КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-октябры № 604
Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартибин бекитүү жөнүндө
"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 10-пунктун, 7-беренесин, "Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 10-пунктун, 7-беренесин, 29-беренесинин 2-бөлүгүн, 39-беренесинин 3-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти жөнүндө жободо:
- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 33, 34-пунктчалар менен толукталсын:
"33) дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга байкоо жүргүзүү системасын киргизет жана жүргүзөт;
34) дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды маркалоо боюнча улуттук оператор болуп саналат.".
3. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып байкоо жүргүзүлүүгө тийиш эмес дары каражаттары жана медициналык буюмдар үчүн гана "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалыматтар базасы" маалыматтык системасында санариптик маркалоо коддорун каттоосуз дүң жана чекене сатууга уруксат берилет деп белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти байкоо жүргүзүлүүгө тийиш эмес дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын критерийлерин бул токтом күчүнө кирген учурга бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-февралындагы № 53 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына байкоо жүргүзүү системасын киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |