Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 токтомуна) |
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери "Автотранспорт каражаттарынын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) тараптардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2-глава. Милдеттүү камсыздандыруу келишими
2. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздоочуну Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууга лицензиясы бар камсыздоочулардын ичинен өз алдынча тандоого укуктуу.
3. Камсыздандыруучулар камсыздандыруу ишин камсыздандыруу ортомчулары (агенттер жана брокерлер) аркылуу жүзөгө ашырууга укуктуу.
4. Камсыздандыруу агенти - камсыздоочу менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде анын атынан жана анын тапшырмасы боюнча иштеген камсыздоочунун ыйгарым укуктуу өкүлү.
5. Камсыздандыруу брокери - Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу брокердик ишти жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте тийиштүү лицензия алгандан кийин камсыздандыруучунун же камсыздоочунун тапшырмасынын негизинде өзүнүн атынан камсыздандыруу боюнча ортомчулук кылган юридикалык жак.
6. Камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө арыз менен кайрылган жана "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык документтерди берген жактарга милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдөн баш тартууга укуксуз.
7. Камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздандыруучуну милдеттүү камсыздандыруунун шарты менен тааныштырууга, милдеттүү камсыздандыруу келишиминен келип чыккан анын укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрүүгө тийиш.
Камсыздандыруучу камсыздоочудан милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча милдеттүү (камсыздандыруунун шарттарын, өзүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу.
8. Тобокелдик даражасы өзгөргөн учурда (автотранспорт каражаттарынын техникалык мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү өзгөрүүлөр, автомобиль каражатын башкарууга уруксат берилген жактар алмашкан учурда) камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин үч жумуш күндүн ичинде камсыздоочуга бул өзгөрүүлөр тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.
9. Камсыздоочу автоматташтырылган маалыматтык борборго ар бир түзүлгөн камсыздандыруу келишими жөнүндө, камсыздандыруу сыйакыларынын көлөмү жөнүндө, камсыздандыруу учурлары жөнүндө, мүлк жана ден соолук боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруу суммалары жөнүндө, камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча баш тартуулар жөнүндө, ар бир автотранспорт каражаты боюнча жабырлануучунун. пайда көрүүчүнүн жөнгө салынбаган доосу жөнүндө, менчик ээсинин алмашкандыгы жөнүндө, ишеним кат боюнча транспорт каражатын башкарууга укуктуу адамдар жөнүндө, болгон жол-транспорт кырсыктары жөнүндө, жол-транспорт кырсыктарынын катышуучулары жана жабырлануучулары жөнүндө маалыматтарды берет.
10. Камсыздоочу камсыздандыруучунун талабы боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими жөнүндө, жүргүзүлгөн камсыздандыруунун ордун толтуруулар жөнүндө, аталган камсыздандыруучу менен түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишиминин жарактуу мезгилинде жабыркануучудан, пайда көрүүчүдөн түшкөн арыздар жана камсыздандыруунун ордун толтуруу тууралуу жабырлануучулардын жөнгө салынбаган талаптары жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө, акысыз берүүгө милдеттүү.
11. Камсыздоочу камсыздандыруунун купуялыгын камсыздоого милдеттүү. Камсыздоочу "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан сырткары, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүнүн натыйжасында камсыздандыруучу, автотранспорт каражатынын айдоочусу жана менчик ээси, алардын мүлкүжөнүндө алынган маалыматтарды жайылтууга укугу жок.
Камсыздоочу камсыздандыруу купуялыгын бузгандыгы үчүн укук бузуунун түрүнө жана бузуунун мүнөзүнө жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
12. Милдетүү камсыздандыруу келишимин түзүү же ага өзгөртүү киргизүү үчүн камсыздандыруучу өзүнүн жекече маалыматын. автотранспорт каражатынын ээсинин жекече маалыматын берүүгө милдетүү. Эгерде милдеттүү камсыздандыруунун түзүлүүчү келишиминде камсыздандыруучу тарабынан автотранспорт каражатын бир нече айдоочулар башкара тургандыгы көрсөтүлсө, камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арыздагы жана "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдетүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздоочуга керектүү документтердеги маалыматтар менен кошо аталган айдоочулардын ар биринин жекече маалыматын берүүгө милдетүү.
13. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтерди тиркөө менен ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызды камсыздоочуга берет.
14. Эгерде "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, милдеттүү камсыздандыруу келишими бир жылдан ашык эмес жана 5 күндөн кем эмес мөөнөткө түзүлөт.
15. Милдеттүү камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисин тариздөө жана камсыздандыруучуга берүү аркылуу ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде жазуу, жүзүндө түзүлөт.
Милдеттүү камсыздандыруунун ишке ашырылышын күбөлөндүргөн документ болуп милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полиси эсептелет.
16. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруу полисинин бланктарынын дизайнына жана сапатына карата бирдиктүү талаптарды белгилейт.
Камсыздандыруу полистеринин бланктары так отчеттук бланктарды даярдоо тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык даярдалат. Камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар бир камсыздоочуга камсыздандыруу полистеринин бланктарын номерлейт жана бекитет.
17. Камсыздоочу камсыздандыруу полистеринин бланктарын так эсепке алууга жана сактоого, ошондой эле ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык формада камсыздандыруу полистеринин бланктары боюнча ай сайын отчетторду камсыздандыруу ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
18. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөнгө чейин тобокелдик даражасын аныктоо үчүн олуттуу мааниге ээ жана ага белгилүү болгон шарттарды өзүнүн арызында камсыздоочуга билдирүүгө милдеттүү. Камсыздандыруучу камсыздоочунун жазуу жүзүндөгү сурамына жоопторду кошуп эсептегенде, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн берилген маалыматтардын тууралыгына жана толуктугуна жоопкерчилик тартат.
19. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүдө камсыздоочу милдетүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда камсыздандыруучу тарабынан берилген маалыматтардын, автоматташтырылган маалымат борборунун базасында камтылган маалыматтардын шайкештигин текшерет.
Камсыздандыруучунун берген маалыматы менен автоматташтырылган маалымат борборунун базасында камтылган маалыматтардын ортосунда дал келбестиктер аныкталган учурда милдетүү камсыздандыруу келишими камсыздандыруучу тарабынан берилген маалыматтын негизинде түзүлөт.
20. Камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн же аталган келишимди түзүүдө берилген маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө камсыздандыруучудан билдирүү алган учурда милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисине өзгөртүүлөрдү киргизет.
21. Милдеттүү камсыздандыруу келишимине өзгөртүүлөр камсыздандыруу полисинин "Өзгөчө белгилер" бөлүгүнө тиешелүү жазуулар менен белгиленет, мында өзгөртүүлөр киргизилген күн жана убактысы көрсөтүлөт, өзгөртүү камсыздоочунун өкүлүнүн колу жана камсыздоочунун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана мурда берилген камсыздандыруу полисин камсыздандыруучу кайтарып берген күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде кайрадан даярдалган (жаңы) милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полиси берилет.
22. Эгерде арызда көрсөтүлгөн маалыматтардын өзгөрүшү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакыларынын өлчөмүнүн өзгөрүшүнө алып келсе, камсыздоочу камсыздандыруу полисине өзгөртүү киргизилген күнгө карата колдонууда болгон камсыздандыруу тарифтерине ылайык камсыздандыруу сыйакысын кайра эсептөөгө милдеттүү.
23. Камсыздандыруу келишимин колдонуу мезгилинде автотранспорт каражатынын менчик ээси алмашкан учурда жаңы менчик ээси камсыздандыруучуга кайрылууга жана камсыздандыруу келишимин өзүнүн атына кайра тариздөөгө укуктуу. Камсыздандыруу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү ушул Эрежелердин 21-пунктуна ылайык жүргүзүлөт. Эгерде маалыматтарды өзгөртүү милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмүнүн көбөйүшүнө алып келсе, камсыздандыруучу ушул Эрежелердин 22-пунктуна ылайык камсыздандыруу сыйакысын кайра эсептөөгө милдеттүү, мында жаңы менчик ээси камсыздандыруу сыйакысынын суммасынын айырмасын гана кошумча төлөйт. Автотранспорт каражатынын менчик ээси ал жаңы менчик ээсине кайра таризделгенден кийин жана (зарыл болгон учурда) акыркысы камсыздандыруу сыйакысын кошумча төлөгөндөн кийин алмашкан учурда камсыздандыруу келишими жарактуу болот. Милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн автотранспорт каражатын алмаштырууга, ошондой эле камсыздандыруу мөөнөтүн өзгөртүүгө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-октябрындагы № 609 токтомунун редакциясына ылайык)
24. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин узартуу анын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин мурдагы милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздоочу менен ушул Эрежелерде каралган тартипте жаңы мөөнөткө милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү аркылуу ишке ашырылат.
25. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинде каралган учурларда милдеттүү камсыздандыруу келишиминин аракети токтотулду деп эсептелет.
26. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминин аракети токтотулганда камсыздоочудан камсыздандыруунун узактыгы, камсыздандыруу учурларынын саны жана мүнөзү, жүргүзүлгөн камсыздандыруунун ордун толтуруулар жана аталган камсыздандыруучу боюнча баш тартылган ордун толтуруулар жөнүндө маалыматтарды алууга укуктуу. Камсыздандыруучу тиешелүү жазуу жүзүндөгү кайрылууну алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу полисинин дубликатын берүүгө милдеттүү.
27. Камсыздандыруу полиси милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мезгилинде жоголгон учурда камсыздандыруучу анын дубликатын берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз менен камсыздоочуга кайрылууга укуктуу. Камсыздоочу тиешелүү жазуу жүзүндөгү арыз келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу полисин берүүгө милдеттүү.
3-глава. Камсыздандыруу сыйакысын төлөө тартиби
28. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысынын төлөнүүчү өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен камсыздандыруу сыйакысынын минималдуу тарифтик ставкасынан улам аныкталат.
29. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде камсыздандыруу тарифинин өзгөрүшү жарактуу болгон камсыздандыруу тарифи боюнча камсыздандыруучу төлөгөн камсыздандыруу сыйакысынынын өзгөрүшүнө алып келбейт. Эгерде ушул Эрежелерге ылайык камсыздандыруучу тобокелдик даражасына жараша кошумча камсыздандыруу сыйакысын төлөөгө милдеттүү болсо, кошумча төлөнүүчү камсыздандыруу сыйакысынын өлчөмү аны төлөө учурундагы жарактуу болгон камсыздандыруу тарифтери боюнча аныкталат.
30. Камсыздандыруучу камсыздандыруу сыйакысын өз убагында милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленген өлчөмдө жана мөөнөттө төлөөгө тийиш.
31. Камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сыйакысын милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү учурунда бир жолу, накталай акча менен же накталай эмес тартипте камсыздоочуга төлөп берет.
32. Камсыздандыруу сыйакысын (биринчи камсыздандыруу төгүмүн) төлөө датасы болуп:
- накталай акча менен төлөө учурунда - акча каражаты камсыздоочунун кассасына иш жүзүндө түшкөн күн жана убакыт;
- накталай эмес төлөө учурунда - иш жүзүндө төлөм жүргүзүлгөн күн эсептелет.
33. Камсыздандыруу суммасынын чегинде келтирилген зыян боюнча жоопкерчиликтин төмөнкүдөй лимити бекитилет:
- жабырлануучунун (жабырлануучулардын) өмүрүнө жана ден соолугуна;
- жабырлануучунун (жабырлануучулардын) өлүмүнө;
- жабырлануучунун (жабырлануучулардын) мүлкүнө.
34. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминин жарактуу мезгилинде жүргүзүлгөн бардык камсыздандыруу учурлары боюнча жалпы төлөнгөн сумма жоопкерчиликтин белгиленген лимитинин өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Келтирилген зыян боюнча жоопкерчиликтин лимитин ашыкча чыгымдоого жана кайра бөлүштүрүүгө жол берилбейт.
4-глава. Камсыздандыруу учуру түзүлгөндө адамдардын иш-аракеттеринин тартиби
35. Жол-транспорт кырсыгында, ал кырсыктын катышуучусу болгон айдоочулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 токтому менен бекитилген Жолдо жүрүүнүн эрежелеринде каралган чараларды көрүүгө жана милдеттерди аткарууга, ошондой эле кырсыктан улам мүмкүн болуучу зыяндарды азайтуу максатында түзүлгөн жагдайларда зарыл болгон чараларды көрүүгө, күбөлөрдүн аты-жөнүн жана дарегин жазып, аларды жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүдө көрсөтүүгө, ушул Эрежелерге ылайык кырсык жөнүндө документтерди тариздөө боюнча чараларды көрүүгө тийиш.
Жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу болгон айдоочу төмөнкүлөргө милдетүү:
- мүмкүн болуучу чыгашаларды болтурбоо же азайтуу үчүн түзүлгөн кырдаалда акылга сыярлык жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө, анын ичинде жабыркаган адамдарды куткаруу жана аларга жардам көрсөтүү үчүн чара көрүүгө;
- жол-транспорт кырсыгы жөнүндө жол кыймылынын коопсуздугу органдарына жана зарыл учурда - тиешелүү компетенттүү органдарга (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өрткө каршы күрөшүү кызматына, медициналык тез жардам кызматына жана башка авариялык кызматтарга) дароо билдирүүгө;
- жол-транспорт кырсыгы болгондо жабырлануучуларга, пайда көрүүчүлөргө, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздоочу жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө;
- айдоочунун ден соолугунун абалына же каза болгондугуна байланыштуу кабарлоого мүмкүн болбогон учурлардан тышкары, камсыздандыруу учуру жөнүндө 5 жумуш күндөн кечиктирбей (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, билдирүүнүн жазуу жүзүндөгү түп нускасын кийин жөнөтүп) камсыздоочуга билдирүүгө.
36. Жол-транспорт кырсыгы жөнүндө документтерди жол-транспорт кырсыгынын шарттарын жана келтирилген зыянды (бузууну) аныктоо үчүн жол-транспорт кырсыгынын катышуучулары өздөрүнүн жарандык-укуктук жоопкерчиликтерин камсыздандырган камсыздоочунун (камсыздоочунун өкүлүнүн) катышуусунда тариздөөгө укуктуу. Бул үчүн жол-транспорт кырсыгынын катышуучусу болгон айдоочу анын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздоочуга (камсыздоочунун өкүлүнө) жол-транспорт кырсыгынын болгон жери жана убактысы, ошондой эле жол-транспорт кырсыгы болгон жерге келүүнүн зарылдыгы жөнүндө камсыздоочунун чечим кабыл алуусу үчүн кырсыкты жараткан шарттар тууралуу болгон жеткиликтүү ыкма менен билдирет.
37. Жол-транспорт кырсыгына тиешеси бар автотранспорт каражаттарынын айдоочулары жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жол-транспорт кырсыгы болгон жерге келген кызматкерлеринин документтерди тариздешине карабастан, камсыздоочу берген жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүү бланкын толтурууга милдеттүү.
Келтирилген зыяндын жана жол-транспорт кырсыгынын шарттары, автотранспорт каражаттарынын байкалган бузууларынын мүнөзү жана тизмеги жөнүндө пикир келишпестиктер жок болгон учурда эки айдоочу жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүү бланкын бирге толтурушат.
Жол-транспорт кырсыгына эки же андан көп автотранспорт каражаты катышса же кырсыкты баалоодо айдоочулардын пикир келишпестиги болсо, ошондой эле айдоочулардын жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүү бланкын бирге толтурууга мүмкүнчүлүгү болбосо (ден соолугунун абалы боюнча, айдоочу каза болгон учурда, алардын бирөөсү бланкты бирге толтуруудан баш тартса же башка бир себептер боюнча) жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүүнү бирге толтуруунун мүмкүн эместигинин себептерин көрсөтүү менен ар бир айдоочуга билдирүүнүн өз бланкын толтурууга уруксат берилет. Айдоочу каза болгон учурда, аталган автотранспорт каражатына карата жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүүнү башка адамдар толтура алышпайт.
Автотранспорт каражатынын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн, жөө жүрүүчүлөрдүн өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгенде жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүүдө жабыркаган жүргүнчүлөрдүн, жөө жүрүүчүлөрдүн бар экендиги көрсөтүлөт. Эгерде жол-транспорт кырсыгынын катышуучуларында жабыркагандар тууралуу маалыматтар болсо (аты-жөнү), алар бул маалыматты камсыздоочуга берүүгө тийиш. Жабыркаган жүргүнчүлөр, жоо жүрүүчүлөр тууралуу маалымат жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же аталган ишти кароо анын компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик, укук коргоо органынын бөлүмү тарабынан камсыздоочуга анын жазуу жүзүндөгү сурамынын негизинде берилет.
38. Жол-транспорт кырсыгы болгон жерде документтер жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери катышпастан таризделгенде жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүнүн бланкын жол-транспорт кырсыгына тиешеси бар эки айдоочу тең толтурушат, мында зыян келтирүүнүн шарттары, жол-транспорт кырсыгынын схемасы, байкалган бузуулардын мүнөзү жана тизмеги эки айдоочунун колу менен ырасталат. Ошону менен катар, ар бир айдоочу жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүнүн эки барагынын тышкы бетине кол коёт. Жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүнүн арткы бетин ар бир айдоочу өз алдынча тариздейт.
Күнөөлүү адамды аныктоо үчүн жол кыймылы коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жакын жердеги пунктунда жол-транспорт кырсыгын андан ары тариздөө зарыл.
Жабырлануучунун өмүрүнө же ден соолугуна зыян келтирилгенде же жол-транспорт кырсыгынын шарттары, автотранспорт каражаттарынын байкалган бузууларынын мүнөзү жана тизмеги жөнүндө пикир келишпестиктер болгондо, жол-транспорт кырсыгынын бир катышуучусу билдирүүгө кол коюудан баш тартканда жол-транспорт кырсыгы тууралуу документ жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкеринин катышуусунда таризделет.
39. Камсыздоочу жол-транспорт кырсыгы жөнүндө берилген билдирүүдө автотранспорт каражатынын байкалган бузууларынын мүнөзүнө жана тизмегине жана (же) келтирилген зыяндын шарттарына тиешелүү карама-каршылыктар табылган учурда жол-транспорт кырсыгына тиешеси бар автотранспорт каражатына ушул Эрежелердин 46-пунктуна ылайык көз карандысыз экспертизаны белгилеши керек.
40. Зыян келтирүүнүн шарттарын жана мүлктүн бузулушуна байланыштуу орду толтурулуучу чыгымдын өлчөмүн аныктоо максатында камсыздоочу көз карандысыз экспертиза (баалоо) өткөрүүгө милдеттүү. Камсыздоочунун талабы боюнча Эрежелердин ушул пунктуна ылайык жол-транспорт кырсыгы жөнүндө документтерди тариздешкен жол-транспорт кырсыгына тиешеси бар автотранспорт каражаттарынын ээлери, эгерде тараптар башка мөөнөткө макулдашпаса, аталган автотранспорт каражатын текшерүү жана (же) ага көз карандысыз экспертиза өткөрүү үчүн мындай талап алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде камсыздоочуга көрсөтүүгө милдеттүү.
41. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери катышпастан таризделген документтердин негизинде камсыздандыруу сыйакысын алган жабырлануучу камсыздоочуга аталган жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында анын мүлкүнө келтирилген зыянды толтуруу жөнүндө кошумча талаптарды коюуга укугу жок.
42. Мүлкүнө камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан жогорку өлчөмдө келтирилген зыяндын ордун толтурууга байланыштуу укуктарын ишке ашыруу үчүн жабырлануучу зыян келтирген адамга карата доо менен сотко кайрыла алат.
43. Жабырлануучу ушул Эрежелерге ылайык талап коюлуп жаткан учурда билбеген жана өзүнүн автотранспорт каражатына келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап койгондон кийин келип чыккан ден соолугуна жана өмүрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу талабы менен зыян келтирген адамдын жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздоочуга кайрылууга укуктуу.
44. Жол-транспорт кырсыгынын катышуучулары болгон айдоочулар тарабынан ушул Эрежелердин 46-пунктуна ылайык жол-транспорт кырсыгы жөнүндө толтурулган билдирүүлөр кыска мөөнөттүн ичинде, бирок жол-транспорт кырсыгы болгондон беш жумуш күндөн кечиктирбей айдоочунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздоочуга тапшырылышы же жиберилгендигин ырастоочу ыкмада жөнөтүлүшү керек. Жабырлануучу болуп эсептелген айдоочу камсыздоочуга жол-транспорт кырсыгы жөнүндө өзүнүн билдирүү бланкы же жол-транспорт кырсыгынын башка катышуучулары менен бирге толтурган билдирүү бланкы менен кошо камсыздандыруу төлөм жөнүндө арызын берет. Зыян келтирген айдоочунун жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүүсү факсимилдүү байланыш боюнча берилиши мүмкүн, мында бир эле мезгилде анын түп нускасы жарандык жоопкерчиликти камсыздандырган камсыздоочунун камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн дарегине же камсыздандыруучунун өкүлүнө тапшырык кат аркылуу жиберилет.
45. Камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча өз укуктарын пайдаланууга ниеттенген жабырлануучулар же пайда көрүүчүлөр "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесинде көрсөтүлгөн документтерди тиркеп, камсыздоочуга камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арыздарын беришет.
46. "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 4-бөлүгүндө аталган шарттар бир эле убакта болгон учурда, жол-транспорт кырсыгы жөнүндө билдирүү ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык жабырлануучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган камсыздоочуга жиберилет.
Түз жөнгө салуу укугун ишке ашыруу жабырлануучунун жооптуу камсыздоочуга зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талап менен кайрылуу укугун чектебейт, аталган талап чыгымдардын түз ордун толтуруу жөнүндө талап коюлгандан кийин келип чыккан жана жабырлануучу туз жөнгө салуу талабын коюу учурунда ал жөнүндө билген эмес. Ошону менен бирге, жабырлануучу тиешелүү экспертиза өткөрүүнүн жыйынтыгын же тиешелүү далилдерди көрсөтүү менен аталган жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында мүлккө зыян келтирилгендигин далилдөөгө тийиш.
Камсыздандыруу учурунун түзүлгөндүгүнүн фактылары жана шарттары боюнча кошумча экспертизаны түз камсыздоочу өзүнүн ыктыяры боюнча жүргүзөт. Түз камсыздоочунун кошумча экспертиза өткөрүүгө байланышкан чыгымдары жооптуу камсыздоочу тарабынан төлөнөт.
Түз камсыздоочу автоматташтырылган бирдиктүү маалымат борборуна тиешелүү маалымат киргизилгенден кийин жабырлануучунун бузулган мүлкүн текшерип чыгат жана/же камсыздандыруу учуру жөнүндө билдирүү алынган жана бузулган мүлк берилген күндөн тартып он беш жумуш күндүн ичинде көз карандысыз экспертизаны уюштурат. Жабырлануучу (пайда көрүүчү) менен түз камсыздоочу келтирилген чыгымдын өлчөмү боюнча макулдашкан учурда, көз карандысыз экспертизаны өткөрүүнүн кажети жок. Андан кийин түз камсыздоочу болуп өткөн кырсыкты камсыздандыруу учуру катары квалификациялайт жана бардык керектүү документтер берилген учурдан тартып отуз күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмүн жүргүзөт.
47. Түз камсыздоочу токтоосуз, бирок жабырлануучунун (пайда көрүүчүнүн) билдирүүсүн жана камсыздандыруу учурун ырастаган документтерди алган күндөн тартып эки жумуш күндөн кечиктирбей камсыздандыруу учуру жөнүндө билдирүүнү ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык электрондук жана (же) кагаз жүзүндө, эки нускада жооптуу камсыздоочуга жиберет.
48. Жооптуу камсыздоочу токтоосуз, бирок камсыздандыруу учуру жөнүндө билдирүү алынган күндөн тартып эки жумуш күндөн кечиктирбей, билдирүүнүн толугу менен толтурулган экинчи нускасын; түз камсыздоочуга электрондук жана/же кагаз жүзүндө жиберет. Же болбосо түз жөнгө салуу боюнча чыгымдарды төлөп берүүдөн баш тартууга негиз болсо жооптуу камсыздоочу ошол эле мөөнөттө түз камсыздоочуга баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен, түз жөнгө салуу боюнча чыгымды толук же жарым-жартылай төлөө чечимин жиберет.
49. Жабырлануучуга (пайда көрүүчүгө) камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлгөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде түз камсыздоочу "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде каралган документтерди, камсыздандыруу учурун жөнгө салууга байланышкан түз камсыздоочунун чыгымдарын ырастаган документтерди ошондой эле камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жүргүзүлгөндүгүн күбөлөндүргөн түз камсыздоочунун мөөрү менен ырасталган документтин көчүрмөсүн тиркөө менен ушул Эрежелердин 5-тиркемесине ылайык түз жөнгө салуудагы камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасынын эсебин жооптуу камсыздоочуга жиберет.
50. Жооптуу камсыздоочу "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде каралган негиздер боюнча камсыздандыруучуга регресстүү талаптарды коюу укугуна ээ болгон учурда түз камсыздоочу ага камсыздандыруу учуру боюнча болгон бардык документтерди берет.
51. Жооптуу камсыздоочу, эгерде камсыздандыруучулардын ортосунда башкача макулдашылбаса, камсыздандыруу учуру боюнча документтер алынган кундөн тартып он жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу учурун жөнгө салууга байланышкан түз камсыздоочунун чыгымдарынын ордун толтурат.
52. Түз камсыздоочунун камсыздандыруу учурун жөнгө салууга байланышкан чыгымдары өз убагында орду толтурулбаган учурда, жооптуу камсыздоочу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө түз камсыздоочуга бышмана төлөйт.
