Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 токтомуна) |
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын пайдалануу жана автоматташкан маалыматтык борборду түзүү, иштетүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын пайдалануунун жана автоматташкан маалыматтык борборду түзүүнүн, иштетүүнүн тартибин аныктайт.
2. Автоматташкан маалыматтык борборду түзүүнүн максаттары болуп автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууну (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды эсепке алуунун жана идентификациялоонун бирдиктүү системасынын негизинде маалымат базасын түзүү, ошондой эле маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу жолу менен статистикалык байкоо салууну уюштуруу саналат.
Маалымат базасы ар бир статистикалык бирдик боюнча статистикалык маалыматтарды эсепке алуу функциясын аткарат, алар жөнүндө кыскача маалыматты камтыйт жана статистикалык байкоо салуунун жыйындысын түзүүгө негиз болот, камсыздандыруу тарифтерин, камсыздандыруу суммаларын жана камсыздандыруу төлөмдөрүн негиздүү эсептөөгө өбөлгө түзүп, пайдалануучулардын автоматташкан маалыматтык борбордун маалыматтары менен маалыматтык-сурап билүү аракеттенүүсүн камсыз кылат.
3. Автоматташкан маалыматтык борбордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- камсыздандыруунун субъекттеринин ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын түзүүнү, толуктоону, өзгөртүүнү жана алмашууну уюштуруу;
- милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматтар базасынын талаптагыдай жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
- милдеттүү камсыздандыруу системасынын катышуучуларына маалымат базасынын маалыматтык ресурстарын пайдаланууга бирдей жетүүсүн камсыз кылуу;
- милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасын материалдык-техникалык жактан колдоо жана өнүктүрүү.
2-глава. Автоматташкан маалыматтык борборду түзүүнүн тартиби
4. Автоматташкан маалыматтык борбор коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруучулардын бирикмеси тарабынан коммерциялык эмес уюм түрүндө милдеттүү каржылануу, өз ара аракеттенүү жана милдеттүү камсыздандыруу системасынын катышуучуларынын ортосундагы маалымат алмашуу шартында түзүлөт.
5. Автоматташкан маалыматтык борбор өзүнүн ишин "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзөт.
6. Автоматташкан маалыматтык борбордун ишин уюштуруу жана анын тартиби, функциялары жана башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары автоматташкан маалыматтык борбордун уставы менен белгиленет (мындан ары - Устав).
7. Автоматташкан маалыматтык борбордун жетекчисине жана кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптар Уставда белгиленет.
Мурда соттолуп чыккан адамдар автоматташкан маалыматтык борбордун жетекчиси же кызматкери боло албайт.
3-глава. Автоматташкан маалыматтык борбордун иштөө тартиби
8. Мамлекеттик органдардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жана жеке адамдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча автоматташкан маалыматтык борбор ушундай суроо-талапты алган күндөн тартыл 30 күндүн ичинде милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө жеке маалыматты камтыбаган маалыматтарды берет.
9. Автоматташкан маалыматтык борбор "'Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" жана "Электрондук башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке маалыматтарды коргоонун уюштуруу жана техникалык чараларын көрүүгө жана камсыз кылууга милдеттүү.
10. Автоматташкан маалыматтык борбордун кызматкерлери өз милдеттерин аткаруунун натыйжасында аларга белгилүү болгон маалыматка карата камсыздандыруу сырын жана жашырындыгын сактоого милдеттүү.
11. Автоматташкан маалыматтык борбор мамлекеттик органдардан, мамлекеттик эмес уюмдардан жана жеке адамдардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча электрондук маалымат сактагычтар, телефон жана факс аркылуу билдирүүлөрдү күнү-түнү кабыл алууну уюштурат жана камсыз кылат.
Келип түшкөн маалыматтар автоматташкан маалыматтык борбордун архивинде келип түшкөн учурдан баштап бир календардык жылдын ичинде сакталууга тийиш.
4-глава. Автоматташкан маалыматтык борбордун маалымат базасын пайдалануу тартиби
12. Автоматташкан маалыматтык борбордун маалымат базасын пайдалануучулар маалыматтык портал менен персонификациялуу жетүү аркылуу пайдаланышат.
13. Маалыматтык порталга жетүүнүн деңгээли боюнча пайдалануучулар төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- камсыздандыруучуулар;
- камсыздандыруучулардын коомдук бирикмеси;
- камсыздандыруу ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- башка мамлекеттик органдар же мамлекеттик ишканалар.
14. Автоматташкан маалыматтык борбордун маалымат базасынын маалыматтык ресурстарына жетүүнүн тартиби жана шарттары автоматташкан маалыматтык борбор менен пайдалануучулардын ортосунда түзүлүүчү маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуу менен аныкталат.
15. Мамлекеттик органдар жана мамлекеттик ишканалар болуп саналган пайдалануучулар автоматташкан маалыматтык борбордун маалымат базасын акысыз негизде пайдаланышат.
16. Автоматташкан маалыматтык борбор пайдалануучулар менен ушул Жободо жүктөлгөн милдеттерге жана максаттарга жетүү үчүн гана маалымат алмашат.
17. Камсыздандыруучулар автоматташкан маалыматтык борборго түзүлгөн милдеттүү камсыздандыруу келишимдеринин саны, камсыздандыруу учурларынын саны жана мүнөзү, камсыздандырып ордун толтуруу, камсыздандырып ордун толтуруудан баш тартуу, жабырлануучулардын жана пайда алуучулардын каралып жаткан жана жөнгө салынбаган дооматтары жөнүндө маалыматтарды камсыздандыруу отчетторун алуу жана маалымат берүү жөнүндө келишиминде каралган тартипте, мөөнөттө жана көлөмдө маалымат берүүгө милдеттүү.
18. Автоматташкан маалыматтык борбордун пайдалануучулары болуп саналган камсыздандыруучулар автоматташкан маалыматтык борбордун ишин маалымат алмашуу жөнүндө макулдашууда белгиленген тартипте толук жана өз убагында каржылап турууга милдеттүү.
20. Автоматташкан маалыматтык борбор маалымат алмашуу жөнүндө макулдашуунун шарттарын бузган камсыздандыруучулар үчүн милдеттүү камсыздандыруунун маалымат базасына жетүүнү чектөөгө же тыюу салууга укуктуу.
21. Автоматташкан маалыматтык борбордун пайдалануучуларына маалымат базасындагы ар кандай маалыматты, ошондой эле милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууда аларга белгилүү болуп калган бардык маалыматтарды кимдир бирөөгө сатууга, жарыялоого же өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
5-глава. Корутунду жоболор
17. Автоматташкан маалыматтык борбор милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат базасындагы маалыматтык ресурстарды түзүүдө жана алууда милдеттүү камсыздандыруу системасынын катышуучусу болгон камсыздандыруучулардын катышуусуна бирдей шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.