|
| |
|
| 7-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 11-сентябрындагы № 554 токтомуна) |
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча ТИПТҮҮ МЕТОДИКА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Типтүү методикада колдонулуучу түшүнүктөр:
1) индикатор - кандайдыр бир натыйжага же таасирге жетишүү даражасын мүнөздөгөн көрсөткүч;
2) мониторинг - белгиленген пландарды аткаруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана иш жүзүндөгү аракеттердин/натыйжалардын белгиленген стандарттарга же ченемдерге ылайык келишин текшерүү үчүн маалыматтарды топтоонун жана талдоонун үзгүлтүксүз процесси;
3) баалоо - убакыттын өтүшү менен кубулуштардын же көрсөткүчтөрдүн таасиринин натыйжалуулугун жана туруктуулугун талдоонун натыйжасы.
2. Типтүү методиканын максаты Фонддун аткаруучу органдарына (бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө) жана Фонддордун Байкоочу кеңештерине уюмдун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго натыйжалуу мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам көрсөтүү болуп саналат. Типтүү методика ошондой эле Фонддордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн мониторинг жүргүзүү жана баалоо (мындан ары - МБ) боюнча талаптарды аткаруусун камсыз кылат.
3. Фонддун аткаруучу органы ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен, МБнын жыйынтыгы боюнча отчетторду даярдайт жана экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
2-глава. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын уюштуруу
4. Фонддун аткаруучу органы Типтүү методиканын негизинде өзүнүн мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасын иштеп чыгат, ал Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилет. Фонддун аткаруу органынын сунушу боюнча Фонддун Байкоочу кеңеши Фонддун мониторинг тобунун курамын бекитет. Мониторинг тобунун сунушталган курамы:
1) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун жетекчиси тарабынан дайындалуучу Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
2) Фонддун уюштуруучусунун өкүлү;
3) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
4) Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген, коммерциялык же коммерциялык эмес уюмдар көрсөткөн Фонддун Байкоочу кеңешинин өкүлү;
5) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнүн жетекчисинин чечими менен мониторинг тобунун курамына берилген Фонддун аткаруучу органынын өкүлү.
5. Мониторинг тобунун мүчөлөрү Фонддун маалыматтарына жана документтерине эркин жетүүгө укуктуу.
6. Мониторинг тобунун жетекчиси мониторинг тобунун мүчөлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун чогултуу жана талдоо боюнча тапшырмаларды бөлүштүрөт.
7. Мониторинг тобу 31-декабрга чейинки мөөнөттө кийинки жылга мониторинг жүргүзүү жана баалоо планын иштеп чыгат.
8. Мониторингдин планын Фонддун аткаруучу органынын жетекчиси бекитет. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо планынын формасы ушул Типтүү методиканын 1-тиркемесинде берилген.
3-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаттары жана түрлөрү
9. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун максаты бөлүнгөн финансы каражаттарынын чегинде Фонддун ишине жана ишке ашырылган долбоорлорго коюлган максаттарга жетүү предметине реалдуу убакыт режиминде байкоо жана баалоо болуп саналат.
10. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун негизги максаты башкаруу чечимдерин кабыл алуу жөнүндө маалымат берүү. Маалымат жетиштүү, анык, өз убагында, ишенимдүү болушу керек.
11. Мониторинг "эмне болду?" жана "баштапкыларга же белгиленгендерге салыштырмалуу кандай четтөөлөр аныкталды (кырдаалды талдоосуз) ?" деген суроолорго жооп берет.
Баалоо "натыйжаларга кантип жетишилди?", "эмне үчүн четтөөлөр пайда болду?" жана "каталарды кантип оңдоого болот (кырдаалды талдоо менен)?" деген суроолорго жооп берет.
12. Типтүү жобонун талаптарына (Типтүү жобонун 7-главасы) ылайык МБнын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталды:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
13. МБ системасын даярдоонун типтүү этаптары аныкталды (1-диаграмманы караңыз).
1-диаграмма. МБ системасын даярдоонун этаптары
14. Индикатор кандайдыр бир жетишкендиктерди өлчөө каражаты катары кызмат кылат. Ал Фонддун ишинин натыйжасында же долбоорду ишке ашырууда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү чагылдырат. Индикатор максатка канчалык жеткендигине жооп берүүгө мүмкүндүк берет, башкача айтканда реалдуу натыйжаларды пландалгандар менен салыштырат.
15. МБ системасын түзүү үчүн индикаторлордун төмөнкүдөй түрлөрүн колдонуу сунушталат:
- процесстин индикаторлору планда убактысы боюнча жана аткарылуу фактысы боюнча чагылдырылган белгилүү бир иш-аракеттер кандайча аткарылып жаткандыгы жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- натыйжалардын индикаторлору иш-аракет аяктагандан кийин же анын аралык этабында натыйжага жетишүү жөнүндө маалыматты чагылдырат;
- таасир этүүчү индикаторлор субъекттин ишинин же кандайдыр бир долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында белгилүү бир объектке тийгизген таасирди көрсөтөт.
16. Ушул Типтүү методиканын алкагында сандык жана сапаттык индикаторлор да колдонулат:
- сандык индикаторлор - сандык мүнөздөмөлөргө мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн колдонулуучу индикаторлор, мисалы: бөлүнгөн каражаттардын көлөмү, долбоорлордун саны, карыздардын көлөмү;
- сапаттык индикаторлор сапаттык мүнөздөмөлөрдү чагылдырат, мисалы: канааттануу, кабыл алуу, бир нерсеге мамиле кылуу даражасы түрүндө.
17. Ар бир индикатор пландалган көрсөткүчкө салыштырмалуу бааланат. Пландык көрсөткүчтүн мааниси 100%га теңдештирилет. Индикатор иш жүзүндөгү пландык көрсөткүчкө катышы катары бааланат. Индикаторлордун аталышы жана алардын пландуу маанилери бардык Фонддор үчүн бирдей болуп саналат.
18. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет. 1-таблицада индикаторлорго баалоо жүргүзүүнүн мисалы келтирилген.
1-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги(*)
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100%) | Долбоорлордун жалпы санынын 26%ында мониторинг жүргүзүлгөн | 26 / 20 * 100% = 130% |
2 | Фонддун иши жөнүндө туруктуу негизде жарыялоо жана жаңылоо | Жылына кеминде 4 жолу (100%) | 1 жаңылоо | 1 / 4 * 100 = 25% |
3 | Индикатордун орточо баасы |
|
| (130% + 25%) / 2 = 78% |
(*) Мисал.
3.1. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши
19. Индикаторлор өтүнмө ээлери тарабынан Фонддун дарегине берилүүчү долбоорлорду кабыл алуу, баалоо, бекитүү, каржылоо боюнча жол-жоболордун Типтүү жободо көрсөтүлгөн жол-жоболорго ылайык келишин баалайт.
20. Сандык маанилерин, баалоо методдорун, маалымат булактарын, баалоонун мезгилдүүлүгүн көрсөтүү менен Фонд тарабынан жол-жоболордун сакталышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 2-таблицада берилген.
21. Индикаторлордун ар бир тобу боюнча орточо мааниси эсептелет.
2-таблица. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келүү индикаторлорунун тизмеги
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Ишке ашырылуучу долбоорлорго Фонд тарабынан мониторингдик сапарлардын саны | Ишке ашырылып жаткан долбоорлордун жалпы санынын 20%ынан кем эмеси (100 %) | Иш жүзүндө жүргүзүлгөн мониторингдик сапарлардын пландык мааниден үлүшү (%) |
|
2 | Фонддун Байкоочу кеңешинин курамында коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн болушу | Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн санынын 30%ынан кем эмеси (100%) | Байкоочу кеңештин курамындагы коммерциялык жана коммерциялык эмес сектордун өкүлдөрүнүн иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
3 | ЖӨБ органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасы (МБ сапаттык индикаторлорду жүргүзүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде берилген) | Сурамжылоого катышкандардын 50%ынан кем эмеси Фонддун ишин "эң жакшы", "жакшы" деп баалаган (100%) | Фонддун ишин "эң жакшы", "жакшы" деп баалаган сурамжылоого катышкандардын иш жүзүндөгү үлүшү (%) |
|
4 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
3.2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо
22. Индикаторлор Фонддун жана долбоорду аткаруучулардын Каржылоо планына жана долбоордун иш планына ылайык долбоорду каржылоону камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүн жана жоопкерчилигин баалайт.
23. Финансылык каражаттардын максаттуу пайдаланылышын сыпаттаган индикаторлордун тизмеги 3-таблицада берилген.
3-таблица. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоонун индикаторлорунун тизмеги
№ | Индикатордун аталышы | Пландык мааниси | Иш жүзүндөгү мааниси | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Каржылоонун жалпы көлөмүнө карата экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн ортосундагы катышты сактоо (Фонд экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча өз чечимдерин кантип аткарып жаткандыгын көрсөтөт) | Байкоочу кеңештин чечими менен экономикалык долбоорлорго бөлүнгөн каржылоонун көлөмү (100%) | Экономикалык долбоорлор боюнча каржылоо көлөмүнүн иш жүзүндөгү мааниси (%) |
|
2 | Иш жүзүндөгү сметасы пландык сметага дал келген долбоорлордун саны (смета боюнча чыгымдардын иш жүзүндөгү беренелери смета боюнча пландык чыгымдарга ылайык келүүгө тийиш) | Макулдашылган смета менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Сметадан четтөөсү бар долбоорлордун жалпы санынан иш жүзүндө ишке ашырылган долбоорлордун үлүшү (%) |
|
3 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
3.3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо
24. Индикаторлор бекитилген бюджеттердин алкагында аяктаган долбоорлордун максаттарына жана милдеттерине жетүүнү баалайт.
25. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо индикаторлору 4-таблицада берилген.
4-таблица. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугунун индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү мааниси/пландык мааниси) * 100% |
1 | Аяктаган долбоорлордун саны (инфраструктуралык долбоорлор үчүн объектти эксплуатацияга киргизүү актысынын болушу, техника, жабдуулар үчүн муниципалдык мүлктүн реестрине киргизүү аяктоо болуп саналат) | Учурдагы жылга Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими менен бекитилген долбоорлордун саны (100%) | Иш жүзүндө аяктаган долбоорлордун саны |
|
2 | Бардык пландалган индикаторлорго жеткен долбоорлордун саны (мисалы: "Футбол боюнча секцияны уюштуруу" долбоорунда 2 жумуш орду түзүлөрү жана 25 бала футбол менен машыга тургандыгы көрсөтүлгөн. Иш жүзүндө 3 жумуш орду түзүлгөн жана 30 бала машыгууда. Долбоор өз максаттарына жеткен) | Бардык ишке ашырылган долбоорлордун санын көрсөтүү (100%) | Билдирилген максаттарга жетишилген долбоорлордун санын, индикаторлорун көрсөтүү |
|
3 | Акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы. МБ сапаттык индикаторлорду жүргүзүү методикасы ушул Типтүү методиканын 2-тиркемесинде берилген) | Орточо баалоо 3,5 баллдан кем эмес (100%) | Анкетанын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү баалоо |
|
4 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
3.4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо
26. Индикаторлор бюджеттик мыйзамдардын ченемдерин, анын ичинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун сактоого карата Фонддордун жана долбоорлордун аткаруучуларынын тартибин, жоопкерчилигин баалайт, 5-таблица.
5-таблица. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо индикаторлору
№ | Индикатордун аталышы | Пландык маани | Иш жүзүндөгү маани | Индикаторду баалоо (иш жүзүндөгү маани/пландык маани) * 100% |
1 | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын өткөн жылдагы аудитинин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар табылбаган долбоорлордун саны | Ишке ашырылган долбоорлордун жалпы санын көрсөтүү (100%) | Эсептөө палатасынын жана башка текшерүүчү органдардын сын пикирлери бар долбоорлордун санын көрсөтүү |
|
2 | Текшерүүчү органдардын өткөн жылдагы текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Фонд тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылган мамлекеттик сатып алуулар боюнча бузуулар табылбаган долбоорлордун саны | Фонддун өзү сатып алган долбоорлордун санын көрсөтүү (100%) | Фонд сатып алууларды жүргүзгөн долбоорлордун санына карата текшерүүчү органдар тарабынан бузуулар табылган долбоорлордун саны (%) |
|
3 | Индикаторду орточо баалоо |
|
|
|
4-глава. Фонддун иши жөнүндө статистикалык маалымат
27. Фонддун аткаруучу органы жылына 1 жолудан кем эмес, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен Фонддун иши жөнүндө статистикалык маалыматты экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.
Статистикалык маалыматтардын тизмеги ушул Типтүү методиканын 3-тиркемесинде берилген.
5-глава. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча отчеттор
28. Мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары отчет түрүндө таризделет, мында мониторингдин натыйжалары жана четтөөлөрдү жоюу боюнча сунуштамалар чагылдырылат. Мониторингдик топтун отчету Фонддун Байкоочу кеңешинин жыйналыштарында жылына 2 жолудан кем эмес угулат.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары боюнча Фонддун отчету ар жылдык негизде, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирилбестен, экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, ошондой эле бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Отчеттун сунушталган форматы ушул Типтүү методиканын 4-тиркемесинде берилген.
Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжаларын визуалдаштыруу үчүн Excel программасынын негизинде "желекче диаграммасын" колдонуу сунушталат.
6-таблица. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары(*)
Индикаторлор тобунун аталышы | Индикаторлорду орточо баалоо |
Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго шайкештиги | 76% |
Финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланууну сактоо | 85% |
Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | 64% |
Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | 100% |
(*) Мисал.
|
| Типтүү методикага 1-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо планы
№ | Индикатордун аталышы | Пландык көрсөткүч | Иш жүзүндөгү көрсөткүч | МБ методу | Маалымат булагы | МБ жүргүзүү мезгили | Жооптуу жак |
1. Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго шайкеш келиши | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3. Долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4. Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо | |||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Типтүү методикага 2-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фонддорунун ишинин натыйжалуулугун баалоонун сапаттык индикаторлоруна мониторинг жүргүзүү жана баалоо методикасы
1. Методика Фонддун ишин мүнөздөгөн 2 сапаттык индикаторго мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун аныктайт:
1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасы;
2) акыркы колдонуучулардын ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасы.
2. Баалоо анкеталоо методу менен жүргүзүлөт. Анкеталар сурамжылоонун катышуучуларына электрондук почта, мобилдик телефон, WhatsApp боюнча электрондук билдирүү аркылуу жиберилет.
3. Баалоо учурдагы жылдан кийинки жылдын январь-февраль айларында жүргүзүлөт. Баалоо боюнча маалыматтар отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-мартына чейин даяр болууга жана финалдык отчетко киргизилүүгө тийиш.
4. Фонддорго баалоо жүргүзүү үчүн сурамжылоолорду жүргүзүү жана отчетторду даярдоо боюнча тажрыйбасы бар көз карандысыз компанияны жалдоо сунушталат. Компаниянын ишин каржылоо консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун алкагында Фонддун бюджетинен же эл аралык донордук уюмдардын колдоосунун эсебинен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын Фонддун ишине канааттануу даражасын баалоо:
1) Фонддун каражаттарынын эсебинен каржылоого өтүнмө берген жетекчилерди же долбоор үчүн жооптуу адамдарды көрсөтүү менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түрүндө өтүнмө ээлеринин тизмеги түзүлөт;
2) ар бир жетекчи же жооптуу адам боюнча байланыш маалыматтары: электрондук почтасы же мобилдик телефондун номери белгиленет;
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жиберилет. Анкеталар даректелүүчүлөргө отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен жиберилет;
1-таблица. Анкета
Суроолор | Катышуучунун жооптору | Балл (%) |
Сиз _______________ облусунун/районунун _________________ Регионду өнүктүрүү фондунун өткөн _____-жылдагы ишине канчалык канааттандыңыз | 5 балл Толук канааттандым. Фонд өз ишин ийгиликтүү аткарууда | 100 |
4 балл Канааттандым. Фонд жалпысынан өз ишин аткарууда | 80 | |
3 балл Азыраак деңгээлде канааттандым. Фонддун ишинде айрым кемчиликтер бар | 40 | |
2 балл Мен Фонддун ишине канааттанган жокмун. Анын ишинде көптөгөн мыйзам бузуулар бар | 0 |
4) анкеталарга жооптордун келип түшкөндүгүнө жараша Excel таблицаларында белгиленет. Жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат. Анкеталарга берилген жооптордун саны жиберилген анкеталардын санынын 70%ынан кем болбоого тийиш;
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин Фонддун ишине ЖӨБОнун жана мамлекеттик органдардын канааттануу даражасынын индикаторун баалоонун орточо мааниси төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (% менен),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (% менен),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Балл (%) |
1 | 4 | 80 |
2 | 4 | 80 |
3 | 5 | 100 |
4 | 3 | 40 |
5 | 4 | 80 |
6 | 3 | 40 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 60 | |
6. Акыркы колдонуучулардын ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасын баалоо:
1) отчеттук жылда ишке ашырылган долбоорлордун тизмегинен долбоорлордун 30%ы тандалып алынат, тандалып алынган долбоорлордун арасында экономикалык долбоорлор 20%дан кем болбоого тийиш (долбоорлор кокусунан тандоо принциби боюнча тандалат, чүчүкулак колдонууга жол берилет);
2) ар бир долбоор боюнча бул долбоордон пайда алган 3-5 адам байланыш маалыматтары менен аныкталат, жогоруда аталган адамдар баалоо жүргүзгөн компания тарабынан кокусунан тандоо методу менен аныкталат (келечектеги анкеталануучулардын тизмегинин долбоордун жетекчилиги тарабынан кызыкдар адам катары көрсөтүлүшүнө жол берилбейт);
3) байланыш маалыматтары боюнча сурамжылоо менен анкета жиберилет (анкеталар отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен даректелүүчүлөргө жиберилет);
2-таблица. Анкета
Суроолор | Катышуучунун жооптору | Балл (%) |
Сиз _____________ облусунун/районунун Регионду өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен каржыланган өткөн _____-жылдагы ___________ долбоорунун натыйжаларына канчалык канааттандыңыз | 5 балл Толук канааттандым. Долбоор мага олуттуу жардам берди | 100 |
4 балл Канааттандым. Долбоор жалпысынан коюлган милдеттерди аткарды | 80 | |
3 балл Азыраак деңгээлде канааттандым. Долбоордун ишинде айрым кемчиликтер бар | 40 | |
2 балл Долбоордун ишине канааттанган жокмун. Долбоор коюлган максаттарына жеткен жок | 0 |
4) анкеталарга жооптордун келип түшкөндүгүнө жараша Excel таблицаларында белгиленет (жооптор отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартынан кечиктирилбестен кабыл алынат);
5) анкетага жоопторду кабыл алуу аяктагандан кийин акыркы керектөөчүлөрдүн ишке ашырылган долбоорлордун натыйжаларына канааттануу даражасынын индикаторун баалоонун орточо мааниси төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
Оср - индикатордун орточо мааниси (% менен),
ΣOi - бардык алынган жооптордун салмагынын суммасы (% менен),
Na - анкетага алынган жооптордун саны.
Excel таблицасын колдонуунун мисалы:
Анкетанын номери | Алынган жооптор | Балл (%) |
1 | 3 | 40 |
2 | 3 | 40 |
3 | 5 | 100 |
4 | 4 | 80 |
5 | 3 | 40 |
6 | 4 | 80 |
7 | 2 | 0 |
Индикатордун орточо мааниси | 54 | |
|
| Типтүү методикага 3-тиркеме |
Региондорду өнүктүрүү фондунун иши жөнүндө статистикалык маалымат
1-таблица. Региондорду өнүктүрүү фонддорунун иши жөнүндө жыйынтыкталган маалымат
№ | Долбоорлордун түрлөрү | Ушул жылы бекитилген долбоорлордун саны | Каржылоонун бекитилген көлөмү (млн. сом) | Ушул жылы ишке ашырылган долбоорлордун саны | Өздөштүрүлгөн каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Кийинки жылга өтүүчү долбоорлордун саны | Өтүүчү каражаттардын көлөмү (млн. сом) | Ушул жылы түзүлгөн жумуш орундарынын саны |
Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||||
1 | Билим берүү |
|
|
|
|
|
|
|
| Мектептер |
|
|
|
|
|
|
|
| Бала бакчалар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2 | Саламаттык сактоо |
|
|
|
|
|
|
|
| ФАПтар |
|
|
|
|
|
|
|
| ҮМБ |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
3 | Маданият |
|
|
|
|
|
|
|
| Маданият үйлөрү/кинотеатрлар |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
4 | Спорт |
|
|
|
|
|
|
|
| Спорт комплекстери/аянтчалары |
|
|
|
|
|
|
|
| Инвентарь |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
5 | Социалдык коргоо |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
6 | Мамлекеттик-муниципалдык башкаруу |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/ курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
7 | Турак жай-коммуналдык чарба |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
8 | Өзгөчө кырдаалдар |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
9 | Ишкердик |
|
|
|
|
|
|
|
| Имараттар/курулуштар |
|
|
|
|
|
|
|
| Техника/жабдуулар |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
10 | Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
| ... |
|
|
|
|
|
|
|
Экономикалык долбоорлор | ||||||||
1 | Кредит алган долбоорлор |
|
|
|
|
|
|
|
| Айыл чарбасы |
|
|
|
|
|
|
|
| Өнөр жай |
|
|
|
|
|
|
|
| Кызмат көрсөтүүлөр |
|
|
|
|
|
|
|
| Башкалар |
|
|
|
|
|
|
|
2-таблица. Регионду өнүктүрүү фонду ишке ашырган долбоорлордун сыпаттамасы
№ | Долбоордун билдирүүчүсүнүн аталышы | Долбоордун кыскача баяндамасы | Фонддун каражаттарынын эсебинен пландалган каржылоо | Фонддун каражаттарынын эсебинен иш жүзүндө каржылоо | Түзүлгөн жумуш орундарынын саны | Долбоордун статусу (аяктаган - аяктаган эмес, башталган эмес) |
1. Социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор | ||||||
Билим берүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Саламаттык сактоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Маданият | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Спорт | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Социалдык коргоо | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Турак жай-коммуналдык чарба | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Өзгөчө кырдаалдар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ишкердик үчүн шарттарды түзүү | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Башкалар | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2. Экономикалык долбоорлор | ||||||
Кредит алган долбоорлор | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Типтүү методикага 4-тиркеме |
Регионду өнүктүрүү фондунун ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча отчеттун формасы
1. Жалпы маалымат (1 беттен көп эмес):
- Фонд тууралуу маалымат;
- бюджет боюнча пландык көрсөткүчтөр;
- Фондду каржылоо булактары: ишканалар (жер казынасын пайдалануучулар), республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар;
- келип түшкөн өтүнмөлөрдүн жалпы саны жана алардын иштин түрлөрү боюнча бөлүштүрүлүшү.
2. Фонддун ишинин оң натыйжаларын талдоо (2 беттен көп эмес)
Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылы кандай ийгиликтерге жетишилгендигин көрсөтүү. Ийгиликтүү долбоорлордун мисалдарын келтирүү. Инновацияларды, жаңы технологияларды колдонуу менен, ошондой эле бүткүл регионго таасирин тийгизген долбоорлорго басым жасоо.
2. Көйгөйлүү маселелерди талдоо
Фонддор өз ишинин процессинде кандай проблемаларга туш болгонун көрсөтүү. Кайсы маселелерди өз алдынча чечүүгө мүмкүн болгонун көрсөтүү.
Фонддордун ишин жакшыртуу жана келип чыккан проблемалуу маселелерди чечүү бөлүгүндө экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштамалардын жана суроо-талаптардын тизмесин берүү.
3. Мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжалары
Индикаторлордун типтери боюнча МБнын жыйынтыктары берилет:
1) Фонддун ишинин белгиленген эрежелерге жана жол-жоболорго ылайык келиши;
2) финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну сактоо;
3) долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо;
4) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарынын жол-жоболорун жана ченемдерин сактоо.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча Типтүү методикада толтурулган көрсөткүчтөрү менен берилген таблицалар көрсөтүлөт.
Индикаторлордун ар бир тобу боюнча алынган маалыматтарга анализ берилет. Ийгиликтердин жана терс учурлардын себептери көрсөтүлөт.
МБ жыйынтыктары "желекче" диаграммасы түрүндө берилет.
5. МБнын жыйынтыктары боюнча тыянактар жана сунуштамалар
МБнын жыйынтыгы боюнча Фонд өзүнүн ишине өз алдынча объективдүү баа берет. Талдоонун натыйжалары боюнча Фонддун ишин жакшыртуу боюнча пландалган түзөтүүчү иш-аракеттердин тизмегин берет.