Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 8-октябры № 609

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн автотранспорт каражаттарынын

ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу

чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде:

- 23-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"23. Камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде автотранспорт каражатынын менчик ээси алмашкан учурда жаңы менчик ээси камсыздандыруучуга кайрылууга жана камсыздандыруу келишимин өзүнүн атына кайра тариздөөгө укуктуу. Камсыздандыруу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. Эгерде маалыматтарды өзгөртүү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келсе, камсыздандыруучу ушул Эрежелердин 22-пунктуна ылайык камсыздандыруу сыйакысын кайра эсептөөгө милдеттүү, мында жаңы менчик ээси камсыздандыруу сыйакысынын суммасынын айырмасын гана кошумча төлөйт. Автотранспорт каражатынын менчик ээси ал жаңы менчик ээсине кайра таризделгенден кийин жана (зарыл болгон учурда) акыркысы камсыздандыруу сыйакысын кошумча төлөгөндөн кийин алмашкан учурда камсыздандыруу келишими жарактуу болот. Милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын алмаштырууга, ошондой эле камсыздандыруу мөөнөтүн өзгөртүүгө жол берилбейт.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров