Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №47
“Аймактык территориалдык реформа болгонго чейин Сумсар айыл өкмөтүнө социалдык жардам катары которулган акча каражатын башка беренеге которуу жөнүндө”.
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын кайрылуусунун негизинде тез там курууга деп аймактык территориалдык реформа болгонго чейин Сумсар айыл өкмөтүнө 1 000 000 сом акча каражаты социалдык жардам катары каражаттар эсебине которулган. Акча каражатынын тартыштыгынан улам тез там курууга жумшалбай, эркин калдык катары кайрадан уюшулган Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн счетуна которулган. Шекафтар айылынын тургундарынын кайрылуусуна ылайык, жогорудагы акча каражатынын багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Аймактык территориалдык реформа болгонго чейин Сумсар айыл өкмөтүнө социалдык жардам катары каражаттар эсебине которулган 1 000 000 (бир миллион)сом акча каражатынын багытын өзгөртүү менен, Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имарат жана курулмаларды куруу багыты боюнча 3111 беренесине которулсун.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |