыл экономиканын принциптерин илгерилетүүнү камтыган инновациялык жашыл продукттарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгууга;
16) парник газдарынын чыгуусун азайтуу, абанын сапатын жакшыртуу үчүн алдынкы жашыл технологияларды/материалдарды жана жаңы инновациялык ыкмаларды жана/же экономикалык натыйжалуу технологияларды интеграциялоого;
17) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча чараларды илгерилетүүгө;
18) калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн башкы пландарын, деталдуу пландоо долбоорлорун, калктуу конуштардын шаар куруу документтерин иштеп чыгууга;
19) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан демилгеленген экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды камсыз кылууга, анын ичинде энергиялык натыйжалуу, энергияны жана сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө;
20) Жарандык коргонуу, өрт коопсуздугу, суу объекттериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу, токой чарбасы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнүн ӨК болгон учурда жазуу жүзүндөгү кайрылуусуна ылайык Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин 3 пайызынан 8 пайызына чейин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, жарандык инфраструктураны калыбына келтирүү жана жабыр тарткан калкка материалдык колдоо көрсөтүү (тамак-аш жана турак жай менен камсыз кылуу, күйүүчү-майлоочу материалдарды, биринчи кезекте керектелүүчү товарларды сатып алуу) боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
21) жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
22) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча облустук же райондук Фонддордун эсебине финансылык каражаттарды которууга;
23) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча башка багыттарга.
9. Фонддун атайын эсебинин каражаттарынан төмөнкүлөргө багытталган иш-чаралар каржыланышы мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана коргоо, жарандык коргонуу, жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндөгү ишин колдоого;
2) жөндөмдүү балдардын жана таланттардын иш-чараларга (билим берүү, маданий, музыкалык, спорттук) катышуусун, алар үчүн билим берүү мекемелеринде окууга шарттарды түзүүнү, калктын социалдык аялуу катмарын, турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарды колдоого;
3) Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын окуу жайларында окуусун ваучердик каржылоо механизмин жүзөгө ашырууга;
4) социалдык контракттын алкагында социалдык жардам алган аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ишкердик ишин өтүнмөнүн негизинде алынган сумманын 50 пайызына чейинки өлчөмүндө каржылоого.
Фонддун каражаттарын ушул Типтүү жободо каралбаган иш-чараларды өткөрүүгө пайдаланууга жол берилбейт.
10. "МИК" ААК менен кызматташтыкта ишке ашыруу пландалып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор инфраструктуралык долбоорлор болуп саналбайт жана тиешелүү өтүнмөнү толтурууну талап кылбайт.
Мында "МИК" ААК андан ары Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосу үчүн тиешелүү документтерди тиркөө менен Фонддун аткаруу органына жазуу жүзүндөгү кайрылууну жөнөтөт.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун бардык уюштуруу-техникалык шарттары, анын ичинде долбоорду каржылоо тартиби, Фонддун каражаттарын кайтаруу мөөнөттөрү, долбоорду ишке ашырууга катышкан кошумча тараптардын милдеттери тиешелүү финансылык макулдашуу менен аныкталат.
11. Фонддордун бюджеттик жана атайын эсептердеги болжолдонгон жылдык бюджети төмөнкү чыгашалар категориялары боюнча милдеттүү түрдө бөлүштүрүлүүгө тийиш:
№ | Фонддун чыгашаларынын категорияларынын аталышы | Фонддун болжолдонгон жылдык бюджети, % |
1 | Фонддун аткаруу органынын административдик чыгашалары | n1 |
2 | Экономикалык долбоорлор | n2 (Фонддун жылдык бюджетинин каражаттарынын 50%ынан кем эмеси бюджеттик кредиттөө максатына жумшалат, анын ичинде 5000000 (беш миллион) сомдон кем эмеси айыл чарба секторун өнүктүрүүгө жумшалат |
3 | Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомдук демилгелерди мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор | n3 |
4 | Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор (Фонддун финансылык каражаттарын "МИК" ААК берүү) | n4 |
5 | Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар | n5 (3%-8%дын чегинде) |
| Жалпы | n1 + n2 + n3 + n4 + n5 = 100% |
Фонддун каражаттарынын чыгашаларынын ар бир категориясы боюнча Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин жалпы суммасынын пайызы учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирилбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен аныкталат жана бекитилет.
4-глава. Фонддун финансылык каражаттарын башкаруу органдары
12. Фонддун каражаттарын башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогорку башкаруу органы - Фонддун Байкоочу кеңеши;
2) аткаруу органы - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - Фонддун аткаруу органы).
§ 1. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары
13. Фонддун Байкоочу кеңешинин ыйгарым укуктары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун каражаттарын пайдалануунун негизги багыттарын жана артыкчылыктарын кароо жана бекитүү;
2) долбоорлорду тандоо жана бекитүү;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартибине ылайык кепилчилик берүү үчүн субъекттерди тандоо;
4) Фонддун аткаруу органы менен "МИК" ААК ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Фонддун акча каражаттарын алуу жөнүндө финансылык макулдашууну түзүү же бузуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
5) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
6) конкурстук тандоонун катышуучуларынын дооматтарын берүүнүн, кароонун жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартибин бекитүү;
7) конкурстук тандоонун катышуучуларынын даттанууларын жана арыздарын кароо;
8) каражаттардын күтүлүүчү түшүүлөрүн эске алуу менен ар бир финансылык жылга бюджеттик каражаттар жана атайын эсептин каражаттары боюнча Фонддун чыгашаларынын сметасын бекитүү;
9) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын бекитүү;
10) Фонддун каражаттарынын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн топтун курамын кароо, бекитүү жана мониторинг жүргүзүү тобунун отчетун угуу;
11) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
12) Фонддун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдоо;
13) Фонддун бюджеттик жана атайын эсептердеги каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө Фонддун аткаруу органынын отчетун угуу жана бекитүү.
14. Фонддун Байкоочу кеңеши өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Фонддун аткаруу органынан жана Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунан өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты суроого;
2) Фонддун аткаруу органы жана мониторинг жүргүзүү тобу берген документтерди толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүгө;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер жана адистер, техникалык кызматтар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө.
§ 2. Фонддун Байкоочу кеңешинин ишин уюштуруу
15. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын ишине коомдук башталышта катышат.
16. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз катышат. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөсү жок болгон учурда ал каралуучу маселелер боюнча өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө берүүгө укуктуу.
17. Органдын/уюмдун Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген өкүлүнүн мүчөлүгү өкүлдүн аты-жөнүн, кызмат ордун, ошондой эле өкүлү алмашкан учурда себебин көрсөтүү менен тиешелүү органдын/уюмдун расмий каты менен ырасталат.
18. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн саны 9 адамдан кем болбоого тийиш.
19. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) шаар куруу, архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30 пайызына чейинки санда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30 пайызы болгон санда айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
20. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
3) райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын экономика чөйрөсүндөгү түзүмдүк бөлүмүнүн өкүлү;
4) калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
5) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
6) шаар куруу, архитектура-курулуш иши жана турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн өкүлү;
7) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын 30 пайызына чейинки санда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин курамына киргизилген коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү;
8) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы курамынын 30 пайызы санда айыл аймактарынын жана облустук, райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин төрагалары.
21. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечиминин негизинде анын биринчи орун басары саналат.
22. Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин төрагасы болуп жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы саналат.
23. Облусту өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечими менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
Районду өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын чечими менен 3 жылдан кем эмес мөөнөткө бекитилет.
24. Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоорлорду тандоо, баалоо, бекитүү жана кепилчилик берүү боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан кабыл алынуучу чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
25. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша чакырылат.
26. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы, эгерде ага анын курамынын жарымынан кем эмеси катышса, укуктуу болуп эсептелет.
27. Фонддун Байкоочу кеңешинин анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечими Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
28. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштары Фонддун аткаруу органынын кызматкери болуп саналган Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы тарабынан протоколдоштурулат. Протоколдорго Фонддун Байкоочу кеңешинин төрагасы же жыйналышка төрагалык кылган адам, ошондой эле Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрү жана катчысы кол коёт. Протоколдордун түп нускалары Фонддун аткаруу органында сакталат.
29. Жыйналышта төрага жок болгон учурда Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен бул жыйналышка төрагалык кылуучуну тандайт.
30. Фонддун Байкоочу кеңеши зарыл болгон учурда өзүнүн жыйналыштарына тийиштүү техникалык кызматтардын өкүлдөрүн, эксперттерди жана консультанттарды чакырууга укуктуу, алар жыйналышка добуш берүү укугусуз катышат.
31. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышын чакыруу жөнүндө маалымат Фонддун аткаруу органы тарабынан күн тартибин, өткөрүү убактысын жана ордун көрсөтүү менен Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналыш өтүүчү датага чейин он календардык күндөн кечиктирилбестен жеткирилет.
32. Долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү мезгилинде Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн транспорттук чыгашаларын жана жашап турууга чыгашаларын Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына жана бюджеттик мекемелер үчүн белгиленген ченемдерге ылайык Фонддун административдик чыгашалары үчүн белгиленген лимиттин алкагында компенсациялоого жол берилет.
33. Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын видеоконференцбайланыш системасын колдонуу жолу менен өткөрүүгө жол берилет.
§ 3. Фонддун аткаруу органы
34. Фонддун аткаруу органы долбоорлорду каржылоо жана ишке ашыруу маселелери боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат.
35. Фонддун аткаруу органы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу боюнча финансылык операцияларды жүргүзөт;
2) экономикалык долбоорлордон тышкары, долбоорлорду каржылоого жана ишке ашырууга байланыштуу милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчилик тартат;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн суроо-талабы боюнча Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалымат берет;
4) казыналык системасында Фонддун бюджеттик жана атайын эсептерин ачат;
5) өтүнмө ээлеринен келип түшкөн долбоорлорду берилген документтердин толуктугу боюнча алдын ала тандоону жүргүзөт;
6) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун "МИК" ААК жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоордун башка катышуучулары менен финансылык макулдашуусуна кол коюуну камсыз кылат;
7) долбоорду аткаруучу тарабынан келишимдин шарттары же долбоорду ишке ашыруу жол-жоболору бузулган учурда каржылоону токтотуп турат;
8) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт;
9) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү үчүн консультанттарды жалдайт;
10) Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинин долбоорун, социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлордун тизмегин, ошондой эле кепилчилик берүүгө субъекттердин тизмегин иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышына киргизет;
11) Фонддун аткаруу органынын функцияларын ишке ашыруу менен байланышкан келерки жылга чыгашаларынын сметасынын долбоорун иштеп чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна жана бекитүүсүнө берет;
12) Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарын уюштуруу боюнча ишти жүргүзөт;
13) аудит үчүн маалыматтарды даярдайт;
14) Фонддун Байкоочу кеңеши жактырган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат;
15) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде ушул Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
36. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси Фонддун аткаруу органынын башчысы катары чыгат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдерине ылайык:
1) экономикалык долбоорлордон тышкары, долбоорлорду тандоо боюнча конкурстун жеңүүчүлөрү менен эки тараптуу келишимдерге Фонддун атынан кол коёт;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин негизинде "МИК" ААК менен финансылык макулдашууга кол коёт;
3) долбоорлорду каржылоодо төлөм документтерине кол коёт;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимдеринин негизинде ушул Типтүү жобону ишке ашырууга багытталган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
37. Фонддун аткаруу органы квартал сайын Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө маалыматты расмий басылмаларга жарыялап турат, ошондой эле бул маалыматты жергиликтүү мамлекеттик администрациянын веб-сайтына (болсо) жана/же Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын сайтына жайгаштырат.
38. Квартал сайын жана ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруу органы отчеттук жылда Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө отчетту жана долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө отчетту даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
39. Ар бир жылдын башында, учурдагы жылдын 30-январынан кечиктирбестен Фонддун аткаруу органы тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген контролдук көрсөткүчтөрдүн негизинде Фондго акча каражаттарынын түшүү болжолун даярдайт жана Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна берет.
5-глава. Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду берүүнүн тартиби
§ 1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук отүнмо берүүнүн тартиби
40. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуу жөнүндө, ошондой эле келерки жылга долбоорлорду тандоо шарттары жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет-ресурстарда жарыяланат, учурдагы жылдын 1-июлунан кечиктирбестен маалымат такталарына жайгаштырылат.
41. Өтүнмө ээси социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлор үчүн каржылоо алууга долбоордук өтүнмөнү (электрондук же кагаз форматында) тариздейт.
Фонддун кароосуна берилген жана муниципалдык менчик объектине тиешелүү долбоордук өтүнмө жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
Мамлекеттик менчик объектине карата долбоордук өтүнмө тиешелүү мамлекеттик органдын чечими менен бекитилет.
42. Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээлерине каттоо жөнүндө ырастама берүү менен келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдү каттайт жана келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна, техникалык документтердин болушуна, курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге (уруксат документтери, техникалык спецификациялар, долбоордук-сметалык документтер) шайкеш келишине карата талдоо жүргүзөт.
Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээсинен маалыматты тактоого же кошумча документтерди суроого укуктуу.
43. Фонддун аткаруу органы келип түшкөн ар бир долбоордук өтүнмөгө өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына, ошондой эле курулуш жана башка ченемдерге жана эрежелерге шайкеш келиши көрсөтүлөт.
44. Келерки жылга долбоордук өтүнмөлөрдү кабыл алуунун чектүү мөөнөтү учурдагы жылдын 15-ноябрынан кечиктирбестен белгиленет.
45. Фонддун Байкоочу кеңеши учурдагы жылдын 15-декабрынан кечиктирбестен долбоорлорду тандоо жана бекитүү боюнча жыйналыш өткөрөт.
46. Фонддун аткаруу органы Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы башталганга чейин беш күндөн кечиктирбестен алдын ала таанышуу үчүн Фонддун Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрүнө корутундуларды тиркөө менен долбоордук өтүнмөлөрдүн көчүрмөлөрүн жиберет.
47. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
48. Жеке менчик жер тилкесинин чектеринин алкагында мамлекеттик жана муниципалдык менчик объекттерин курууну, реконструкциялоону каржылоого жол берилбейт.
49. Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана ушул Типтүү жобонун 12-пунктуна ылайык пайыздык катышта социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин мамлекеттик субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо үчүн каралган, келерки жылга Фонддун болжолдонгон жылдык бюджетинен ашпаган суммалык бюджет менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
50. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана ушул Типтүү жобонун 79-пунктунда аныкталган мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
51. Учурдагы жылдын ичинде долбоорлордун бекитилген тизмегине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу чечим Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен кабыл алынат.
52. Долбоорлордун рейтингин же өтүнмө берилген долбоорлордун тизмегин өзгөртүү үчүн өзгөчө негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) долбоорлорду тандоо жол-жоболорун бузуунун ырасталган фактыларынын болушу;
2) бекитилген долбоорду башка булактардын эсебинен каржылоо жөнүндө ырасталган фактылардын болушу;
3) тандоонун башка катышуучуларынын Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан канааттандырылган дооматынын болушу;
4) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоо үчүн долбоорлорду тандоо боюнча сынакка катышуудан өтүнмө ээсинин баш тартуусу.
53. Долбоорлорду тандоонун жыйынтыгы боюнча Фонддун аткаруу органынын башчысы катары бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан чыккан долбоорду аткаруучу менен Фонддун каражаттарынын эсебинен долбоорду каржылоо жөнүндө келишимге кол коёт.
§ 2. Экономикалык долбоорлорду каржылоого долбоордук өтүнмөлөрдү берүү тартиби
54. Фонддун аткаруу органы ишкердик субъекттеринен экономикалык долбоорлорду каржылоого өтүнмөлөрдү келип түшкөнүнө жараша кабыл алат.
55. Фонддун аткаруу органы өтүнмө ээлерине тиешелүү түрдө кабарлоо менен өтүнмөнү каттайт жана 10 календардык күндүн ичинде келип түшкөн долбоордук өтүнмөлөрдүн толук толтурулушуна талдоо жүргүзөт, өтүнмө ээсинен маалыматты тактайт же кошумча документтерди сурап алат жана Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнө таанышууга жөнөтөт.
56. Фонддун аткаруу органы ар бир долбоордук өтүнмөгө өзүнүн корутундусун тиркейт, анда өтүнмөнүн жана анын тиркемелеринин ушул Типтүү жобонун талаптарына ылайык келиши көрсөтүлөт.
57. Долбоорлорду тандоо Фонддун Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жыйналышта экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык коюлган баллдарды эсептөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
Тандалган экономикалык долбоорлор регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жогорулатууга, өнөр жай базасын көбөйтүүгө, жергиликтүү калктын ичинен жумуш орундарын түзүүгө жана тиешелүү бюджеттерге кошумча каражаттардын түшүүсүнө, ошондой эле региондун экономикалык, азык-түлүктүк, энергетикалык жана экологиялык коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзүүгө тийиш.
Коюлган баллдар боюнча Фонддун Байкоочу кеңешинин катчысы долбоорлордун рейтингин аныктайт жана экономикалык долбоорлорду каржылоо үчүн арналган финансы каражаттарынын суммасынан ашпаган суммалык бюджети менен долбоорлордун тизмегин түзөт.
