КРАСНОРЕЧКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-сентябры № 20/V
Административдик-аймактык түзүлүштү жүргүзүү жѳнундѳ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябырындагы №350 «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн ѳркүндѳтүү жана региондорду ѳнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жѳнүндѳ» Жарлыгын аткаруу максатында Красная Рчка айыл аймагында 2023-жылдын 25-августунда айыл аймагында жайгашкан мекемелердин жетекчилери, айыл аймагынын тургундары, айылдык кенешинин депутаттары, кварталдык комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте чогулуш ѳткѳрүлгѳн, чогулуштун алкагында Кыргыз Республикада административдик-аймактын реформа жүргүзүлүп жаткандыгы жѳнүндѳ жарандарга маалымат катары тааныштырып жеткирилди, ошондой эле административдик-аймактык түзүлүштү андан ары өркүндөтүү, аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу, мамлекеттик, социалдык жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренелерине ылайык Красная Речка айылдык кеңешинин сессиясы,
токтом кылат:
1. Красная Речка жана Нурманбет айыл аймактарын бириктирип, Красная Речка айылын административдик борбор деп аныктоо менен Нурманбет айыл аймагы деп аталсын.
2. Красноречка айыл өкмөтү:
- ушул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- ушул токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция Министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом «Жениш-Туусу» - «Знамя победы – Ысык-Ата» коомдук-саясий гезитине жарыялансын жана Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин mkk.gov.kg сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Красноречка айылдык кеңешинин укук тартибинин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жана Красная Речка айылдык кенешинин жоопту катчысына В.Т.Шаршеевага жүктөлсүн.
5. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Н.С.Бекбоева