Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-февралы № 01-5/17
Муниципалдык ишкананын натыйжалуу иш-аракети жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 28.03.2018-жылдагы №166/51-6 Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу жөнүндөгү мамлекеттик программасы боюнча Военно-Антоновка айылдык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык ишкананын накталай эмес төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү максатында
Военно-Антоновка айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Военно-Антоновка айылдык Кеңешинин алдындагы Муниципалдык ишкананын бардык иш алып баруулары накталай эмес төлөмдөр жана эсептешүүлөр боюнча иш жүргүзүүсү бекитилсин.
2. Военно-Антоновка айылынын жеке жана юридикалык жактары менен кызмат көрсөтүүнүн бардык түрлөрү боюнча (таштанды, суу түтүгү, канализация ж.б.) 2021-жылдын 1-майына чейин келишим түзүлүп, 2021-жылдын 1-июнга чейин өздүк эсептери ачылсын.
3. Муниципалдык мекеменин башчысына (Ж.А.Бузурманкулов) токтом боюнча иш алып баруу мидеттендирилсин.
4. Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысы (Р.Т.Садыков) ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.
Төрага |
| Мураталиев У.М. |