53. Жооптуу камсыздоочу түз камсыздоочунун камсыздандыруу учурун жөнгө салууга байланышкан чыгымдарынын ордун толтуруудан баш тарткан учурда, же болбосо жооптуу камсыздоочу тарабынан алардын орду толугу менен толтурулбаганда түз камсыздоочу камсыздандыруу арбитрине кайрылууга укуктуу.
Камсыздандыруучулардын ортосундагы түз жөнгө салуу боюнча талаштарды камсыздандыруу арбитри милдеттүү камсыздандыруу боюнча түз жөнгө салуу жөнүндө макулдашууда аныкталган тартипте чечет.
54. Жабырлануучунун товарларды жеткирүү же иштерди аткаруу (кызмат көрсөтүү) мөөнөттөрүн жана контракттар (келишимдер) боюнча башка милдеттенмелерди бузгандыгына байланышкан бышмананын суммасы, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адистештирилген айып салынуучу токтоочу жайларына автотранспорт каражаттарынын жеткирилгендиги жана ал жайда тургандыгы үчүн төлөнгөн акчалай суммалар, ошондой эле административдик айыптын жана бузулган мүлктүн товардык паркынын төмөндөшү үчүн суммалар камсыздадыруунун ордун толтуруу өлчөмүнө кирбейт.
55. Камсыздандыруунун ордун толтуруу жабырлануучуга келтирилген чыгымдын (анык зыяндын) өлчөмүнөн ашпайт.
56. Келтирилген зыяндын ордун башка адамдар толтурган учурда, камсыздоочу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасы менен башка адамдар компенсациялоочу сумманын ортосундагы айырманы гана төлөйт. Камсыздандыруучу зыяндын ордун толтуруу боюнча башка адамдар тарабынан үчүнчү жакка төлөнгөн жана ага белгилүү болгон төлөмдөр тууралуу камсыздоочуга билдирүүгө милдеттүү.
57. Келтирилген зыянды толук ордун толтуруу үчүн камсыздандыруу суммасы жетишсиз болгон учурда, оз жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражатынын ээси милдеттүү камсыздандыруу келишиминде каралган жоопкерчилик лимити менен иш жүзүндөгү чыгымдын өлчөмүнүн ортосундагы айырманы төлөйт.
58. Мүлкүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруунун ордун толтурууда өз укугун пайдаланууга ниеттенген жабырлануучу камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө арыз берген күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде бузулган мүлктү же анын калдыктарын текшерүү жана (же) көз карандысыз экспертиза өткөрүү үчүн көрсөтүүгө милдеттүү.
59. Жабырлануучу бузулган мүлктү текшерүүгө койгон күндөн тартып он жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө камсыздоочу бузулган мүлктү текшерет жана (же) көз карандысыз экспертизаны (баалоону) уюштурат, андан кийин камсыздоочу менен жабырлануучунун ортосунда башка мөөнөт макулдашылбаса, жабырлануучунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча камсыздоочу текшерүүнүн жана (же) көз карандысыз экспертизанын (баалоонун) жыйынтыгы менен жабырлануучуну тааныштырууга милдеттүү.
Камсыздоочунун жумуш графигин жана бузулган мүлктү текшерүү, көз карандысыз экспертиза (баалоо) өткөрүүнүн ушул пунктта аталган мөөнөттөрүн эске алып, камсыздоочу бузулган мүлккө текшерүү жүргүзүүнүн жана (же) көз карандысыз экспертиза уюштуруунун ордун, убагын жабырлануучу менен макулдашууга, ал эми жабырлануучу бузулган мүлктү камсыздоочу менен макулдашылган мезгилде көрсөтүүгө милдеттүү.
60. Жабырлануучу камсыздоочу менен макулдашылган күндө бузулган мүлктү текшерүү жана (же) көз карандысыз экспертизаны (баалоону) өткөрүү үчүн бербеген учурда камсыздоочу бузулган мүлктү текшерүү жана (же) көз карандысыз экспертизаны (баалоону) өткөрүү үчүн жабырлануучу менен жаңы датаны макулдашат. Мында жабырлануучу бузулган мүлктү көрсөтүүнүн белгиленген мөөнөтүн сактабаган учурда, камсыздоочу камсыздандыруу төлөмү тууралуу чечим кабыл алуу мөөнөтүн узартат, ал мөөнөт жабырлануучунун бузулган мүлктү көрсөткөн датасынын жана жабырлануучу менен макулдашылган бузулган мүлктү текшерүү жана (же көз карандысыз экспертиза (баалоо) өткөрүү датасынын ортосундагы күндөн ашык эмес, бирок 20 жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн. Жабырлануучу бузулган мүлктү текшерүү жана (же) көз карандысыз экспертиза (баалоо) жүргүзүү үчүн көрсөтпөгөн учурда, камсыздоочу аталган аракеттер жабырлануучу тарабынан аткарылганга чейин камсыздандыруу төлөмү тууралуу чечим кабыл алуунун мүмкүн эместиги жөнүндө жабырлануучуга маалымдайт.
61. Эгерде автотранспорт каражатын же башка мүлктү, анын бузулуу мүнөзүнө же өзгөчөлүгүнө байланыштуу камсыздандыруучу турган жерде текшерүүгө жана (же) көз карандысыз экспертизаны (баалоону) өткөрүүгө мүмкүн болбосо (анын ичинде автотранспорт каражаты жолдо жүрүүгө мүмкүн болбогондой бузулса) бул жагдай арызда көрсөтүлөт. Мындай учурда текшерүү жана көз карандысыз экспертиза (баалоо) камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө арыз түшкөн күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде бузулган мүлктүн турган жери боюнча жүргүзүлөт, ал эми бузулган автотранспорт каражаты жана башка мүлк алыскы барууга кыйын же аз калктуу жерде жайгашкан учурда - эгерде камсыздоочу менен жабырлануучунун ортосунда башка мөөнөттөр макулдашылбаса, арыз түшкөн күндөн тартып 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө каралат. Мында бузулган мүлктү анын жайгашкан жери боюнча текшерүүгө сарпталган бардык чыгымдарды камсыздоочу тартат.
62. Эгерде камсыздоочу ушул Эрежелердин 61-пунктунда белгиленген мөөнөттө бузулган мүлктү текшерүүдөн өткөрбөсө жана (же) көз карандысыз экспертизаны (баалоону) уюштурбаса, анда жабырлануучу бузулган мүлктү камсыздоочунун текшерүүсүнөн өткөрбөстөн, өз алдынча экспертизага (баалоого) кайрылууга укуктуу.
Мындай учурда жабырлануучу өз алдынча уюштурган көз карандысыз экспертизанын (баалоонун) жыйынтыктары камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо үчүн кабыл алынат.
63. Анын негизинде камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлүүчү көз карандысыз экспертизанын (баалоонун) наркы милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздоочу тарабынан ордун толтурулуучу чыгашанын курамына киргизилет. мында төлөмдүн жалпы суммасы милдеттүү камсыздандыруу боюнча белгиленген жоопкерчилик лимитинен ашпоого тийиш.
64. Автотранспорт каражаты бузулганда келтирилген зыяндын шарттарын аныктоо, автотранспорт каражатынын бузууларынын мүнөзүн жана себебин, аны оңдоонун технологиясын, методдорун, наркын, ошондой эле жол-транспорт кырсыгы болгон күнгө карата автотранспорт каражатынын чыныгы наркын белгилөө максатында көз карандысыз экспертиза (баалоо) өткөрүлөт.
65. Эгерде жабырлануучу көрсөткөн бузулган мүлктү текшерүүдө жана (же) көз карандысыз экспертиза (баалоо) өткөрүүдө камсыздандыруу учурунун түзүлгөндүгүн жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча ордун толтурулуучу чыгымдардын өлчөмүн туура белгилөөгө мүмкүн болбогон учурда, аталган шарттарды аныктоо үчүн камсыздоочу камсыздандыруу төлөмү жөнүндө жабырлануучунун арызы берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жабырлануучуга колдонуу учурунда зыян келтирген автотранспорт каражатын текшерип чыгууга жана аталган автотранспорт каражатына көз карандысыз экспертизаны уюштурууну өз эсебинен төлөөгө тийиш. Жабырлануучуга колдонуу учурунда зыян келтирген автотранспорт каражатынын ээси камсыздоочунун талабы боюнча аталган автотранспорт каражатын көрсөтүүгө милдеттүү.
66. Текшерүүнүн жана (же) көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгы жазуу жүзүндө таризделет жана ага камсыздоочу (анын өкүлү), эгерде көз карандысыз экспертиза өткөрүлсө, мындай экспертиза өткөргөн көз карандысыз эксперттик уюмдун өкүлү жана автотранспорт каражатынын ээси кол коёт.
67. Эгерде камсыздоочу тарабынан бузулган мүлк текшерилгенге жана (же) ушул Эрежелердин талабына ылайык көз карандысыз экспертизага (баалоого) чейин жүргүзүлгөн оңдоо же анын калдыктарын утилдештирүү камсыздандыруу учурун жана милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулуучу чыгашанын өлчөмүн туура аныктоого мүмкүндүк бербесе, камсыздоочу камсыздандыруу төлөмүн же анын бөлүгүн жабырлануучуга төлөөдөн баш тартат.
5-глава. Камсыздандыруунун ордун толтуруу тартиби жана шарттары
68. Камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө талап керектүү документтерди тиркөө менен, камсыздандыруучу же пайда көрүүчү тарабынан жазуу жүзүндө берилет.
69. Камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө арызга "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде көрсөтүлгөн документтер тиркелет.
70. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилген учурда ордун толтуруу өлчөмү төмөнкүлөр катары аныкталат:
1) жабырлануучунун төлөгөн салыктары же мыйзамда каралган чегерүүлөрү менен ырасталган, эмгекке жарактуулугун жоготкондугунан улам албай калган же майып болуусунун же ден соолугуна келтирилген башка зыяндын натыйжасында азайган эмгек акысы (кирешеси);
2) эгерде аталган чыгымдар зарыл жана кечиктирилгис болуп белгиленсе, медициналык экспертизанын корутундусу же врачтын дайындоосу боюнча жабырлануучу төмөнкүдөй жардамга жана кароого муктаж болсо жана аларды акысыз алууга укугу болбосо, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндан келип чыккан кошумча тарткан чыгымдары, анын ичинде дарыланууга чыгымдар (медициналык мекемелердин эсептеринин негизинде) кошумча тамактануу (кошумча тамактануу рациону тууралуу медициналык мекеменин маалыматынын жана продуктулардын баасы тууралуу маалыматтын негизинде), дарыларды сатып алууга (көрсөтүлгөн рецепттер жана чектер боюнча) протездөө (медициналык мекемелердин эсептери), башка адамдын кароосу, дарылоочу жерге барууга жана келүүгө жол наркын кошкондо, санатордук-курорттук дарылануу, атайын автотранспорт каражатын сатып алуу (тиешелүү мамлекеттик медициналык-социалдык экспертиза кызмат органында көрсөтүлгөн автотранспорт каражатынын наркынын чегинде), башка кесипке даярдоо (окууга сарпталган чыгымдар тууралуу окуу жайынын эсептери) жана жогоруда айтылган чыгымдарды төлөөгө негиз болуучу башка документтер.
Жогоруда белгиленген чыгымдарды ырастоочу документтер (эсептер, чектер, квитанциялар, сатып алуу актылары жана башка финансылык документтер) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделет.
71. Өзүнүн жарандык жоопкерчилигин камсыздандырган автотранспорт каражатынын ээси келтирилген зыяндын ордун толук толтурууга камсыздандыруу суммасы жетишсиз болгон учурда, милдеттүү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жоопкерчилик лимити менен зыяндын өлчөмүнүн ортосундагы иш жүзүндөгү айырманы төлөйт
72. Камсыздоочу камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө камсыздандыруучунун же пайда көрүүчүнүн арызын, ушул Жободо жана "Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү/камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинде белгиленген кошо тиркелген документтерди алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде карайт.
73. Камсыздоочу камсыздандыруу учуру болуп эсептелген жол-транспорт кырсыгынын себебин жана шарттарын, анын кесепетин, келтирилген зыяндын мүнөзүн жана өлчөмүн, төлөнүүчү камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн (мындан ары - камсыздандыруу учуру жөнүндө акты) фиксациялоочу камсыздандыруунун ордун толтуруу жөнүндө камсыздоочунун чечимин ырастаган документти түзүүгө жана камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө же болбосо баш тартуу себебин көрсөтүү менен, камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жазуу жүзүндө жиберүүгө милдеттүү.
74. Камсыздоочу камсыздандыруу учурунун натыйжасында жабырлануучунун өмүрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандыруу төлөмү жөнүндө биринчи арыз алынган күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде башка жабырлануучудан (пайда көрүүчүдөн) камсыздандыруу төлөмү жөнүндө арыздарды кабыл алат. Жабырлануучу каза болгон учурда, зыяндын ордун толтурууга укуктуу адамдардан арыздарды кабыл алуунун көрсөтүлгөн мөөнөтү аяктагандан кийин беш календардык күндүн ичинде камсыздоочу камсыздандыруу учуру жөнүндө акты түзүүгө, анын негизинде камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга, камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүүгө же болбосо баш тартуу себебин көрсөтүү менен камсыздандыруу төлөмүн толук же бир бөлүгүн төлөөдөн баш тартуу жөнүндө билдирүүнү жазуу жүзүндө жиберүүгө милдеттүү. Жабырлануучунун өмүрүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандыруу төлөмү бир жолу төлөнүп берилет.
75. Камсыздоочу камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү мөөнөтүн сактабаган учурда, жабырлануучуга ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөрүлгөн сумманын өлчөмүнөн 0,1 пайыз бышмана (туум) төлөйт.
Камсыздандыруу төлөмүн жүргүзүү мөөнөтү сакталбаган учурда ушул пунктта каралган бышмана (туум) жабырлануучунун бышмана (туум) төлөө жөнүндө берген арызынын негизинде ага төлөнүп берилет, берилген арызда эсептешүү формасы накталай же накталай эмес), ошондой эле жабырлануучу накталай эмес эсептешүү формасын тандаган учурда бышмана (туум) төлөнүүчү банктын реквизиттери көрсөтүлөт. Мында камсыздоочу төлөө үчүн кошумча документтерди талап кылбайт.
76. Камсыздандыруу учуру жөнүндө актыдагы документтердин негизинде камсыздандыруу төлөмү эсептелет жана анын өлчөмү көрсөтүлөт. Камсыздандыруу учуру жөнүндө актынын көчүрмөсү жабырлануучунун (пайда көрүүчүнүн) жазуу жүзүндөгү талабы боюнча камсыздоочу тарабынан мындай талап алынган күндөн тартып үч жумуш күндөн (талап камсыздандыруу учуру жөнүндө акты толтурулгандан кийин алынган учурда) же камсыздандыруу учуру жөнүндө актыны түзгөн күндөн тартып уч жумуш күндөн кечиктирбей (талап камсыздандыруу учуру жөнүндө акты толтурганга чейин алынган учурда) берилет.
77. Жабырлануучу орду толтурулуучу сумманын өлчөмү толугу менен аныкталганга чейин аталган зыяндын иш жүзүндө аныкталган бөлүгүнө шайкеш келген камсыздандыруу төлөмүнүн бөлүгүн төлөп берүүнү талап кылууга укуктуу. Камсыздоочу бул учурда аталган зыяндын иш жүзүндө аныкталган бөлүгүнө шайкеш келген камсыздандыруу төлөмүнүн бөлүгүн төлөп берүүгө укуктуу.
78. Камсыздоочу менен жабырлануучунун ортосунда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча орду толтурулуучу зыяндын өлчөмү жөнүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, камсыздоочу баары бир камсыздандыруу төлөмүнүн талаш жаратпаган бөлүгүн төлөп берүүгө милдеттүү.
79. Эгерде камсыздандыруу төлөмү, камсыздандыруу төлөмүн төлөөдөн баш тартуу же анын өлчөмүнүн өзгөрүшү жазык же жарандык же болбосо административдик укук бузуу жөнүндө иштин жыйынтыгына байланыштуу болсо, камсыздандыруу төлөмүн же анын бөлүгүн төлөп берүү мөөнөтү аталган өндүрүш аяктаганга жана соттун чечими күчүнө киргенге жана аталган иштин жыйынтыгы тууралуу камсыздоочу тиешелүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алганга чейин узартылышы мүмкүн.
80. Камсыздандыруу төлөмүнүн суммасын накталай акча менен төлөө же накталай эмес түрдө которуу аркылуу зыяндын орду толтурулат.
6-глава. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүү тартиби
81. Камсыздоочуга доо берилгенге чейин милдеттүү камсыздандыруу келишиминдеги камсыздоочунун өз милдеттерин аткарбагандыгына же талаптагыдай аткарбагандыгына, камсыздоочу тарабынан төлөнгөн камсыздандыруу өлчөмүнө жабырлануучунун макул эместигине байланыштуу жабырлануучу (пайда көрүүчү) менен камсыздоочунун ортосунда пикир келишпестиктер болгон учурда, жабырлануучу (пайда көрүүчү) камсыздандыруу арбитрине камсыздандыруу төлөмү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын берет.
82. Камсыздандыруу арбитри жабырлануучудан (пайда көрүүчүдөн) же акыркы жабырлануучудан (пайда көрүүчүдөн) арыз алынган күндөн тартып 30 жумуш күндүн ичинде арызды карайт. Аталган мөөнөттүн ичинде камсыздандыруу арбитри жабырлануучунун (пайда көрүүчүнүн) арызын канааттандыруу жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо арызды канааттандыруудан жүйөлүү баш тартуу чечимин жиберүүгө милдеттүү.
