КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-сентябры № 21/V
Красная Речка айыл аймагында жайгашкан күнүмдүк жѳнгѳ салуучу (БСР) бассейинди айыл ѳкмѳтүнүн балансынан мамлекеттик менчигине алып, суу ресурстары кызматынын карамагына ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ
Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын башчысынын Дж.К.Сазановдун 2023-жылдын 11-сентябырындагы №03-94 сандуу номери менен келген катын карап чыгып, Красная Речка айылдык кенешинин депуттатары белгилешти, вегетация маалына сууну сапаттуу камсыздоо жана дыйкан чарбаларга сууну жеткирүү максатында айыл аймагында жайгашкан күнүмдүк жѳнгѳ салуучу (БСР) бассейиндерди капиталдык жумуштарды жүргүзүүнү талап кылынууда, анткени Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынына 27-беренесинин ондоо жана тазалоо иштерине акча каражат каралбайт, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная речка айылдык кеңешинин сессиясы,
токтом кылат:
1. Красная Речка айыл аймагында жайгашкан күнүмдүк жѳнгѳ салуучу (БСР) бассейинди айыл ѳкмѳтүнүн балансынан мамлекеттик менчигине алып, суу ресурстары кызматынын карамагына ѳткѳрүлүп берилсин, анткени тийиштүү объектердин ондоо жана тазалоо иштери мамлекеттик каражаттан кылынууда.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин агрардык маселелер, курулуш, транспорт, өнөр жай жана турак жай – коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Н.С.Бекбоева