ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-апрели № 78/XXI-28
Люксембург айылдык кеңешинин 2022-жылдын 30-мартындагы №37 “Люксембург айыл аймагынын Люксембург айыл өкмөтүнүн үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө” токтомунун Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин негизинде, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Люксембург айылдык кеңешинин "Люксембург айыл өкмөтүнүн Люксембург айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана Эскерүү жөрөлгөлөрүн өткөрүүнүн тартиби жөнүндө" токтомуна 30.03.2022-ж. л. 37/лад-28 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 3.1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3.1. Люксембург айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чаралар ушул глава менен белгиленген талаптарды сактоо мененөткөрүлөт",
2)3.2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3.2.Үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумды эскерүү үрп-адаттарын калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлсүн. Ошондой эле ашыкча ысырапкорчулукту – баштыктарга тамак-аш салып таркатуу, дасторкон жаюу, тамак-аш алып келүү, ири каражаттарды коротпостон жана ири мүйүздүү малдарды сойонуу токтотуу сунушталат",
3) 4 бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.
3. Аталган Жобонун текстинде мамлекеттик тилдеги " ырым-жырым "деген сөз
"үрп- адат"деген сөз менен алмаштырылсын.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерде - стенддерге жарыялансын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |
Люксембург айылдык кеңешинин
2022-жылдын 30- мартындагы
№37/IX -28 токтому менен
бекитилген
“Люксембург айыл аймагынын Люксембург айыл өкмөтүнүн
үй- бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жобо
(Люксембург айылдык кеңешинин 2023-жылдын 26- апрелиндеги
№78/ XXI-28токтомунун редакциясына ылайык )
- Жалпы жобо
1.1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алуу менен үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби, маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби, үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдарынын иши жана жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик боюнча комиссиялардын ишинин тартибин аныктайт. Жобо жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын аткаруу, калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн иретке келтирүүнү, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербөө саналат.
1.3. Комиссия жергиликтүү кеңеште бекитилет жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп саналат.
1.4. Комиссия өз ишмердүүлүгүн “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймакта үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлерден, аксакалдар сотунан, аялдар жана жаштар уюмдарынан, диний уюмдарынан турган жумушчу топ түзүлөт.
2.2.Ушул типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору сайттарга жайгаштырылат, жалпыга тааныштыруу үчүн тактыга илинет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Люксембург айыл аймагында үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, үй-бүлөлүк маркумды эскерүү үрп-адаттарын жана маркумга арналган иш-чаралар ушул глава менен белгиленген талаптарды сактоо менен өткөрүлөт .
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын калктуу конуштарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлсүн. Ошондой эле ашыкча ысырапкорчулукту – баштыктарга тамак-аш салып таркатуу, дасторкон жаюу, тамак-аш алып келүү, ири каражаттарды коротпостон жана ири мүйүздүү малдарды сойонуу токтотуу сунушталат.
- Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн иретке келтирүүчү , көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары жүргүзөт.
4.1. Жобого ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын ырым-жырымдарын өткөрүүнүн иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдарына айыл өкмөттүн башчысы жана жергиликтүү комиссия кирет.
- Жергиликтүү комиссия
5.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөттүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын ырым жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин Жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, Жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, Жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара көрөт.