ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-апрели № 80/XXI-28
"Коопсуз аймак" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө
Люксембург айыл өкмөтүнүн АК инспектору Д.А.Бегматованын "Коопсуз аймак" долбоору боюнча Люксембург айыл аймагынын коопсуз иштөөсү үчүн "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,17,22 пунктчасына ылайык сунушун карап жана талкуулап чыгып, Люксембург айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Люксембург айыл өкмөтүнө "Коопсуз аймак"долбоорун ишке ашырууга демөөрчүлөрдү тартууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Люксембург айыл өкмөтүнүн имаратындагы стендге жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Буйляшевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шайлдабеков |