Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-февралы № 01-5/11
Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2015-жыл 27-апрелиндеги №258 “Зыяндуу же кооптуу шарттарда оор жумуштар үчүн жана кошумча төлөмдөрдү белгилөө тартиби жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн түзүлгөн комитетинин отурумунун, кызматкерлердин жумуш орундарын жыйынтыгын талкуулоо протоколунун жана электромагниттик нурлануунун көлөмүн өлчөө протоколунун негизинде
Военно-Антоновка айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жана айылдык Кенештин кызматкерлеринин эмгек акысына 2021-жылдын январь айынан баштап компьютер менен иш жүргүзүүдөгү зыяндуулуктары үчүн 15%тен -25% чейин кошумча акы төлөнүп берилсин.
2. Штаттык санга өзгөртүүгө байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражатынан бөлүнүп берилсин.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |