Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9- чакырылышынын кезексиз I- сессиясы
2023-жылдын 14-февралы № 6
2009-жылдын 26-апрелиндеги №30 «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча 2023-жылга иш-чараларды бекитүү
2009-жылдын 26-январындагы № 30 «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча 2023-жылга иш-чараларды бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап,
Токтом кылат:
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету, киреше бөлүгүнө 410 000 сом, чыгаша бөлүгүнө 238 120 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитети тарабынан сунушталган 2023-жылга ПМУнун бюджетинин болжолдуу киреше жана чыгаша бөлүгү 400 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Жайыт комитети тарабынан 2023-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн сунушталган төлөм жайыттарга айдалган малдын башына төмөнкү өлчөмдөрдө бекитилсин:
- ири мүйүздүү малдын 1 башына -120 сом
- бодо малга жана 1 жашка чейинки жылкыга - 1 башына 84 сомдон
- кой-эчкилерге 1 башына -24 сом
- жылкыга -120 сомдон
накталай төлөнгөндө кошумча жергиликтүү 3% сатуу салыгы.
Суусамыр өрөөнүндө мал жайган жайыт пайдалануучулар менен жайыттарды
пайдалангандыгы үчүн төлөм 50% өлчөмүндө бекитилсин, б.а.
- чоң бодо малдын 1 башына -60 сом
- бодо малга жана 1 жашка чейинки жылкыга - 1 башына 42 сом
- кой-эчкиге -12 сомдон
- жылкыга -60 сомдон накталай төлөнгөндө кошумча жергиликтүү 3% сатуу салыгы.
4. Жайыт билети жок мал баккан жана жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөбөгөн жайыт пайдалануучуларга төмөндөгүдөй өлчөмдөгү айыптар бекитилсин:
- Бодо малга жана жылкыга -500 сомдон
- кой-эчкиге - 200 сомдон.
5. Жамаатты башкаруунун орто мөөнөттүү планын бекитүү жана
2023-2027-жылдарга жайыттарды пайдалануу
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин төрагасы Р.С.Мамбеталиевге жүктөлсүн. жана ЖПБнын резервдик комитети.
Төрага | Мамбеталиев Р.Р. |