Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 7-октябры № 613-т
Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары тарабынан адистештирилген техника сатып алуу үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы № 1-Б буйругу менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобонун 312-пунктунун бешинчи абзацына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары даярдоочу заводдор, өндүрүүчүлөр же берүүчүлөр менен адистештирилген техника сатып алуу боюнча контракт (келишим) түзгөндөн кийин контракттын (келишимдин) суммасынан 20дан 50 пайызга чейинки аванстык төлөмдү төлөөгө укуктуу деп белгиленсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалары бул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |