Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз V-сессиясынын
2024-жылынын 19-июлу №48
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бардык мекеме-уюмдардын имараттарын камсыздандыруу уюмуна өткөрүү жөнүндө”.
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бардык мекеме-уюмдардын имараттарын камсыздандыруу уюмуна өткөрүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган бардык мекеме-уюмдардын имараттарын камсыздандыруу уюмуна өткөрүү үчүн 1 320,0 миң (бир миллион үч жүз жыйырма миң) сом акча каражаты алты айдын жыйынтыгы менен жергиликтүү бюджеттин пландан ашыкча аткарылган каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы : |
Эргешов К.М. |