Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 257 токтомуна) |
Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу системасындагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык аракеттенүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу) системасындагы мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын өз ара аракеттенүү тартибин регламенттейт.
2. Ушул Жобонун максаты милдеттүү камсыздандыруу механизмин ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат.
3. Милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдар жана башка уюмдар болуп төмөнкүлөр саналат:
- автоматташкан маалыматтык борбор;
- өзүнүн ишин милдеттүү камсыздандыруунун алкагында жүргүзгөн көзкарандысыз эксперттер;
- камсыздандыруучулардын бирикмеси;
- камсыздандыруу арбитри;
- камсыздандыруучулар;
- финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
2-глава. Милдеттүү камсыздандыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын башка уюмдардын аракеттенүү тартиби
4. Автоматташкан маалыматтык борбор камсыздандыруучулардын, жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча төмөнкүдөн маалыматтарды берет:
- кайрылган адамдарга карата милдеттүү камсыздандыруунун түзүлгөн келишимдери жөнүндө маалыматтар;
- кайрылган адамга тиешелүү камсыздандыруу учурлары, камсыздандыруунун ордун толтуруу суммалары же камсыздандыруунун ордун толтуруудан баш тартуу жөнүндө маалыматтар;
- кайрылган адамга карата жөнгө салынбаган дооматтар жөнүндө маалыматтар.
5. Камсыздандыруучулардын бирикмеси камсыздандыруучулардын, жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган уюмдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча кепилдик төлөмдөр төлөнгөнү жөнүндө маалыматтарды берет.
6. Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруучулардын, жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды берет:
- жол-транспорт кырсыгы жана анда жабыр тарткан адамдар жөнүндө маалымкатты;
- окуя болгон жерди кароо схемасынын көчүрмөсүн;
- автомототранспорт жана электр транспорт кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибин бузуулар жөнүндө протоколдордун көчүрмөлөрүн;
- ЖТК катышуучусу болгон айдоочулардын медициналык күбөлөндүрүүнүн көчүрмөсүн;
- ЖТКга катышкан транспорт каражаттарын кароо актыларынын көчүрмөлөрүн;
- автомототранспорт жана электр транспорт кыймылынын жана аларды зксплуатациялоонун коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү башкаруу тартибин бузуулар жөнүндө токтомдун көчүрмөлөрүн;
- жол-транспорт кырсыгы болгон жерден жашырынып кетип калган адамдар жөнүндө маалымат.
7. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруучулардын, жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча жол-транспорт кырсыгына байланыштуу тез медициналык жардам көрсөтүү үчүн кайрылган же жеткирилген адамдар жөнүндө маалыматты берет.
8. Өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган камсыздандыруучулардын, жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу. Системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча жол-транспорт кырсыгына байланыштуу авариялык-сактоочу кызматтардын чыгып келишин жана жабыр тарткандарга жардам көрсөткөндүгүн ырастаган маалыматтарды берет
9. Милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын ортосундагы маалыматтык аракеттенүү маалымат алмашуу тууралуу макулдашуунун негизинде электрондук өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
10. Камсыздандыруучулардын, жабырлануучулардын жана (же) пайда алуучулардын, ошондой эле милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаабы боюнча көз карандысыз эксперттер кайрылган адамга таандык мүлккө карата жүргүзүлгөн көз карандысыз экспертиза жөнүндө маалыматтарды берет.
3-глава. Милдеттүү камсыздандыруу системасында документтерди тариздөөнүн тартиби
11. Ушул Жободо аталган документтер жана маалыматтар милдеттүү камсыздандыруу системасына тартылган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ортосунда акысыз негизде таризделет жана берилет.
12. Мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ортосундагы милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалымат, ушундай маалыматты берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү жана (же) электрондук арыздын негизинде таризделет жана алынат.
13. Мамлекеттик органдын же мамлекеттик эмес уюмдун жооптуу кызматкерлери белгиленген тартипте тийиштүү арызды же суроо-талапты кабыл алып, суралган маалыматты өзүнүн компетенциясынын чегинде беришет.
14. Суралган маалыматты кагаз түрүндө берүү милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө башка ченемдик укуктук актылары менен регламенттелбеген учурларда, маалымат берүү жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып беш жумуш күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.
15. Суралган маалыматты электрондук түрдө берүү, милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө башка ченемдик укуктук актылары менен регламенттелбеген учурларда, арыз келип түшкөн учурдан тартып эки жумуш күндөн ашпаган мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.