Баллдын минималдуу суммасы экономикалык долбоорлорду тандоо критерийлерине ылайык 80 баллдан кем болбошу керек, балл жетишсиз болгон учурда экономикалык долбоорлор четке кагылууга тийиш.
Учурдагы тизмекке өткөн кварталда келип түшкөн жана Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан жактырылган, бирок финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам тизмекке кирбей калган долбоорлор артыкчылыктуу тартипте киргизилет.
58. Долбоорлордун тизмеги Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышынын протоколу менен бекитилет жана Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөлөрүн берүү менен ыйгарым укуктуу агентке жөнөтүлөт. Жактырылган долбоорлордун өтүнмө ээлерине Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналышы өткөрүлгөндөн кийин үч жумуш күндөн кечиктирбестен кабарланат.
59. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен жактырылган долбоорлордун өтүнмө ээлери ушул Типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун (мындан ары - Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо) талаптарына ылайык зарыл документтерди андан ары берүү үчүн ыйгарым укуктуу агентке кайрылышат.
60. Ыйгарым укуктуу агент ушул Типтүү жобонун жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык бюджеттик кредиттөө үчүн долбоорлорду андан ары тандап алууну жүзөгө ашырат.
Ушул Типтүү жобонун жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун белгиленген талаптарына жооп берген, ошондой эле бардык зарыл документтер болгон учурда, ыйгарым укуктуу агент өтүнмө ээлери менен тиешелүү кредиттик келишимдерди түзөт.
61. Ушул Типтүү жобонун жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун белгиленген талаптарына жооп бербеген долбоорлор кемчиликтерди четтетүү үчүн ыйгарым укуктуу агент тарабынан кайтарылып берилиши мүмкүн.
Эгерде аныкталган кемчиликтер өтүнмө ээси тарабынан бир календардык айдын ичинде четтетилбесе, долбоор четке кагылууга тийиш.
§ 3. Экономикалык долбоорлорду каржылоонун тартиби
62. Ыйгарым укуктуу агент аркылуу бюджеттик кредиттөө түрүндө каржылоо пландалган экономикалык долбоорлор регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарба секторун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүшү керек.
Тамеки жана тамеки продукциясын, алкоголдук ичимдиктерди, курал-жарак жана ок-дарыларды, баңги жана психотроптук заттарды (медициналык маанидеги препараттардан тышкары) жана жарандык жүгүртүүдөн алынган же жарандык жүгүртүүгө чектелген башка товарларды өндүрүүгө багытталган долбоорлорду, ошондой эле мажбурлап жана балдар эмгегин колдонгон жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган иштин башка түрлөрүн каржылоого тыюу салынат.
Финансы-кредиттик уюмдардан мурда алынган кредиттик каражаттарды кайра каржылоого жана бюджет алдында мурда түзүлгөн (салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча) карыздарды жабууга багытталган долбоорлор каржыланууга тийиш эмес.
63. Бюджеттик кредит берүү жолу менен бир долбоорду каржылоого, экономикалык долбоорлорду каржылоого арналган жылдык бюджети 15000000 (он беш миллион) сомдон аз болгон фонддордон тышкары, Фонддун экономикалык долбоорлорду каржылоого арналган каражаттарынын 20 пайыздан ашык эмеси жумшалат.
Экономикалык долбоорлордун наркы ушул көрсөткүчтөн ашкан учурда, ишкердик субъекти долбоордун суммасынын жетпеген бөлүгүн каржылоо үчүн финансылык институттар тарабынан кошо каржылоону тартат.
64. Айыл чарба секторунун экономикалык долбоорлорун каржылоо айыл чарба продукциясын сактоого, кайра иштетүүгө жана иштетүүгө багытталуусу керек, ошондой эле агроөнөр жай комплексти өнүктүрүү максатында жабдууларды сатып алууга багытталууга тийиш.
65. Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөө ыйгарым укуктуу агент тарабынан ушул Типтүү жободо жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жободо аныкталган шарттарда, ушул Типтүү жобо менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө жүзөгө ашырылат.
Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттерди берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими талап кылынбайт.
66. Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөөнүн шарттары:
1) акы төлөө - кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка - жылдык 2 пайыз;
2) айып төлөм (туум) - жылдык 6 пайыз;
3) ишкердик субъекти тарабынан ликвиддүү күрөө, банктык кепилдик түрүндө же Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын ченемдерине ылайык милдеттенмени камсыз кылуунун башка ыкмалары менен бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну берүү;
4) төмөнкүлөр камтылган, бюджеттик кредиттерди алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгү:
- зайымчынын мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу;
- зайымчынын Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздарынын жоктугу;
5) мөөнөттүүлүк - бюджеттик кредиттер төмөнкү мөөнөттөргө берилет:
- 3000000 (үч миллион) сомго чейинки суммада - 5 жылга чейин;
- 3000000 (үч миллион) сомдон 5000000 (беш миллион) сомго чейинки суммада - 7 жылга чейин;
- 5000000 (беш миллион) сомдон ашык суммада - 10 жылга чейин;
6) жаш курагы боюнча чек - жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн: бюджеттик кредит толук төлөнгөн датага карата зайымчынын жана кепилчилик берүүчүнүн жашы 68 (алтымыш сегиз) жаштан ашпоосу керек.
67. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган стартап-долбоорлорду бюджеттик кредиттөө Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобонун талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
68. Бюджеттик кредиттер боюнча негизги сумма, пайдалангандыгы үчүн пайыздар, финансылык санкция (айып төлөм) түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарына ылайык республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.
69. Бюджеттик кредиттин негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил экономикалык долбоордун өзгөчөлүгүнө жараша 12 айдан ашпаган мөөнөткө берилет.
70. Бюджеттик кредиттер боюнча карыздын негизги суммасын жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрү жана мезгилдүүлүгү кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган төлөө графигине ылайык белгиленет.
71. Фонддун аткаруу органы:
1) ишкердик субъекттердин өтүнмөлөрүн келип түшкөнүнө жараша чогултат жана аларды Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна киргизет;
2) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечиминин көчүрмөсүн жактырылган экономикалык долбоорлордун тизмеги менен бирге ыйгарым укуктуу агентине жана өтүнмө ээлерине берет;
3) ыйгарым укуктуу агент тарабынан долбоор четке кагылган учурда, Фонддун Байкоочу кеңешинин кароосуна экономикалык долбоорлордун жаңы тизмегин киргизет.
72. Ыйгарым укуктуу агент:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мурда жактырылган ишкердик субъекттеринин келип түшкөн кредиттик өтүнмөлөрүн ушул Типтүү жободо жана Бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жободо белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн карайт;
2) тандап алынган ишкердик субъекттери менен кредиттик келишимдерди түзөт;
3) берилген бюджеттик кредиттерди башкарууну жүзөгө ашырат;
4) экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жана кепилчиликтерди берүү менен байланышкан милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
73. Бюджеттик кредиттердин суммалары түзүлгөн кредиттик келишимдердин негизинде ыйгарым укуктуу агенттин жазуу жүзүндөгү өтүнмөсү боюнча ишкердик субъекттеринин (зайымчылардын) эсептерине которулат.
74. Квартал сайын жана экономикалык долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоорду аткаруучу ыйгарым укуктуу агентке белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
§ 4. Долбоорду аткаруучунун милдеттенмелери
75. Долбоорду аткаруучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) долбоорду аткаруучу менен Фонддун аткаруу органынын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык долбоорду ишке ашырууну камсыз кылууга;
2) долбоорду ишке ашырууга катышуу үчүн жергиликтүү коомчулукту зарылдыгына жараша мобилизациялоону камсыз кылууга;
3) долбоор боюнча товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүүгө;
4) зарылдыгына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан долбоордун аткарылышына техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга;
5) мониторингдин натыйжаларынын негизинде долбоорду ишке ашыруунун бардык этаптарында долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу калкка маалымдоого.
76. Квартал сайын жана долбоор боюнча иштерди аяктоонун жыйынтыгы боюнча долбоорду аткаруучу Фонддун аткаруу органына же - ыйгарым укуктуу агентине белгиленген форма боюнча финансылык отчетту жана долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу отчетту берет.