83. Арызда төмөнкүлөр камтылат:
- камсыздандыруунун ордун толтуруу талабы коюлган камсыздоочунун аталышы;
- жабырлануучунун (пайда көрүүчүнүн) толук аталышы, жайгашкан жеринин дареги/фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), жашаган жери же почталык дареги;
- камсыздоочуга коюлган талаптар, анда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна шилтемелер менен арыз берүүгө негиз болгон шарттар баяндалат;
- мүлк талабынын өлчөмү;
- жабырлануучунун (пайда көрүүчүнүн) банктык реквизиттери же камсыздоочунун кассадан акча каражатын алуусуна көрсөтмө;
- арыздын берилген датасы;
- арызга кол койгон кызмат адамынын (доо юридикалык жактан берилген учурда) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), анын колу.
84. Камсыздандыруу арбитри арызды алган күндөн эки жумуш күндөн кечиктирбей, арыздын көчүрмөсүнүн бир нускасын арызга ылайык талап коюлган камсыздоочуга жиберет.
Документтерди ыкчам алмашуу максатында камсыздандыруу арбитри түп нускасын тапшырык кат аркылуу жөнөтүү менен бирге эле, документтерди факсимилдүү байланыш же электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө укуктуу.
85. Талап коюлган камсыздоочу арыздын көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде камсыздандыруу арбитрине жазуу жүзүндөгү түшүндүрүүсүн, комментарийлерин жана (же) талапка карата каршы пикирин, ошондой эле камсыздандыруу арбитри талап кылган башка документтерди жана маалыматтарды, анын ичинде аталган арыз боюнча колунда болгон бардык материалдарды берүүгө милдеттүү.
Камсыздоочу документтерди берүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн сактабаган учурда, камсыздандыруу арбитри жабырлануучунун (пайда көрүүчүнүн) арызын канааттандыруу жөнүндө жана камсыздандыруунун ордун толтуруу боюнча арызда көрсөтүлгөн өлчөмүн төлөө чечимин чыгарат.
86. Жабырлануучу (пайда көрүүчү) макул болгон камсыздандыруу арбитринин чечими камсыздоочу тарабынан аткарылууга милдеттүү болуп эсептелет.
87. Камсыздандыруу арбитринин чечими менен макул болбогон учурда жабырлануучу (пайда көрүүчү) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сотко кайрылууга укуктуу.
|
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдетүү камсыздандыруу эрежесине 1-тиркеме |
Форма
________________________________________________________________ (камсыздандыруучунун аталышы)
Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө АРЫЗ
1. Камсыздандырылуучу ____________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жарандын аты-жөнү)
__________________________________________ ______________________________________________
(жарандын туулган күнү) (юридикалык жактын жеке ИСНи)
____________________________________________________ ___________________ _________________
(юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк же адамдын (сериясы) (номери)
ким экенин күбөлөндүрүүчү документ)
Дареги: ___________ ___________________________ ___________________ _____________________
(индекси) (өлкөсү) (облусу) (району)
_______________________ __________________ _________ _________________ _____________
(калктуу пункту) (көчөсү) (үйү) (корпусу) (батири)
Телефону: _______________________________________________________________________________
"Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү
камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык милдеттүү камсыздандыруу
келишимин төмөнкү мөөнөткө түзүүнү өтүнөм:
"___" ____________________ 20__-ж. "___" ____________________ 20__-ж. чейин
2. Транспорт каражаты:
Камсыздандырылуучу анын ээси болуп саналат o Ооба o Жок
Менчик ээси: ______________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
__________________________________________________________________________________________
(жарандын аты-жөнү)
____________________________________ ___________________________________________________
(жарандын туулган күнү) (юридикалык же жеке жактын ИСНи)
___________________________________________ _______________________ ______________________
(юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк же (сериясы) (номери)
адамдын ким экенин күбөлөндүрүүчү документ)
Дареги: ___________ ___________________________ ___________________ _____________________
(индекси) (өлкөсү) (облусу) (району)
_______________________ __________________ _________ _________________ _____________
(калктуу пункту) (көчөсү) (үйү) (корпусу) (батири)
Автотранспорт каражаты башка адамга катталган учурда, автотранспорт каражатына ээ болуу укугун
ырастоочу документ: _______________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________________
(автотранспорт каражатын ээликтен ажыратуу укугун берген ишеним кат)
________________ ________________________ ________________________________________________
(сериясы) (номери) (берилген күнү)
Транспорт каражатынын маркасы, модели, категориясы: ________________________________________
Транспорт каражатынын идентификациялык номери: ___________________________________________
Транспорт каражатынын чыгарылган жылы: ___________________________________________________
Транспорт каражатынын кыймылдаткычынын көлөмү: _______ Транспорттун салмагы ______________
(см3) (кг3)
Рулунун жайгашуусу сол рулдуу/оң рулдуу
Уруксат берилген максималдык массасы, кг: _________________________________________________
(жүк ташуучу транспорт каражаттары үчүн)
Жүргүнчү орундарынын саны: ______________________________________________________________
(автобустар жана троллейбустар үчүн)
Шасси (рама) № _________________________ Кузов (чиркегич) № _______________________________
Транспорт каражатын каттоо жөнүндө документ _______________________________________________
(транспорт каражатынын паспорту
_________________________________________________________________________________________
транспорт каражатынын каттоо жөнүндө күбөлүк, техникалык паспорту же
техникалык талон же ушул сыяктуу документтер)
Мамлекеттик номердик белгиси: ____________________________________________________________
Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө диагностикалык карта:
______________________________ ______________________________________
(номери) (мамлекеттик техникалык кароонун датасы)
Транспорт каражаты чиркегич менен колдонулушу o ооба o жок
мүмкүн:
Транспорт каражатын колдонуу максаты (керектүүсү белгиленсин):
o жеке;
o окуучулук айдоо;
o такси;
o кооптуу жана оңой күйүүчү жүктөрдү ташуу;
o прокат/кыска мөөнөттүү ижара;
o жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу/жүргүнчүлөрдү буйрутма менен ташуу:
o жол жана атайын транспорт каражаттары;
o өтө шашылыш жана коммуналдык кызматтар;
o башка.
3. Транспорт каражатын башкарууга уруксат төмөнкүлөргө берилди:
каалаган айдоочуларга (чектөөсүз) |
|
төмөнкү айдоочуларга гана |
|
№ | аты-жөнү | Туулган күнү | Айдоочулук күбөлүгү (сериясы, номери) | Тиешелүү категориядагы транспорт каражаттарын башкаруу стажы;, |
1 |
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
4. Белгиленген транспорт каражатына карата транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча мурдагы келишими:
___________________________________ ________________________________________
(сериясы) (номери)
камсыздандыруучу: _______________________ _________________________________________
(сериясы) (номери)
Камсыздандыруучунун өкүлдөрүнүн тизмесин жана жол-транспорт окуясы жөнүндө
кабарламанын эки бланкын алдым.
Камсычдалдырылуучу: _________________ _____________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
"____" ____________________ 20_-ж.
(арыз толтурган күн)
Камсыздандыруучу/Камсыздандыруучунун өкүлү: ______________ _________________________
(колу) (аты-жөнү)
"____" ____________________ 20_-ж.
(арыз толтурган күн)
|
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежесине 2-тиркеме |
Форма
______________________________________________________________________________ (камсыздандыруучунун аталышы жана анын логотиби)
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ
сериясы _________________ № __________________
Келишимдин колдонуу мөөнөтү: _______ с._ мин. "___" ___________ 20___-ж. баштап
23 с. 59 мин. "___" ___________ 20___-ж. чейин
Камсыздандыруу автотранспорт каражатын пайдалануу мезгилинде болгон камсыздандыруу
окуяларына келишимди төмөнкүдөй колдонуу мөөнөтүнүн ичинде таркатылат:
"___" ___________ 20___-ж. баштап "___" ___________ 20___-ж. чейин
1. Камсыздандыруучу: __________________________________________________________________
(жарандын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы)
Автотранспорт каражатынын ээси: _______________________________________________________
______________________________________________________________________________________
(жарандын аты-жөнү же юридикалык жактын толук аталышы)
Жарандыкты берген өлкө: _______________________________________________________________
2. Автотранспорт каражаты:
Автотранспорт каражатынын маркасы, модели _____________________________________________
Автотранспорт каражатынын идентификациялык номери ____________________________________
Автотранспорт каражатынын катталышы жөнүндө күбөлүк, техникалык паспорт же техникалык
талон (же ушул сыяктуу документтер) _____________________________________________________
_______________________________________________________________________________________
(документтин түрү, сериясы, номери)
Автотранспорт каражатынын мамлекеттик каттоо белгиси: ____________________________________
3. Келишим төмөнкүлөргө карата түзүлдү:
- автотранспорт каражатын башкарууга уруксаты бар адамдардын чектөөсүз санына; |
|
- ушул камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн адамдарга |
|
№ | Автотранспорт каражатын башкарууга уруксаты бар адамдар (аты-жөнү) | Айдоочулук күбөлүгү (сериясы, номери) |
1 |
|
|
2 |
|
|
3 |
|
|
4 |
|
|
4. Камсыздандыруу суммасынын минимумдук өлчөмүнүн чегинде зыян келтирилгендиги үчүн жоопкерчиликтин төмөнкүдөй лимиттери бекитилет:
- ар бир жабырлануучунун (жабырлануучулардын) өмүрүнө же ден соолугуна - 300000 (үч жүз миң) сом өлчөмүндө:
- бир жабырлануучунун (жабырлануучулардын) мүлкүнө - 150000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө, бирок бардык жабырлануучуларга 450000 (төрт жүз элүү миң) сомдон ашык эмес.
5. Камсыздандыруу окуясы болуп автотранспорт каражатын эксплуатациялоо учурунда жол-транспорт кырсыгынын натыйжасында жабырлануучунун (үчүнчү жактардын) өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян келтирилгендиги үчүн камсыздандырылуучунун жарандык-укуктук жоопкерчилиги орун ала тургандыгынын фактысы таанылат.
6. Камсыздандыруу полиси Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулат.
7. Камсыздандыруу сый төлөмү: _________________________________________________ сом.
8. Өзгөчө белгилер: ________________________________________________________________
Келишимдин түзүлгөн датасы: "___" ___________ 20___-ж.
Камсыздандырылуучуга автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежеси, Кыргыз Республикасындагы камсыздандыруучунун өкүлдөрүнүн тизмеси тиркемеге ылайык жана камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун жана (же) автотранспорт каражатын башкарууга уруксаты бар адамдын аракеттеринин тартиби берилди.
Камсыздандырылуучу: |
| Камсыздандыруучу/камсыздандыруучунун өкүлү: | |
________________________ |
| ________________________ | _______________________________ |
(колу) |
| (колу) | (аты-жөнү) |
| "___" ___________ 20___-ж. |
|
| (полистин берилген датасы) |
|
|
| Камсыздандыруу полисине 1-тиркеме |
Камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандырылуучунун жана (же) автотранспорт каражатын башкарууга уруксат берилген адамдын аракеттеринин ТАРТИБИ
1. Жол-транспорт кырсыгы болгондо ага катышкан айдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- автотранспорт каражатын дароо токтотууга (орундан жылбоого), авариялык жарык берүү белгисин күйгүзүүгө жана авариялык токтоп калуу белгисин коюуга (жымыңдаган кызыл фонарды), окуяга тиешеси бар буюмдарды жылдырбоого жана камсыздандыруу чыгымын азайтуу үчүн чараларды көрүүгө;
- жабырлануучуларга врачка чейинки медициналык жардамга көрсөтүү чараларын көрүүгө. Медициналык тез жардамды чакырууга, ал эми өтө шашылыш учурларда жапа чеккен адамды тиешелүү багытта бараткан автотранспортко салып жиберүүгө, бул мүмкүн болбогон учурда өз автотранспорт каражаты менен жакынкы дарылоо мекемесине жеткирүүгө, өзүнүн аты-жөнүн, автотранспорт каражатынын каттоо белгисин билдирүүгө (ким экендигин ырастаган документти жана автотранспорт каражатынын каттоо документин көрсөтүү менен) жана кырсык болгон жерге кайтып келүүгө;
- эгерде башка автотранспорт каражаттарынын кыймылы торолсо, жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотууга. Өтүүчү бөлүктү бошотууга жана жапа тарткан адамдарды өзүнүн автотранспорт каражаты менен дарылоо мекемесине жеткирүү зарыл болгон учурда автотранспорт каражатынын абалын, кырсыкка тиешеси бар издерди жана буюмдарды күбөлөрдүн көзүнчө алдын ала белгилеп коюуга жана аларды сактоого жана кырсык болгон жерди айланып өтүүнү уюштуруу үчүн бардык чараларды көрүүгө;
- жол-транспорт кырсыгы жөнүндө жол кыймылдын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана зарыл болгон учурда, тиешелүү компетенттүү органдарга (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өрт өчүрүү кызматына жана башка авариялык куткаруу кызматтарына) дароо билдирүүгө;
- күбөлөрдүн аты-жөнүн жана даректерин жазып алууга жана жол кыймылынын коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин келишин күтүүгө;
- мүмкүн болушунча, окуя болгон жерди, автотранспорт каражаттарын, алардын жол-транспорт окуясына тиешелүү бузулган жерлерин фото жана видеого тартууга.
2. Камсыздандыруу окуясы келип чыкканда камсыздандырылуучу (ыйгарым укуктуу айдоочу) төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө 3 жумуш күндөн кечиктирбестен камсыздандыруучуга билдирүүгө (телефон, факс, электрондук почта аркылуу, кийин кабардын жазуу жүзүндөгү түп нускасын жөнөтүү менен);
2) жол-транспорт кырсыгы болгондо жабырлануучуларга, пайда табуучуларга, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарына милдеттүү камсыздандыруу келишими түзүлгөн камсыздандыруучу жөнүндө маалыматтарды билдирүүгө;
3) жол-транспорт кырсыгы болгондо мүмкүн болуучу чыгымдарды болтурбоо же азайтуу үчүн түзүлгөн жагдайларда алгылыктуу жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө, анын ичинде жабырланган адамдарды куткаруу жана аларга жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүүгө;
4) жабырлануучу жана пайда табуучу камсыздандырылуучуга карата доо арызын сотко бергендиги жөнүндө камсыздандыруучуга 5 жумуш күндөн кечиктирбестен билдирүүгө;
5) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкер жакка карата регресстик талап укугунун камсыздандыруучуга өтүшүн камсыздоо.
3. Камсыздандырып ордун толтуруу жөнүндө арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
1) милдеттүү түрдө берилүүчү документтер:
- камсыздандыруу полиси (анын дубликаты);
- жол-транспорт кырсыгынын схемасынын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жол-транспорт кырсыгы жөнүндө маалымкаттын белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- алкоголдук, баңгизаттык жана токсиндик мас болуу абалын күбөлөндүргөн протоколдун белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- пайда табуучунун паспортунун көчүрмөсү (жеке жак үчүн) же юридикалык жактын өкүлүнө берилген ишеним каттын түп нускасы;
- автотранспорт каражатын башкарган адамдын айдоочулук күбөлүгүнүн көчүрмөсү жана ошол автотранспорт каражатын башкаруу укугун ырастаган документтин көчүрмөсү;
2) жабырлануучунун өмүрүнө, ден соолугуна зыян келтирилген учурда кошумча түрдө төмөнкүлөр берилет:
а) жабырлануучунун эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготушунун мүнөзү жөнүндө мамлекеттик медициналык мекеменин маалымкаты же жабырлануучунун майыптыгын аныктоо жөнүндө атайын мамлекеттик мекеменин маалымкаты, майыптыгы аныкталганда - жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждыгы тууралуу;
б) эгерде жабырлануучунун медициналык жардамдын түрлөрүн алууга муктаж экендиги жана аларды акысыз алууга укугу жок экендиги аныкталса, ал тарткан медициналык чыгымдарды (стационардык дарыланууга кошумча төлөм чыгымдары, дары-дармектерди сатыл алууга. кошумча тамактанууга, протездөөгө) ырастоочу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген документтер (эсеп-фактура, төлөөгө эсептер, чектер (кассалык, товардык), коштомо жана башка документтер);
в) камсыздандыруу окуясынын натыйжасында эмгекке жарамдуулугун жоготкондугунан улам жабырлануучу албай калган эмгек акыны (кирешени) же эмгек акынын бөлүгүн (кирешени) ырастаган документтер;
г) жабырлануучу каза болгон учурда - жабырлануучунун каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариус аркылуу ырасталган көчүрмөсү, ошондой эле пайда табуучунун мураска укугу жөнүндө документтин нотариус аркылуу ырасталган көчүрмөсү;
3) жабырлануучунун мүлкүнө зыян келтирилген учурда - мүлктү оңдоого (калыбына келтирүүгө) жумшалган чыгымдарды ырастаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык таризделген документтер (эсеп-фактура, төлөөгө эсептер,чектер (кассалык, товардык), коштомо документтер жана башка документтер), ошондой эле зарыл учурларда, жол-транспорт кырсыгы жөнүндөбилдирүү. Келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоо документтери кошумча түрдө берилет.
Эскертүү: камсыздандыруу полисинин бланкы бирдей юридикалык күчкө ээ болгон мамлекеттик жана расмий тилде чыгарылат.
|
| Камсыздандыруу полисине 2-тиркеме |
_________________________________________________________________________________________________ (камсыздандыруучунун аталышы, анын почталык дареги, байланыш каражаттары жана иштөө убактысы)
Кыргыз Республикасында камсыздандыруучунун өкүлдөрү
Облустун, шаардын, райондун, айылдын аталышы | Почталык дареги, жайгашкан жери | Өкүлдүн аталышы | Байланыш каражаты | Иштөө убактысы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежесине 3-тиркеме |
Форма
Жол-транспорт кырсыгы тууралуу билдирүү
Графикалык көчүрмөсүн караңыз.
|
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежесине 4-тиркеме |
Форма
Камсыздандыруу окуясы жөнүндө билдирүү
20___-жылдын "___" ______________ №_____
1. Түз камсыздандыруучу тарабынан толтурула турган маалыматтар:
1) түз камсыздандыруучунун аталышы, жайгашкан орду, телефону жана банктык реквизити.
2) жабырлануучу деп табылган адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен жарандык-укуктук жоопкерчилиги келип чыккан адам тууралуу маалыматтар:
а) жеке адамдар үчүн: аты-жөнү, ким экенин ырастаган документ, дареги, камсыздандыруу полисинин номери, датасы, иштөө мөөнөтү;
б) юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышы, дареги жана банктык реквизити;
- камсыздандыруу полисинин номери, датасы, иштөө мөөнөтү.
3) транспорт каражаты тууралуу маалымат:
- транспорт каражатынын маркасы, модели;
- чыгарылган жылы;
- каттоо номери;
- жол-транспорт кырсыгы болгон учурда транспорт каражатын башкарган адамдын аты-жөнү.
2. Камсыздандыруу окуясы тууралуу маалымат:
- жол-транспорт кырсыгы болгон жер, датасы жана жагдайлары, административдик укук бузуу тууралуу ишти карай турган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- жол-транспорт кырсыгы болгондугу тууралуу маалымкат берилген күн:
- мүлккө келтирилген чыгашаларды баалоо актысы.
3. Башка маалыматтар ____________________________________________________
Камсыздандыруу окуясын кароого жооптуу адамдын аты-жөнү жана кызматы:
____________________________________________________________________
Колу: ___________________________________________________________________
Телефон: ________________________________________________________________
Мөөрдүн орду ____________________________________________________________
2-тарап
Жооптуу камсыздандыруучу тарабынан толтурула турган маалымат:
Түз камсыздандыруучу берген, камсыздандыруу окуясына күнөөлүү адам тууралуу маалыматты ырастоо (ырасталган/ырасталбаган):
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
____________________________________________________________________
Камсыздандыруу окуясын кароого жооптуу адамдын аты-жөнү:
Колу: ___________________________________________________________________
Телефон: ________________________________________________________________
Мөөрдүн орду ____________________________________________________________
|
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежесине 5-тиркеме |
Форма
Камсыздандыруу окуясын түз жөнгө салууда камсыздандырып ордун толтуруунун эсеби
20___-жылдын "___" ______________ №_____
1.Түз камсыздандыруучу толтурган маалыматтар:
1) Түз камсыздандыруучунун аталышы, жайгашкан орду, телефону жана банктык реквизити.
2) жабырлануучу деп таанылган адамдардын өмүрүнө ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүүнүн кесепетинен жарандык-укуктук жоопкерчилиги келип чыккан адам тууралуу маалыматтар:
жеке адамдар үчүн:
- аты-жөнү;
- ким экенин ырастаган документ;
- жашаган дареги;
- камсыздандыруу полисинин номери, датасы, иштөө мөөнөтү; юридикалык жактар үчүн:
- уюмдун толук аталышы, дареги жана банктык реквизити; -камсыздандыруу полисинин номери, датасы, иштөө мөөнөтү.
3) транспорт каражаты тууралуу маалымат:
- транспорт каражатынын маркасы, модели;
- чыгарылган жылы;
- каттоо номери;
- жол-транспорт кырсыгы болгон учурда транспорт каражатын башкарган адамдын аты-жөнү.
4) Камсыздандыруу окуясы тууралуу маалымат:
- жол-транспорт кырсыгы болгон жер, датасы жана жагдайлары, административдик укук бузуу тууралуу ишин карай турган ыйгарым укуктуу органдын аталышы;
- жол-транспорт кырсыгы болгондугу тууралуу маалымкат берилген күнү;
- мүлккө келтирилген чыгашаларды баалоо актысы.
5) Камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланыштуу чыгымдар ________________ (сом менен)
6) Жабырлануучунун (жабырлануучулардын) мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандыруу төлөмү _________________ (сом менен)
7) Көз карандысыз экспертизага (баалоого) кеткен чыгымдар ______________ (сом менен)
8) Башка маалыматтар _______________________________________
Жетекчинин аты-жөнү/колу ___________________________________ М.О.
2-тарап
2. Жооптуу камсыздандыруучу толтурган маалыматтар:
1) Жабырлануучунун (жабырлануучулардын) мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча камсыздандыруу төлөмү жооптуу камсыздандыруучу тарабынан __________ өлчөмүндө (сом менен) кайтарылып берилди, анын ичинде:
а) камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланыштуу чыгымдар ___________ (сом менен)
б) көз карандысыз экспертизага (баалого) кеткен чыгымдар _____________ (сом менен)
Камсыздандыруу төлөмү которулду:
а) түз камсыздандыруунун төмөнкү реквизиттер боюнча алыш-бериш эсебине _______________ (төлөм тапшырмасынын датасы жана номери)
б) түз камсыздандыруучунун кассасына: ______________________________ (кириштөө-кассалык ордеринин датасы жана номери)
Жетекчинин аты-жөнү/колу _______________________ ________ _________________М.О.
3. Баш тарткан учурда жооптуу камсыздандыруучунун маалыматтары:
1) Жабырлануучунун (жабырлануучулардын) мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча, камсыздандыруу төлөмү жооптуу камсыздандыруучу тарабынан ______ өлчөмдө кайтарылып берүүдөн баш тартылды, анын ичинде:
а) камсыздандыруу окуясын жөнгө салууга байланыштуу чыгымдар __________________ (сом менен)
б) көз карандысыз экспертизага (баалоого) кеткен чыгымдар ________________ (сом менен)
1) Баш тартуунун себептери ___________ (толтурууга милдеттүү)
2) камсыздандыруу төлөмү жооптуу камсыздандыруучу тарабынан төмөнкүдөй өлчөмдө кайтарылып берилди:
_____________________________________________________________________________________
(суммасы сом менен)
Камсыздандыруу өлчөмү которулду:
а) түз камсыздандыруучунун төмөнкү реквизиттери боюнча алыш-бериш эсебине
_____________________________________________________________________________________
(төлөм тапшырмасынын датасы жана номери)
б) түз камсыздандыруучунун кассасына:
_____________________________________________________________________________________
(кириштөө-кассалык ордеринин датасы жана номери)
Жетекчинин аты-жөнү/колу _______________________ ________ _________________М.О.
|
| Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежесине 6-тиркеме |
Формалар
1) Жазып берилген полистердин реестри
№ | Камсыздандыруу полистеринин бланктары жөнүндө маалымат | Камсыздандырылуучу | Камсыздандыруу мезгили | |
сериясы | номери | |||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
2) Камсыздандыруу полистеринин бузулган бланктарынын реестри
№ | Камсыздандыруу полистеринин бланктары жөнүндө маалымат | Бланктарды бузган күнү | |
сериясы | номери |
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
3) Камсыздандыруу полистеринин жараксыз бланктарынын реестри
№ | Камсыздандыруу полистеринин бланктары жөнүндө маалымат | Камсыздандыруу полисин жараксыз деп тааныган күнү | Камсыздандыруу полисин жараксыз деп таануу үчүн себеп | |
сериясы | номери |
|
| |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
4) Камсыздандыруу полистеринин жоголгон бланктарынын реестри
№ | Камсыздандыруу полистеринин бланктары жөнүндө маалымат | Камсыздандыруу сыйлыгынын өлчөмү | Жоготуу/уурдатуу/бузулуу | Негизи (жоготуу)/уурдатуу/бузулуу | Бөлүмдүн аталышы/бланкты жоготкон адамдын аты-жөнү | Бланкттарды уурдатууга/жоготууга байланыштуу көрүлгөн чаралар | |
сериясы | номери | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
5) Камсыздандыруу полистеринин пайдаланбаган бланктарынын реестри
| Камсыздандыруу полистеринин бланктары жөнүндө маалымат | ||
| саны | сериясы | номери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|