6-глава. Фонддун финансы каражаттарын түзүүнүн жана чыгымдоонун тартиби
§ 1. Фонддун финансы каражаттарын түзүүнүн тартиби
77. Фонддун финансылык каражаттары төмөнкүдөй түзүлөт:
1) бюджеттик эсептер боюнча төмөнкү каражаттардын эсебинен:
- Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине ылайык фонддор боюнча бөлүштүрүлүүчү аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына ылайык жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө жана максаттуу багыттагы иш-чараларды ишке ашырууга арналган пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактар тарабынан республикалык бюджетке чегерилген каражаттардын;
- ушул Типтүү жобонун 100-103-пункттарына ылайык республикалык бюджеттен бөлүнүүчү;
2) атайын эсептер боюнча төмөнкү каражаттардын эсебинен:
- "МИК" ААКтын түзүлгөн финансылык макулдашууга ылайык негизги карызды кайтаруусунун натыйжасында алынган каражаттардын;
- ыйгарым укуктуу агент тарабынан бюджеттик кредиттин негизги суммасын, пайыздарды жана финансылык санкцияларды (туум) кайтаруунун натыйжасында алынган каражаттардын;
- демөөрчүлүк жардам жана ыктыярдуу төгүмдөр түрүндө түшкөн каражаттардын;
- кайрымдуулук же гранттык жардам түрүндө түшкөн каражаттардын;
- биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн эл аралык институттардан чегерүүлөр түрүндө түшкөн каражаттардын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган башка каражаттардын.
78. Фонддордун салыктык эмес кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрүн бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет.
§ 2. Долбоорлорду ишке ашырууга Фонддун акча каражаттарын чыгымдоо тартиби
79. Фонддун аткаруу органы учурдагы жылдын 10-февралынан кечиктирбестен Фонддун Байкоочу кеңешинин ушул Типтүү жобонун 12-пунктуна ылайык категориялар боюнча учурдагы жылга Фонддун чыгашаларынын сметасын бекитүү жөнүндө чечимин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет.
80. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддордун жылдык бюджеттерин бекитет.
81. Кепилчилик берүү үчүн каражаттарды түзүү булагы болуп, кепилчилик берүү боюнча ыйгарым укуктуу жактын уставдык капиталын көбөйтүүгө которуу жолу менен бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жыл сайын каралуучу каражаттар саналат.
82. Кепилчилик берүү боюнча ыйгарым укуктуу жак Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген Улуттук экономика субъекттерине кепилчилик берүү тартибине ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, республиканын региондорунда, шаарларында жана облустарында иш жүргүзгөн субъекттерге кепилчилик берет.
83. Фонддун аткаруу органы өзүнүн эсептеринде финансы каражаттары болгондо, учурдагы айдын 5ине чейинки мөөнөттө бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каржылоону ачууга өтүнмөнү жөнөтөт. Эгерде өтүнмө учурдагы айдын 5инен кийин берилсе, анда каржылоого өтүнмө кийинки айда каралат.
84. Фонддун кассалык чыгашалары, чыгашалар сметасы 3111 "Имараттар жана курулмалар" жана 3214 "Кредиттер, ссудалар, зайымдар" беренелери боюнча түзүлөт жана каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясында белгиленген тартипте жөнөкөйлөтүлгөн казыналык жол-жоболор боюнча жүзөгө ашырылат.
85. Фонддун аткаруу органы бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүсү болуп саналат, тандалган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча акча-төлөм операцияларын аткаруу менен бөлүнгөн каражаттардын чегинде чыгашаларды жүзөгө ашырат.
86. Түшүүлөр Кыргыз Республикасынын республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдарында тиешелүү жылга бекитилген каражаттардын көлөмүнөн ашып кеткен учурда, сметалык дайындоолорду тактоо белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
87. Фонддун акча каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө отчеттор жана аларды эсепке алуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
88. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо Фонддун аткаруу органы менен долбоорду аткаруучунун ортосунда кол коюлган эки тараптуу келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
Экономикалык долбоорлорду каржылоо Кыргыз Республикасынын бюджеттик кредиттөө жана улуттук экономика субъекттерине кепилчилик берүү боюнча мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу агент аркылуу жүзөгө ашырылат.
89. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду каржылоо Фонддун аткаруу органы, "МИК" ААК жана долбоордун башка катышуучуларынын (бар болсо) ортосунда кол коюлган финансылык макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат.
90. Долбоорлор боюнча төлөмдөргө мониторинг жүргүзүү жана контролдоо Фонддун аткаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат. Фонддун аткаруу органы белгиленген тартипте төмөнкүдөй отчетторду берет:
1) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сметанын аткарылышы жөнүндө;
2) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө.
91. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлорду жана жергиликтүү коомчулуктун демилгелерин субсидиялоонун алкагында сунушталган долбоорлорду каржылоо долбоорду аткаруучунун Фонддун аткаруу органына берген долбоорду ишке ашыруу графигине ылайык аткарылган иштердин актысынын негизинде транштар менен жүзөгө ашырылат.
92. Учурдагы жылдын аягына карата өздөштүрүлбөгөн Фонддун каражаттарынын калдыктары белгиленген тартипте республикалык бюджетке кайтарылат.
93. "МИК" ААК тарабынан кайтарылган Фонддун акча каражаттары Фонддун учурдагы жылдын калдыгы болуп саналат жана пландалган жылга тиешелүү Фонддун каражаттары катары бекитилет.
7-глава. Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
94. Фонддун каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышына мониторинг төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) каражаттардын максаттуу пайдаланылышын сактоо жана анын бекитилген пландарга шайкеш келүүсү;
2) долбоорлордун аткарылышынын жана кредиттөө программасынын натыйжалуулугун баалоо;
3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
95. Фонддун аткаруу органы мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет.
96. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг жүргүзүү тобунун курамын бекитет. Мониторинг жүргүзүү тобунун курамына Фонддун Байкоочу кеңешинин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү кирет.
97. Мониторинг жүргүзүү тобунун мүчөлөрү Фонддун каражаттарынын пайдаланылышына тиешелүү болгон документтерди сурап алууга укуктуу.
98. Мониторингдин натыйжалары отчет түрүндө таризделет, анда мониторингдин натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат.
99. Мониторинг жүргүзүү тобунун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына экиден кем эмес жолу угулат. Фонддун аткаруу органынын мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчету жыл сайын негизде бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана экономикалык болжолдоо жана региондорду өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8-глава. Фонддорго республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүштүрүү тартиби
100. Республикалык бюджеттен каражаттар эки топ боюнча бөлүштүрүлөт:
1) облустарды өнүктүрүү фонддору - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр келип түшкөн облустар кирбейт;
2) райондорду өнүктүрүү фонддору - бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген ушул топ боюнча республикалык бюджеттеги каражаттардын көлөмүнөн кирешелердин көлөмүнө жараша (активдерди, милдеттенмелерди жана атайын каражаттарды эсептен чыгаруу менен), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык кошумча бөлүштүрүлөт, буга таблицага ылайык ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө 20000000 (жыйырма миллион) сомдон ашык чегерүүлөр келип түшкөн райондор кирбейт.
Таблица. Райондук аймактык бөлүмдөргө республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттардын өлчөмдөрү
Райондордун кирешелеринин көлөмү (ири кен чыккан жерлерди иштетүүчүлөрдөн жергиликтүү маанидеги инфраструктураны күтүүгө чегерүүлөр 20000000 (жыйырма миллион) сомдон аз болгон жерлерде) | Региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин каражаттарынын суммасы | Райондук маанидеги шаарлар бар региондорду өнүктүрүү фонддоруна берилүүчү республикалык бюджеттин кошумча каражаттары |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен төмөн | 30000000 (отуз миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин орточо деңгээлинен жогорку деңгээлине чейин | 20000000 (жыйырма миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Райондор боюнча кирешелердин жогорку деңгээлинен жогору | 15000000 (он беш миллион) сом | 5400000 (беш миллион төрт жүз миң) сом |
Фонддорго республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттардын көлөмү республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилет.
101. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Фонддордун аткаруу органдарынын өтүнмөлөрүнө ылайык кассалык планды ай сайын бекитет. Фонддордун аткаруу органдары берилген өтүнмөлөргө ылайык кассалык планды ачып, долбоорлорду каржылоону жүзөгө ашырат.
102. Фонддун аткаруу органы бекитилген чыгашалардын сметасына ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен чыгашаларды өз убагында жана толук каржылайт.
103. Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан учурдагы жылы бекитилген, бирок каржыланбаган долбоорлор пландалган жылда Фонддун жылдык бюджетинде эске алынууга жана биринчи кезектеги тартипте каржыланууга тийиш.
9-глава. Кызыкчылыктардын кагылышы
104. Эгерде Фонддун Байкоочу кеңешинин, Фонддун аткаруу органынын мүчөлөрү Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоонун алкагында каралып жаткан кайсы бир долбоорго жеке кызыкчылыгы бар болсо, алар тиешелүү маселени талкуулоодон жана аны кароо жана ал боюнча чечим кабыл алуу учурунда добуш берүүгө катышуудан карманууга тийиш.